Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Стокгольмдогу чабуулга шектүүнүн агасы камалды


Стокгольмдогу терактка шектелип жаткан Рахмат Акилов
Стокгольмдогу терактка шектелип жаткан Рахмат Акилов

23-апрелде Өзбекстандын коопсуздук кызматы Стокгольмдогу терактка шектелип жаткан жарандын тууганын камакка алды.

Өткөн жекшембиде атайын кызмат Стокгольмдогу чабуулга шектелип жаткан Рахмат Акиловдун Самарканддын Янги хаёт айылында жашаган 44 жаштагы агасы Алим Акиловду үйүнөн кармап кеткен.

Жакындарынын айтымында, өздөрүн Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү катары тааныштырган үч адам келишкен. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына атын атагысы келбеген тууганы Алим Акилов кандай айып менен кармалганынан маалыматы жок экенин айтты.

- Биз аны эмнеге кармап кеткенин билбейбиз. Балким ал инисинин иштерине тиешеси бардыр. Алим бир топ күн кыйналып жүргөн. Швецияга барып Рахматтын сотуна катышууну пландап жаткан, - деди Акиловдун бир тууганы.

Ошол күнү Швецияда полиция менен атайын кызматтын биргелешкен операциясында 7-апрелдеги чабуулга катыштыгы бар деген шек менен бир киши кармалганы кабарланды. 24-апрелде полиция тараткан маалымат кагазында:

Дроттнинггатан көчөсүндөгү теракттан кийин бир топ жашыруун материалдар иликтенип, жыйынтыгында дагы бир адам кармалды”, - деп жазылган. Бирок кармалган шектүү жөнүндө толук маалымат ачыкталган эмес.

Швециялык Expressen басылмасы өз булагына таянып, кармалган киши чечен согушкерлери менен байланышы бар деп жазып чыкты. Басылманын полициядагы өз булагынын маалымдашынча, сурак маалында Стокгольмдогу чабуулду Рахмат Акилов “Ислам мамлекети” террордук тобунун тапшырмасы менен аткарганын билдирген. Акилов терактты бир жума мурун пландаганын да моюнуна алган.

“План боюнча жардыруучу зат орнотулган автоунаа жарылмак. Ал ишке ашпай калгандан кийин канжалаган Акилов кылмыш болгон жерден качып кеткен жана “Ислам мамлекети” террордук тобундагы согушкерлер менен орус тилинде Telegram'да байланышкан”, - деп жазат Expressen басылмасы.

39 жаштагы өзбекстандык башкарган жүк ташуучу автоунаа 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Курулушта иштеген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалган. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, он беши жараат алган.

Акилов 2014-жылы Швецияда туруктуу жашоо макамын сурап кайрылган. 2016-жылы анын өтүнүчү четке кагылып, 24-февралдан баштап депортациядан качып жүргөн адам катары ага издөө жарыяланганы маалым болду.

Ал эми Өзбекстан Батыш өлкөлөрүн Стокгольмдогу терактка шектелип жаткан Рахмат Акилов жараткан коркунуч тууралуу алдын ала эскерткенин билдирген. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2014-жылы Швецияга кеткенден кийин аны "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму өз катарына тартканы айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG