Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

Өзбекстан Чек ара кызматына көмөкчү коомдук топторду түзө турган болду. “Чек ара кошуундары” деп аталган топтордун мүчөлөрү Өзбекстандын чек ара тилкелерин коомдук башталышта кайтарууга алышат.

Чек арачыларга жардам бермекчи болгон кошуун мүчөлөрү эгер аткезчиликти байкап калса, Бажы кызматына да маалымат берип турмакчы.

Өзбекче «Чегара посбонлари», кыргызчалаганда “Чек ара кошуундары” деп аталган топтор тууралуу жобону өзбек өкмөтү 30-сентябрда бекиткен.

Жобого жараша атайын тандалып алынган атуулдардан аймактарда топтор түзүлүп, алар коомдук башталышта Өзбекстандын мыйзамынын алкагында чек арага көзөмөл кыла башташат.

Көмөкчү топтор чек ара кызматынын иш-планына ылайык, адегенде кошуна турган өлкөлөр менен чектешкен тилкелерде ишин баштайт.

Баш-аягы 18 пункттан турган жободо коомдук жардамчылардын вазийпасы негизинен көзөмөлдөөчү мүнөзгө ээ. Ошондой болсо да алардын арасынан атайын даярдыктан өтүп, же өзүн мыкты көрсөткөндөрү кылмышкерлерди, чек араны мыйзамсыз өткөндөрдү кармоо иштерине тартылат.

“Чек ара кошуундары” бир эле чек ара кызматы менен иштебестен, түздөн-түз Улуттук коопсуздук жана Бажы кызматтары менен да иш алып барат. Айрыкча Өзбекстандын аймагына жашырынган кылмышка шектелгендерди калктуу пункттардан издөөдөгү жана аткезчилик менен алектенген алыпсатарларды аныктоодо алардын орду баса көрсөтүлгөн.

Мыкты ыктыярчы кошуун мүчөлөрүнө атайын аскерий жабдуулар жана сыйлыктар берилери да жободо жазылган.

Буга үндөш чек ара аймактарында жашаган жай тургундарга курал берүүнү караган мыйзам долбоору Кыргызстанда да каралып жатат.

Жогорку Кеңеш “Ыйгарым укуктуу чек арачылар тууралуу” мыйзам долбоорду ушул жылдын башында талкуулап, биринчи окууда жактырган болчу. Бирок курал-жарак кимдерге жана кандай шартта берилери так көрсөтүлгөн эмес деген жүйө менен кайра комитетке кайтарылган.

Чек ара маселелери боюнча эксперт Хаитали Айкынов эки өлкөнүн жогорудагы мыйзам-жоболору ишке ашса, анын пайдасы да, зыяны болот деген пикирде. Ал кандай болгон күндө да элге курал берүү али эртелик кылат деген көз карашта:

- Чек арада жашаган элдин арасында алдын ала маалымдоо же профилактикалык иштерди, мамлекеттик өкүлдөрдүн колу жана үнү жетпей жаткан аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө алардын пайдасы чоң. Терс жагы, биздин шартта, азыркы кырдаалда көмөкчү чек арачыларга курал берүү эртелик кылат.

Учурда Кыргызстан боюнча 100гө жакын ыйгарым укуктуу чек арачы бар. Алар негизинен чек арага жакын алыскы, тоолуу аймакта жашаган малчылар, токойчулар болуп саналат. Алардын иш тартиби Чек ара кызматынын атайын жобосу менен жөнгө салынат жана бул документте курал берүү жагы каралган эмес.

XS
SM
MD
LG