Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Догдур пахтага кеткенде ымыркай чарчап калды


Иллюстративдик сүрөт. Самарканддагы ооруканалардын бири.
Иллюстративдик сүрөт. Самарканддагы ооруканалардын бири.

Өзбекстандын Гузар райондук ооруканасынын дарыгерлери жапырт пахта теримге айдалгандыктан, толгоосу бышып төрөт үйүнө түшкөн 21 жаштагы келин ымыркайынан айрылып калды.

Кейиштүү окуя Кашкадарыя облусунун Гузар районунда болгон. Толгоосу башталган Умида Калиева ооруканага 28-сентябрда түшкөн.

- 28-сентябрда, таңкы саат төрт чамасында келиним толгото баштады. Тез жардам чакырып, ооруканага жеткирдик. Аны күзөттөгү дарыгер кабыл алып, төрөткө эрте экенин айтты. Андан кийин бирөө да келип караганга жараган жок. Ошентип тогуз саат өткөндөн кийин биз жалынып-жалбарганда гана башка врач келди. Ал дагы эрте деп койду. Бул маалда келинимдин абалы начарлап, кансырап, куса баштаган. Мен медайымдарга жалдырап дарыгерди чакырууну сурандым. Бирок алар врачтар жок экенин айтышты. Ошентип 29-сентябрда гана келимдин төрөтүн кабыл алышты. Ал маалда келинимдин шайы ооп калган, - деди небересинен айрылган Норгүл Нурматова “Азаттыктын” өзбек кызматына.

Нурматованын айтымында, келин бала жарыкка келгенде эле эс-учун жоготуп койгон. Ымыркайды болсо дароо эле реанимацияга алып кетишкен.

- Келиним эс-учун жоготкондо ары-бери чуркап калышты. Бизден керектүү дары-дармек талап кылышты. Биз реанимацияга барсак, педиатрлар чылапчындагы киргилт сууну көрсөтүшүп: “Карагылачы, бала бир сутка мурда эле төрөлмөк экен, тон жарылып кетип, тумчугуп калыптыр. Биз бул сууну баланын ашказанынан зонд менен сордуруп алдык” деп айтышты. Колдон келген жардамын көрсөтөрүн кошумчалап, бизге дары-дармектин тизмесин беришти. Карызга акча таап, бардык дары-дармектерди алып келдик. Бирок эч нерсе жардам бербеди, баланы сактап кала албадык, - деп сөзүн улантты Норгүл Нурматова.

Илюсстративдик сүрөт.
Илюсстративдик сүрөт.

Гузар районунун төрөт үйүнүн башкы врачына эки күн бою байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми күзөттөгү дарыгерлердин бири, 21 жаштагы Умида Кулиеванын абалы азыр канааттандырарлык экенин, бирок баласын жоготуп алганын уккандан бери өзүнө келе албай жатканын билдирди:

- Мен төрөт кандай болгонун билбейм. Болгону оор болгонун, ымыркай чарчап калганын уктум. Азыр абалы канааттандырарлык. Кан басымы, дене табы нормада. Бирок капа болуп ыйлап жатат. Медайымдар абалына көз салып турат. Ал эми баланын чарчап калганынын себебин экспертиза аныктайт го.

Ымыркайдын атасы Шохрух Нурматов келинчеги тогуз ай бою дарыгерге текшерилип турганын, бардык анализдер боюнча эне-баланын саламаттыгы жайында болгонун айтты:

- Алар бизди алдашты. Дарыгерлер балам чарчап калгандан кийин, "тезирээк жерге берели" деп бизди сойдуруудан баш тартууга мажбур кылышты. Кайындарым кагазга кол койгондон кийин, биз да ошого бардык. Эми арызданабыз десек, билгениңерди кылгыла деп жатышат. Баламды өлтүрүштү, келинчегимдин абалы оор, карызга батып калдык. Алып келген дары-дармектерди колдонушкан деле жок. Эми башкы дарыгер Нигора Курбонова бизди тоготпой жатат.

Пахта терим, Өзбекстан
Пахта терим, Өзбекстан

Гузар райондук оорукананын башкы врачы Нормахмат Калонов “Азаттыктын” журналисттери чалган кезде пахта теримде жүргөнү маалым болду. Ал бул окуя тууралуу кабардар эмес экенин айтты:

- Мен силерден угуп атам. Эмне болуптур? Мен пахта терим башталгандан бери талаада жүрөм. Ооруканада эмне болуп жатканын билбейм, - деген Калонов бул окуяны териштирүүгө убада берди. Ошентсе да ал мындай болушу мүмкүн эместигин, анткени күзөттө сөзсүз дарыгерлер болорун кошумчалады:

- Ооруканада бардык аппараттар бар, шарт түзүлгөн. Жакында эле канализацияны толук оңдоп чыкканбыз.

Расмий статистикага ылайык, 2016-жылы өлкөдө жарык дүйнөгө келген ар бир миң баланын 18и чарчап калган. Өзбекстан өкмөтү эл аралык уюмдарга жиберген отчетторунда мамлекеттин бул тармагындагы абал дүйнө жүзүндөгү орточо көрсөткүчтөрдөн кыйла жакшыраак экенин белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG