Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Каримов Кытайга дарчаны ачмай болду


Президент Ислам Каримов (солдо) президент Си Цзинпин менен Бээжиндеги пресс-конференцияда. 19-август 2014

Президент Ислам Каримов (солдо) президент Си Цзинпин менен Бээжиндеги пресс-конференцияда. 19-август 2014

Акыркы жылдары сырт өлкөлөргө расмий сапарга өзү жалгыз барып жүрчү Ислам Каримов бул эрежесин Бээжинге барганда өзгөрттү. 76 жаштагы президентти зайыбы Татьяна Акбаровна колтуктап жүрдү.

19-20-август күндөрү визит учурунда Өзбекстан-Кытай ортосунда 6 миллиард долларлык келишимге кол коюлду. Ислам Каримов жана президент Си Цзинпин Борбор Азияны Кытай менен туташтырган газ куурунун (D салаасы) курулушун ылдамдаталы деп макулдашты.

Өзбекстандын борбордук банкы менен Кытай элдик банкы “валюталык своп” жөнүндө келишимге кол коюшту. Ага ылайык, өз ара төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн эки жак 700 млн. юан (114 млн. доллар) чегермек болушту. Бул Өзбекстанда иштеген кытайлык компаниялар үчүн өтө ыңгайлуу. Алар юань менен эсептеше алат. Ошол эле учурда Кытайга башка өлкөлөр менен сооданы жана инвестицияны доллар менен эмес, юань менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин Кытай тогуз мамлекет менен ушундай келишим түзгөн.

2013-жылы Си Цзинпин Өзбекстанга сапарга келгенде 15 млрд. долларлык келишимге кол коюлган эле. Кытайдын өкмөттүк "Синхуа" агенттиги жазгандай Ислам Каримовдун бул визити эки өлкөнүн мамилесин дагы беш жылга “цементтеди”. Мындай бекем кызматташтыкка Кытай тарап муктажбы же Ислам Каримовбу?

Өзбекстан коңшулары менен жакшы мамиледе болбой туруп, аймактын өнүгүшүнө кантип салым кошот? Экономика саясаттын уландысы деген кепти эске алсак, Кытай акырындап Шанхай кызматташуу уюмун да өз саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн пайдаланышы мүмкүнбү?

Бул жана башка суроолор экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев, окумуштуу-философ Эмил Каныметов жана өзбек журналисти Шухрат Бабажан катышкан “Биз жана дүйнө” программасында талкууланат.

Каримов менен чогуу Бээжинде Өзбекстандын 1-вице-премьер-министри Рустам Азимов да болду. Ал 19-августта Кытай компартиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Мэн Цзянчжу менен кездешти. Ал эки өлкө арасындагы өкмөттөр аралык комиссияны да жетектейт. Мэн Цзянчжу өзбек тарапты капитал салуу үчүн ачык-айкын, эркин инвестициялык жагдай түзүүгө чакырды. Буга чейин Орусиянын, Түштүк Кореянын, Германиянын компаниялары өзбек өкмөтү түрдүү механизмдер аркылуу алардын эркин шартта иштөөсүнө бөгөт коюп, ишмердүүлүгүн чектеп жатканын айтып, көп эле даттанганы маалым. Ташкент канчалык Кытай акчасына муктаж болсо да, инвестициялык климатты өзгөртпөсө, кытайларга иштеп тапкан акчасын алып чыгып кетүүгө кенен мүмкүнчүлүк бербесе, экономикалык долбоорлордун келечеги кандай болот? Мындай шартта Кытай Өзбекстанды каржылай береби? Өзбекстан бул жолу кытайлык компаниялар үчүн дарбазаны кенен ачып коебу?

"Синхуа" агенттигинин маалымдашынча, Ислам Каримов президент Си Цзинпин менен сүйлөшүүдө Ташкент Улуу Жибек Жолу экономикалык долбоорун жүзөгө ашырууга, аймактагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө активдүү катышат деп сөз берген.

Учурда Өзбекстандын Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан менен мамилесин ырааттуу өнүгүүдө, эки тарап экономикалык жактан жигердүү кызматташууда деп айтып болбойт.

Азыр Түркмөнстандын сырткы базарга саткан газынын 70 пайызын Кытай алат. Түркмөнстан менен Кытайды үч газ кууру бириктирет. Казакстан Кытайдын сегизинчи чоң мунай менен камсыздоочусу. Кытай жана Казакстан былтыр 30 млрд. долларлык келишимге кол койгон. Жакынкы Чыгыштан сырт дүйнөдөгү эң чоң мунай булактары эсептелген Кашаган кенинин акциясынын 8,3 пайызын Кытай сатып алган. Орусия келерки он жылда Кытайга 100 млн. тонна кара май сатат. Ал үчүн 85 млрд. долларлык келишим түзүлгөн.

Автордон түшүндүрмө: Дарча 1. Кичинекей терезе же терезе ордуна салынган кичинекей эшикче. 2. Терезенин ачылма көзөнөгү (форточка). Кыргыз тилинин сөздүгү. Бишкек-2010

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG