Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Өзбекстан ЖККУдан кайра чыгууда


ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун кезектеги саммитинде, Москва, 16-май, 2012-жыл
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун кезектеги саммитинде, Москва, 16-май, 2012-жыл

Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы мүчөлүгүн токтотуу ниетин расмий кабарлаганын уюмдун катчылыгы ырастады. Бул Өзбекстандын ЖККУдан экинчи ирет кетиши болот. Ташкентти азыр мындай кадамга эмнелер түртүшү мүмкүн?

Өзбекстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун катчылыгына жолдогон нотасынын мазмуну азырынча расмий ачыктала элек.

Ташкенттен ал ЖККУдагы мүчөлүгүн токтотору айтылган нота түшкөнүн 28-июнда “Азаттык” үналгысына уюмдун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов да ырастады.

Анын айтымында, учурда Өзбекстан жиберген документтердин укуктук жагы иликтенип, уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттерине баяндама даярдалууда.

Өзбекстандын ЖККУдагы мүчөлүгүн бул ирет токтотуп жатышы эски совет аймагынын андан башка алты өлкөсүнүн башын кошкон аскерий-саясий бирикме түзүлгөнүнүн жыйырма жылдыгына туш келди.

ЖККУ боюнча алгачкы келишимге 1992-жылы Ташкентте кол коюлган. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери өткөн айда эле Москвада мааракелик саммитке чогулган болчу. Ага президент Ислам Каримов да барган.

Тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустов “Азаттык” менен маегинде Өзбекстандын ЖККУдан кайрадан кетип жатышын уюмдагы мүчөлүк өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп бербей калганы менен түшүндүрдү:

​ ​- Азыркы кырдаалда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда туруу Ташкенттин улуттук кызыкчылыктарына жооп бербейт. Себеби аймакта Өзбекстан үчүн аскерий жана башка коркунуч жок. Андыктан Өзбекстандын улуттук кызыкчылыгы, президент Каримовдун режими үчүн ЖККУда калууга өзгөчө муктаждык жок.

Саймудин Дустов Өзбекстандын ЖККУдан кетип жатышынын азыркы себептерин АКШ жана НАТО аскерлеринин 2014-жылы Ооганстандан чыгышында Борбор Азиядан башкы өнөктөш болуу мүдөөсүнө да байланыштырды:

- Өзбекстан НАТО үчүн (Ооганстандан чыгууда) темир жол кызматын Борбор Азияда көрсөтө ала турган жалгыз аймак. Ал аскерий-техникалык жардам алууга ниеттенип жатканы түшүнүктүү. Иш жүзүндө ал АКШнын Борбор Азиядагы башкы өнөктөшүнө жана аскерий жактан кубаттуу өлкөгө айланат. Андыктан, менимче, Тажикстан менен Кыргызстандын жетекчилиги да тиешелүү жыйынтыктарды чыгарышы керек.

АКШ жана НАТО өлкөлөрү Ооганстандан чыкканда аскерий техникасынын бир бөлүгүн Борбор Азия өлкөлөрүндө калтыруу ниети бар болгонун ачыктаган. Алардын мындай пландарын Орусия жумшак айтканда жактырган эмес.

Бишкектик талдоочу Орозбек Молдалиев “Азаттык” менен маегинде Өзбекстан ЖККУга Анжияндагы кан төгүүнүн артынан Батышта Ташкент режимине каршы санкциялар киргизилгенден кийин кайра кошулганын эске салып, буларга токтолду:

- Өзбекстан күткөн маселелер Орусия тарабынан чечилген жок. Чкалов авиазаводуна инвестициядан баштап, башка маселелер боюнча да иштиктүү алга жылган кызматташтык болгон жок. ЖККУ жөнүндө өзбек президентинин “КМШ алкагындагы таасирдүүрөк эле уюм ЖККУ” деп айтканы бар. Демек ЖККУдан чыгып жатканы КМШда таасирдүү уюм жок дегени.

Талдоочу Орозбек Молдалиев кошумчалагандай, Өзбекстандын ЖККУдан кетиши анын Кыргызстан менен ансыз деле дымып турган алакасына таасир этпейт:

- Өзбекстан менен бизди ЖККУ деле, КМШ деле байланыштырган жок. Эки тараптуу кызматташтыктын негизинде гана мамиле жүрүп жатат. Өзбекстандын чыгып кеткенинен ЖККУ саясий жагынан гана уттурбаса, башка зыян деле тартпайт. Негизи ЖККУ кагаз жүзүндөгү эле уюм да.

Өзбекстан жети жылдык тыныгуудан соң 2006-жылы ЖККУга кайра кошулгандан кийин деле уюмдун алкагындагы айрым демилгелерден баш тартып келген. Маселен 2009-жылы уюм алдында Биргелешкен күчтөрдүн чукул чара көрүү тобун (КСОР) негиздөө боюнча документке Беларус менен бирге кол коюудан баш тарткан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG