Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Ош–Бишкек жолу убактылуу жабылды


Кар көчкүгө байланыштуу бүгүн эртең мененки саат алтыдан баштап Ош-Бишкек жолу жабылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.

- Учурда трассадан жеңил да, оор да унаалар өткөрүлгөн жок. Жол толугу менен жабык. Кар көчкү тазаланганга чейин “Сосновка” жана “Арал” бекеттери жабык болот.

Жолдун качан ачылаары белгисиз. Кырдаалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулардын жолго чыкпай туруусун өтүнүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG