Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

Өзбекстанда, Улуттук банк жарыялагандай, 1-февралдан тарта калкка эркин жүгүртүүдөгү чет элдик валюта, атап айтканда доллар накталай түрдө сатылбайт. Өзбек Улуттук банкынын бул жарыясы өз кезегинде “кара базарда” сумдун кунун кетирди.

Улуттук банк мунун максатын улуттук акча – сумдун ”өлкөдөгү жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты катары макамын көтөрүү”, “арам акча адалданышын алдын алуу боюнча эл аралык стандарттарды кармануу” деп чечмеледи.

Өзбек Улуттук банкынын ырастоосунда, мындай чара “жергиликтүү жана чет элдик тажрыйба терең иликтенген соң киргизилүүдө”. Өзбекстанда өлкө ичиндеги эсептешүүнү сумдан башка валюта менен жүргүзүү буга чейин эле мыйзамсыз деп саналчу. Бирок иш жүзүндө өкмөт эсептешүүлөрдө чет элдик валюта колдонулушу менен келишип келген. Демек Улуттук банктын акыркы жарыясы Ташкент бийликтери күнүмдүк каржы операцияларында сумдан башка акча колдонулушун чектөөгө чындап киришип калганынан кабар берсе керек.

Кошумча түйшүк

Улуттук банктын жаңы эрежелерине караганда, четке чыгууну каалаган жарандардын түйшүгү дагы көбөйчүдөй. Эми колуңдагы сумду курс кара базарга караганда төмөн коммерциялык банктардан нак долларга же еврго алмаштыра албайсың. Накталай эмес түрдө алмаштыруу үчүн да белгилүү бир шарттарды аткаруу керек.

Биринчиден, тигил же бул коммерциялык банкта эки эсеп болушу шарт. Бири сум, экинчиси чет элдик валюта үчүн. Экинчиден, чет элдик валютаны бир эсептен экинчиге которуу жолу менен гана сатып алыш керек. Үчүнчүдөн, чет өлкөгө чыккан кезде эсептеги акчаны VISA өңдүү эл аралык банк түйүнү аркылуу гана алса болот.

Өзбекстан Улуттук банкынын ысымын атоодон баш тарткан кызматкери “Азаттыктын” өзбек кызматына жаңы тартиптин чоо-жайы тууралуу буларды айтты:

- Чет элге кетип жатсаңыз VISA картасын алышыңыз зарыл. Адегенде банкка барып, арыз жазып, паспортуңуздун, билетиңиздин көчүрмөсүн тиркеп, сапарыңыздын максатын көрсөтөсүз. Сумду нак алып келсеңиз, аны банк эсебине саласыз. Анан алмашылган долларыңызды VISA карта аркылуу ала аласыз. Колуңузга нак акча берилбейт.

Эмгек мигранттар кантет?

Өзбек Улуттук банкы акча алмашуу жаатындагы жаңы тартипти жарыялагандан кийин эмгек мигранттары жана алардын туугандары катуу камтамага түшүп тургандай. Миллиондогон мигранттардан өлкөгө жылына миллиарддаган доллар келет.

Мигранттар банк же эл аралык акча которуу кызматтары аркылуу жөнөткөн каражатын туугандары буга чейин чет элдик валюта жана накталай түрдө ала алышчу.

Өзбек өкмөтү жаңы эрежеге ылайык, эмгек мигранттары чет өлкөдөн которгон каражаттар да банк эсептерине гана түшүп, анан аларды алмаштыруу талап кылынар-кылынбасы боюнча эч нерсе айта элек.

Ташкенттик экономист Дмитрий Поваров буга чейинки эреженин өзгөртүлүшүнө эл жеңил эле көнө койбойт деп эсептейт:

- Которулган акчаны алуу жагынан да чектөөлөр болот деген кеп-сөздөр бар. Дегеле мындай кеп –сөздөр жүрүп жатканына көп болуп калды. Которулган акча ошол учурдагы курс менен сумга алмаштырылып коюлат деген кеп –сөздөр бир жыл мурда эле чыккан. Кийинчирээк которулган акчанын баары эмес, анын 20, 30 же 50% алмаштырылат дешкен. Менимче эгер анда болсо, Өзбекстанда иштеп жаткан акча которуу системаларынын баары жөн эле жабылып калат. Бул система менен эч ким колдонбой койот. Банктар да акча которуулардан алып жаткан комиссиялык төлөмдөрдөн кол жууйт.

"Алгачкы таасир"

Өзбек Улуттук банкы киргизген жаңы эреженин алгачкы таасири адегенде эле “кара базардан” көрүндү. Өлкөдө илгертен эле эки башка курс бар. Биринчиси - Улуттук банктыкы, экинчиси - базардыкы. Коммерциялык банктар алмашуу курсун Улуттук банктыкына карап коюшат.

Коммерциялык банктардын курсу боюнча бир АКШ доллары 1-февралда 1980 сумга, ал эми “кара базарда” 3000 сумга бааланган.

Акча алмашуудагы жаңы эрежеден ириде майда соодагерлер жабыр тартат.

Акча алмашуудагы жаңы эрежеден ириде майда соодагерлер жабыр тартат.

Демек ортодогу айырма 30% ашты. Ал эми Улуттук банктын жарыясына чейин “кара базарда” бир доллар 2780 сумдан сатылып келген.

Кара базардагы курсту өз кезегинде майда ишкерлер, коңшу өлкөлөрдөн өз алдынча товар ташыган майда соодагерлер колдонушат. Бул катмарда белгилүү бир топтор монополдоштуруп алган коммерциялык банктардан долларды арзаныраак алуу мүмкүнчүлүгү жок.

Мындан сырткары долларга болгон суроо-талап калк арасында деле күчтүү. Анткени өзбекстандыктар деле инфляциядан коргоо үчүн жыйган-тергенин сум менен эмес, долларда сактагылары келишет.

Эгер валюта тартыштыгынан улам өзбек акчасынын базардагы курсу алдыда түшө бере турган болсо, кандайдыр бир жолдорду таап, Кыргызстандан акча алмаштырып кетүүнү көздөгөн өзбекстандыктар көбөйүшү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG