Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Өзбекстандагы парламенттик шайлоого эки апта убакыт калды. Бирок өлкөдө шайлоонун жана саясий күрөштүн шааниси адаттагыдай эле байкалбайт.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкө парламенти - Олий Межлистин төмөнкү, мыйзам чыгаруу палатасындагы 150 депутаттык үчүн 520 талапкер катталды.

Алар төрт саясий партия: Либерал-демократиялык, Элдик-демократиялык, Демократиялык “Миллий тикланиш” (Улуттук кайра жаралуу), Социал-демократиялык “Адолат” (Адилет) партиялары тарабынан көрсөтүлгөндөр.

Иш жүзүндө катталган 520 талапкер Олий Межлистеги 150 орундун 135и үчүн гана күрөшөт. Анткени он беш орун атайы Өзбекстандын Экологиялык кыймылы үчүн бекитилип берилген.

Өзбек мыйзамдары боюнча саясий партиялар жана алардын талапкерлери үгүт өнөктүгүн бюджеттен Борбордук Шайлоо комиссиясы аркылуу ажыратылып берилген каражаттын эсебинен гана жүргүзүшөт.

Шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Светлана Ортикова “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде саясий партиялар жана алардын талапкерлери үгүт иштерине коротуучу каражатка өтө дыкат байкоо салынарын белгиледи:

- Шайлоо алдындагы үгүт иштерине бөлүнгөн каражаттын сарпталышын, атаандаштык аракеттерин Борбордук шайлоо комиссия мониторинг кылып турат. Эгер тигил же бул талапкер, тигил же бул саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясы бөлгөн каражаттан ашыкча акча сарптап, көрнөк-жарнактарды чыгарса, комиссияда суроолор жаралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынат. Саясий партиялар жана талапкерлер муну жакшы билишет.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган тизмеге караганда, депутаттыкка талапкерлердин курамында мамлекеттик мекеме кызматчылары көп, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, мектеп мугалимдери, ишкерлер бар.

Өзбекстандык мурдагы дипломат жана журналист, учурда Швейцарияда жашаган Алишер Таксанов “Азаттык” менен маегинде талапкерлер кылдат текшерүүдөн өткөн соң гана бекитилерин айтат:

- Талапкерлер биринчи кезекте Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан текшерилет. Андан кийин гана партиялар аларды талапкер катары көрсөтөт. Макулдашылбаган адамдар тизмеге эч качан түшпөйт.

Алишер Таксанов "Азаттык" менен маегин улантып, Өзбекстандагы шайлоо өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу буларга токтолду:

- Адатта өнөктүк тикелей жүрбөйт. Талапкерлер жагымсыз суроолор берилип калабы, адамдар саясаттагы реалдуулукка шайкеш келбеген суроолорду берип же президенттик бийликтин турмушка жарамдуулугунан күмөн саноо менен чагым салышабы деп чочушат. Андыктан алар көбүнесе теледен күн мурутан режиссерлонгон спектаклге көңүл бурушат. Теледен сынчыл суроолор берилбеши кепилденген программаларда шайлоочуларды өздөрү үчүн добуш берүүгө чакырышат. Үгүттү жалпы жана нейтралдуу сөздөрдү айтуу менен гана жүрүзүшөт. Адамдарда реалдуу тандоо жок. Иш жүзүндө эгиз партиялардын кимиси үчүн добуш бербе шайлоочулар үчүн мунун эч айырмасы болбойт.

Ал эми Ташкенттин тургуну, ардагер публицист Шараф Убайдуллаев быйылкы өнөктүктө депутаттыкка талапкерлердин теледеги дебаттарын көргөндөрдүн бири. Ал “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде:

- Бир да партия мүчөсү дебаттарга чыкканда саясий партия бийлик үчүн күрөштүн формасы экенин айткан жок. Булар жалаң коммуналдык кызматтарды жакшыртабыз, жол оңдойбуз, салыкты арзандатабыз, электр менен газды өчүрбөйбүз дешет. Жарык менен газ үчүн акчаны төлөп иштете беребиз да. Партиянын анда бизге эмне кереги бар? Дүйнөгө карабайлыбы, Африкадан тарта башка алыс мамлекеттерде да партия бийлик үчүн күрөшөт. Бийлик үчүн күрөшпөсө, дагы жаңы депутаттар корпусунун эмне кереги бар? Мунусу артка кетүү болуп жатат. Бизде саясий партиялар алдакачан өз баасын алып бүткөн. Бир дагы депутат өткөн чейрек кылым аралыгында элдин эсинде кала турган пикир менен майданга чыга алган жок. Бирок кеп депутаттарда эмес, ошол майдан жок болуп атпайбы. Ал майданды куруу керек. Антпесе, мындай парламент бизге өтө кымбатка түшөт.

21-декабрда Өзбекстанда жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өткөнү турат.

Парламенттин жогорку палатасы – Сенаттагы 100 депутаттын 84ү жергиликтүү кеңештер аркылуу келет. Калган 16сын президент дайындайт.

Ушул аптада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоого байкоо салуучу чектелген миссиясынын алгачкы тобун Ташкентке жөнөттү.

Шайлоого ЕККУдан болгону 20 өкүл байкоо салат. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун өкүлү Рейчел Бендинг кабарчыларга билдиргендей, Өзбекстандын шайлоосунда атаандаштык болбогондуктан толук кандуу миссия жөнөтүүнүн зарылчылыгы жок деп табылды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG