Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Прокуратура Өмүрбек Текебаевге иш козгоду


Башкы прокуратура оппозициядагы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгоду. Көзөмөл орган Текебаевди 2010-жылы «Альфа Телеком» компаниясы боюнча орус ишкеринен 1 миллион доллар пара алган деп айыптоодо. «Ата Мекен» фракциясы бул айыптоону четке кагып, саясий куугунтук катары баалоодо.

Оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевге карата иш козголгону тууралуу кабарды түшкө жуук бийликке жакын маалымат агенттиктердин бири тараткан. Башкы прокуратура кечинде гана бул маалыматты ырастады.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча Текебаевге кылмыш иши коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кайрылуусунун негизинде козголгон.

Маевскийдин арызы

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Алмамбет Абдраманов “Азаттыкка” билдиргендей, УКМКга арыз менен Орусиядагы бир нече телекоммуникация компаниясынын кожоюну Леонид Маевский кайрылган.

"Белизгейт": аныгы менен арсары

"Белизгейт": аныгы менен арсары

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

- Арызда Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Маевскийди “Альфателекомдун” башкармалыгына киргизүү убадасы менен 1 млн долларды алганы айтылат. Берген акчага ылайык Леонид Маевский "Мегаком" сатылгандан кийин 10-15% кирешеге ээ болмок. Бирок "Мегаком" сатылбай калып, Өмүрбек Текебаев Маевскийдин 1 млн долларын кайтарып берген эмес жана маалыматты коомчулукка жарыялаган учурда Маевскийдин өмүрүнө коркунуч болорун айткан.

Учурда тергөө башталып, ишти алып баруу УКМКга жүктөлгөнү маалым болду. Мындан соӊ интернетке Леонид Маевскийдин бул иш боюнча видео тасмасы тарады.

Анда Маевский 2010-жылы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов менен бир нече жолу жолукканын жана 1 миллион доллар бергенин айтып берген.

Өмүрбек Текебаев учурда Австриянын борбору Вена шаарында депутаттык топ менен Европарламенттин жыйында жүргөнүн, өзүнө каршы козголгон иштен кабары жок экенин билдирди.

Ал 26-февралда гана Бишкекке учуп келе турганын, бирок ага карата козголгон иш УКМК тарабынан пландалганын кошумчалады.

"Бул курулай каралоо"

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын айрым мүчөлөрү бул бийликтин оппозициячыларды каралоосунун уландысы экенин айтып чыгышты.

Бул Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованы каралоонун уландысы. Жалпы коомчулук ушундай эле кабыл алат. Өзүнүн укугун коргоп алууга Текебаев да, «Ата Мекен» партиясынын да күчү жетет.
Каныбек Иманалиев

«Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында, Текебаевге тагылган айып негизсиз:

- Текебаев 25 жылдан бери саясатта жүрүп, мыйзамсыз ишке эч качан барбасын жакшы билем. Бул Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованы каралоонун уландысы. Жалпы коомчулук ушундай эле кабыл алат. Өзүнүн укугун коргоп алууга Текебаев да, «Ата Мекен» партиясынын да күчү жетет. Өмүрбек Текебаев азыр чет өлкөдө жүрөт, эртеңден тарта аны коргоо боюнча иштерди баштайбыз.

Ал эми арыздануучу Леонид Маевский атын атаган «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов айтылган маалыматтардын жалган экенин билдирди:

- Бул маалымат чындыкка жатпайт. Мен бул иш менен тааныша да элекмин.

Акыркы учурда президент Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы саясий пикир келишпестик күчөгөнү дайын болсо да, «Ата Мекендин» лидерине карата козголгон кылмыш иши күтүүсүз болду. Өлкөдөгү тажрыйбалуу саясатчылардын бири болгон Текебаевге иш козгоо коомдук-саясий абалга таасирин тийгизиши мүмкүн деген пикирлер айтылып келген эле.

Бийлик тобокелдикке бардыбы?

Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Эмилбек Каптагаевдин айтымында, кылмыш ишти козгоо менен бийлик чоӊ тобокелдикке барууда:

- Эми негизи жок туруп, улам бир нерсе чыгарып коомду козгой берсе аягы жакшылык менен бүтпөй калышы мүмкүн. Бул тарыхта канча жолу тастыкталганын көрбөдүкпү. Акыркы кырдаал тереӊ ойлонулбаган, этеги эмне, аягы эмне менен бүтөрүн билбей жасаган иштей болуп турат.

Президентке импичмент жарыялоо демилгеси

Президентке импичмент жарыялоо демилгеси

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо жол-жобосун баштоону сунуштады.

Эксперт Алмазбек Акматалиев бийлик мындай кадамга салмактуу далил таап барды деген пикирде:

- Меним оюмча, бийлик кылмыш иш козгоого негиз жок туруп, мындай кадамга барбаса керек. Себеби, эгер жалган чыкса, кырдаалдын өзгөрүп кетүү тобокелдиги бар. Ошондуктан, бийлик кайсы бир илинчекти таап, анан барышы мүмкүн.

Ал эми саясий эксперт Медет Тулегенов бул ишти бийликтин далилдерине көз каранды экенин айтууда:

- Албетте, окуянын өнүгүшүнө карап көрүшүбүз керек. Кылмыш ишин козгоп коюу бул бир иш. Эгер аны камакка алуу сыяктуу аракеттер башталаса окуя башкача өнүгүшү мүмкүн. Анда эл саясий куугунтук катары кабыл алышы мүмкүн.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин саясий тиреши былтыр Конституцияны өзгөртүү аракетинен соӊ башталган. Анын алкагында апрель окуяларынын кийинки талап-тоноочулук, “Белизгейт” деген ат менен таанымал “Мегакомдун” акциялары боюнча дооматтар айтылган.

Анда УКМК “Ата Мекендин” депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнү, бул Белиз өлкөсүнөн алынган документтерден улам ырасталганын билдирген эле.

Ал эми «атамекенчилер» бул иште бийликтин калпы чыкканын билдирип, өз документтерин жарыялаган.

Ошондой эле Текебаев Атамбаевдин Кой-Таш айылында салынып жаткан үйүнүн жеринин айрым чуулгандуу жагдайлары ачыкка чыккан.

Текебаев Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп чыгарын эскертип, президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн.

Мурдагы саясий өнөктөштөр ортосундагы чатак улам ырбап, ал эки тараптын бири-биринин дарегине компромат ыргытуусу менен коштолуп келет.

Өмүрбек Текебаев бийлик менен мамилеси бузулгандан кийин кылмыш иши козголгон «Ата Мекен» фракциясынын үчүнчү депутаты болуп калды. Буга чейин мурдагы баш прокурор, учурдагы депутат Аида Саляновага карата 2010-жылы Максим Бакиевдин жакыны Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп иш козголсо, өткөн аптада мурдагы юстиция министри, азыркы «Ата Мекендин» депутаты Алмамбет Шыкмаматовго карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.

"Ыңгайсыз суроолор": Саясий куугунтуктун илеби. 23-февраль, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG