Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

"Манас" аэропортунан Текебаевди күч органдары кармап кетти


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаевди күч органдарынын өкүлдөрү Стамбулдан келип конгон учактан чыгып аткан маалда кармап кетти. Бул тууралуу аны менен чогуу учуп келген жубайы Айгүл Текебаева "Азаттыкка" билдирди:

- Учактын чыга беришинде 10-15 киши күтүп туруптур. Баары жөнөкөй эле кийимчен экен. Мага эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Аны дароо эле башка эшикке киргизип кетишти.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаеав Венадан бүгүн таңкы саат 3тө учуп келди. Ал Австриянын борбор шаарында өткөн ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынынан катышкан.

25-февралда Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде иш козгоду. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир млн доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айткан. Бирок “Мегаком” сатылбай калып, Текебаев орус жаранына акчаны бербей койгон. Өмүрбек Текебаев өзүнө козголгон иштен кабары жок экенин билдирген. Ал өзүнө карата козголгон иш күтүлгөн, УКМК тарабынан пландалган экенин кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG