Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Текебаевдин жоопко тартылуусун талап кылган митинг өтөт


Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Митингди КСДПнын экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев бир нече коомдук уюмдар менен чогуу уюштурат. Иш-чарада “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жоопко тартуу талабы болорун Мискенбаев “Азаттыкка” билдирди:

-Текебаев жоопкерчиликке тартылсын. Үй камагына чыгарылбасын. Камалсын, жазасын алсын деп талап кылабыз. Мындан тышкары митингден түшпөй, сүйлөп жаткан коррупционер саясатчылар да кетсин. Алардын ордуна кыргыздын жаңы мууну, чет жакта окуп келген жаш, патриот балдарыбыз келсин.

Мээрбек Мискенбаевдин айтуусунда, митингге апрель окуясынын баатырлары жана жабырлануучулары катышат.

Мээрбек Мискенбаев апрель окуясында ар кандай жаракат алган жана окко учкан адамдардын тууган-уруктары кирген “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси. Учурунда бул уюмдун айрым мүчөлөрү Мискенбаевди “апрель жабырлануучуларына бөлүнгөн ири суммадагы акчаны кымырып алган” деп айыпташкан. Мээрбек Мискенбаев муну жалган жалаа деп атаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG