Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Баш мыйзам: эки фракция кетенчиктеди


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн акыркы варианты боюнча демилгечилердин арасында пикир келишпестик пайда болду.

Буга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүнүн демилгечилери болгон “Өнүгүү-Прогресс” жана “Бир Бол” фракцияларын лидерлери Баш мыйзам долбоорунун акыркы вариантына кол коюудан баш тартты.

Коомдук талкуудан соң өзгөртүлгөн Баш мыйзамдын акыркы вариантынын демилгечиси катары Социал-демократтар, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынын башчылары көрсөтүлгөн.

Буга чейин Баш мыйзамдын демилгечиси катары чыгып келген “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мындай чечимин фракция сунуштаган өзгөртүүлөрдүн Баш мыйзамга кирбей калганы менен түшүндүрдү:

- Биздин бир пункт боюнча өзгөртүү киргизүүнү сунуштаганбыз. Ал - өлүм жазасын киргизүү. Биз бул демилгени коомдук талкууга чыгарганбыз. Бардык жол-жоболорду сактоо менен регламенттин негизинде кетип баратабыз. Коомдук талкуу бүтсө, биз кол топтоону баштайбыз. Ал эми Баш мыйзамдын акыркы вариантына “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөлөрү кол койгон жок.

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Төрөбаев өз фракциялаштарынын кадамынан эч кандай саясат издөөгө негиз жоктугун билдирүүдө. Ал эми Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн автору болуудан “Бир Бол” фракциясы да баш тартты.

“Бир Бол” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Баш мыйзамды талкуулоо учурунда фракция бир пикирге келе алган эмес. Ошондуктан, “бирболчулар” эркин добуш берүү чечимин кабыл алышкан:

- Фракцияда Баш мыйзамдын акыркы варианты талкууга алынып, айрым беренелер боюнча фракция мүчөлөрүнүн позициялары ар түрдүү болду. Бирдиктүү чечимге келе албаганы үчүн фракция ар бир депутат бул маселе боюнча эркин добуш берсин деген чечимге келди.

Баш мыйзамдын акыркы вариантына “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөлөрү кол койгон жок.
Бакыт Төрөбаев

Эсеналиевдин айтымында, “Бир Болдун” 12 мүчөсүнөн бешөө буга чейин эле Баш мыйзамды өзгөртүүгө макулдугун билдирип, демилгечи катары кол коюп берген. Ошентип, Баш мыйзамды өзгөртүүнүн маанилүү этабына келген учурда айрым фракциялар артка чегинди.

Бийликчил Социал-демократтар фракциясы “Өнүгүү” менен “Бир Болдун” кадамын саясатка байланыштырууда.

Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди:

- Эми “Өнүгүү” өздөрү сунуштаган өзгөртүүлөргө макул болбогону үчүн кол койгон жок деген сөз болуп атат. Бирок мен кеп анда эмес деп ойлойм. Көбүнчө саясат болуп жатат окшойт. Эми андай өзгөртүүлөрдү бардык эле фракциялар сунуштадык. Талкуунун жыйынтыгында анын баары эле киргизилген жок. Мындан маселе чыгарууга деле керек жок болчу.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча сунушту июль айында КСДП, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” фракциялары сунуштап чыккан. Кийинчерээк бул сунушту "Бир Бол" фракциясы колдоору айтылган.

Андан бери талкуулар жүрүп, "Референдум жөнүндө” мыйзам долбоорун парламентте эки окууда кабыл алган. Эми Баш мыйзамды өзгөртүү жараяны акыркы чекке келген учурда айрым фракциялардын артка кетиши эмнеден кабар берет деген суроо бүйүр кызытууда.

Саясий эксперт Марс Сариевдин баамында, акыркы окуялар Баш мыйзамды өзгөртүүнүн негизги демилгечиси болгон президент жана анын аппаратынын айрым фракцияларга таасир эте албаганын көрсөтөт:

- Төрөбаев да, Сулайманов да азыр түшүнүп жатат. Буга чейин азыркы бийлик бул эки лидерди өз тарабына тартып келген. Анан булар өз электоратынан ажырап калбоо үчүн артка кетти дегенди түшүндүрөт. Экинчиден, президент мөөнөтү бүтүп кетип жатканын эске алганда анын таасири айрым фракция жетекчилерине тийбей калды дегенди да билдириши мүмкүн. Ошондуктан, булар таразага салып, карап туруп ушундай чечимге келди десек болот.

Ал ортодо парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети референдумду 4-декабрда өткөрүү боюнча мыйзам долбоорду жактырды. Эми ал бейшембиде парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Бийлик референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен чогуу өткөрүүгө камынып жатканы кабарланды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG