Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Өзбек илимпоздору чемпиондорду аныктайт


Өзбекстандын футбол боюнча курама командасы Доха шаарында, 24.01.2011
Өзбекстандын футбол боюнча курама командасы Доха шаарында, 24.01.2011

Өзбекстандын окумуштуулары эмки жылы болочоктогу олимпиада чемпиондорун аныктоо үчүн балдарды генетикалык тестирлөөдөн өткөрө баштайт. Коңшу өлкөнүн мындай дымактуу идеясы канчалык колго алаарлык? Илимдин жетишкендиги деп санаса болобу?

Генетикалык тестирлөө аркылуу дүйнөлүк масштабдагы болочок спортсмендерди аныктоо идеясы көптөн бери эле айтылып келет. Коңшу Өзбекстанда балдарды 10 жашында атайын текшерүүдөн өткөрүп, алардын спорттук жөндөмүн аныктоо демилгеси көтөрүлүүдө.

Өзбекстандын Биоорганикалык химия институтунун генетика лабораториясынын директору Рустам Мухамедов «молекулалык-генетикалык деңгээлде спортко тандоо» программасын 5-январда өкмөттүк "Правда Востока" гезитине жарыялады.

Илимпоз «Азаттыктын» өзбек кызматына 2015-жылы Өзбекстан Илимдер академиясы Улуттук олимпиада комитети, футбол, сууда сүзүү жана кайык айдоо федерациялары менен биргеликте «программаны ишке ашыраарын» билдирди.

Илимге кызык, практикада пайдасыз

Мухамедовдун командасы эки жыл мурун спортсмендердин генин изилдей баштаган. Ташкенттеги окумуштуулар тобу дагы бир жыл иштегенден кийин болочок чемпиондорду аныктай турган 50 генди жарыялашат.

- Дүйнөдөгү АКШ, Кытай, Европа өлкөлөрү сыяктуу өнүккөн мамлекеттер адамдын геномун иликтеп, спорттун тигил же бул түрүнө жөндөмдүү гендерди аныкташкан. Биз ошол ыкмаларды болочоктогу биздин чемпиондорду аныктоого колдонууга ниеттенебиз.

Мухамедов иш жүзүндө баланын канындагы 50 генди анализдеп, "ата-энесине баласы кайсы спортко жөндөмдүү экенин" айтып берсе болоруна ишенет.

Окумуштуунун мындай дымактуу сунушуна Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитети расмий көңүл бурганы – дүйнөдөгү алгачкы мисал. Эл аралык практикада генетикалык тестирлөө тажрыйбасы өзү талаштуу. Анын жактоочулары мындай ыкманы спорт илиминдеги жаңы баскыч катары көрсө, ошол эле маалда укуктук, моралдык жана этикалык суроолордун топтому катары сындагандар бар.

Эл аралык олимпиада комитети жана башка глобалдык спорт федерациялары атлеттердин күч-кубатын артыруу үчүн гендик терапия аркылуу атайын кызытмаларды колдонууга тыюу салса дагы, спортсмендерди генетикалык тестирлөөдөн өткөрүүгө уруксат берет. Дүйнөлүк антидопинг боюнча агенттик (WADA) мындай тестирлөөнү колдобойт.

Спорттук журналист жана белгилүү «Спорттук ген» деген китептин автору Дэвид Эпштейн чоң ийгиликке жетишүү үчүн адамдын гени абдан маанилүү роль ойнорун баса белгилегени менен өзбек илимпоздордун идеясына күмөнү бар:

Ташкен.
Ташкен.
- Иш жүзүндө генетикалык деңгээлде анализдөө өтө чоң деле мааниге ээ эмес. Алар болгону бирөөнүн физиологиясын окуп-үйрөнүү аракетин көрүүдө. Ал үчүн анын генин эмес физиологиясын изилдеп чыгуу керек. Көпчүлүк гендер эмне функция аткара тургандыгын биз билбейбиз. Андыктан бир нече ген аркылуу адамдын жөндөмдүүлүгүн аныктап койобуз деген, жүз, миң майда бөлүкчөдөн турган заттын бирин-экисин таап алып, ошол затты таап койдук деген иш.

Эпштейн балдарды текшерүүдөн өткөрүүнү өзбек илимпоздордон биринчи укканы менен буга чейин бир катар өлкөлөрдө чоңдорго мындай тестирлөө жасалганын айтат.

- Австралиянын регби командасынын оюнчуларынын ACTN3 - тез жыйрылган булчуң клеткалардагы белоктун кодун текшеришкен. Бул эгерде атлетте аталган гендин «туура версиясы» болбосо, анда андан 100 метрге чуркаган жөө күлүк чыкпайт дегенди түшүндүргөн. Бирок бул жөн гана илимий факт. Жер бетиндеги 7 миллиард адамдын бирине дал келиши мүмкүн, демек бул өтө төмөнкү даражадагы божомол. Андан көрө кадимки секундомер менен тагыраак айтса болот. Өзбек илимпоздордун аракети илимий жактан кызыктуу, практикалык тандоодо пайдасыз.

Адеп-ахлах жана укук

Юристтер болсо генетикалык тестирлөө кокус адамдын табигый генетикалык кодуна таасир этсе, укуктук суроолор келип чыгаарын эскертишет. Маселен, АКШда иш берүүчү кызматкерден генетикалык тесттин жыйынтыгын талап кылуусуна мыйзам тыюу салат.

Стокгольм университетинин философия профессору, генетика илиминин этикасы боюнча адис Торбьёрн Tеншё Өзбекстандагы тестирлөөдөн эч кандай моралдык проблема деле көрбөйт:

- Бул эми генетикалык технологияны спортто колдонуунун эч бир зыянсыз ыкмасы. Албетте, андан кийинки кадамдарда гентикалык деңгээлдеги кийлигишүү кайда жасалат, болочоктогу чоң спорстмендерди «жаратуу» кайда ишке ашат деген маселелер чыгат. Спорттогу адеп-ахлах жана адамдын күч-кубатын арттыруу сыяктуу суроолор пайда болот.

Ошол эле маалда профессордун айтымында, генетикалык модификация ар кандай дартты дарылоодо канчалык кеңири таралган сайын, Дүйнөлүк антидопинг боюнча агенттик генетикалык кызытмаларга тыюуну алып салууга аргасыз болот.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG