Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Твиттердин "желесине түшкөн" Гүлнара Каримова


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Президент Ислам Каримовдун улуу кызы, кырк жашты быйыл аттаган Гүлнара массмедиа чөйрөсүндө таанымал инсан.

Маалымат булактары бирде өзбек президентинин кызынын Батыш фирмаларына арачылык кылып тапкан эсепсиз акча тууралуу, бирде ырчылык өнөрү, же дизайн –модельерлиги, болбосо ал уюштурган соопкерчилик иштери жөнүндө кабарлайт. Декабрдын башында Гүлнара Каримова Твиттерде Эл аралык кризистик топтун жетекчилеринин бири менен эки саат кат жазышып, Өзбекстандагы адам укуктары жөнүндө учкай пикир алмашты.

Гулнара Каримова Твиттердеги баарлашууда Эндрю Штройляйнга Өзбекстандагы адам укуктарын бузууларды “териштиргенге” анда далилдүү фактылар жок экенин айтып, өзүнө өзү “тузак койду.” Бул сөзгө Эл аралык кризистик группанын маалымат программалары боюнча мүдүрү 15 барак кат жазып, даражалуу дипломатты саясий жүйөө менен абакта отурган узун тизме адамдардын эркиндикке чыгышына аброюн салганга чакырды. Тизмеде 15 адам укугун коргоочу, 18 таанымал жазуучу, интеллектуал жана оппозициячыл саясатчы бар. Аларга эркиндик берүү боюнча адам укуктарын коргоочу эл аралык көрүнүктүү тогуз уюмдун жакындагы кайрылуусун расмий Ташкен кулак жаздымында калтырган. Ал эми БУУнун адам укуктары боюнча мекемелери жана Хюман Райтс Уоч уюму соңку докладында Өзбекстанда абактагы адамдарды уруп-кыйноо кеңири жайылганы белгиленген.

Штройлян ачык катында Гүлнара Каримова Өзбекстандын Женевадагы кеңсесинде атайын чабарманы экенин эске салуу менен, бейкүнөө соттолуп, абакта жаткан адамдарга камкордук көрүү элчинин вазийпасына кирерин эскерте кетти.

Бул жөнүндө Эндрю Штройляйн ”Азаттыка” берген интервьюда да айтты:

- Бул анын түздөн-түз аткарчу иши. Гүлнара кыйноолор боюнча атайын докладчынын жана Улуттар уюмунун диний эркиндик же аялдарга каршы зобун-зордуктарга өзгөчө тиешеси бар адамдарынын визитине көмөктөшүүсү керек эле.

Штройляйндын катында адам укугун тепсөөлөр боюнча бир нече мисал да келтирет. Каракалпакстандык адвокат Акзам Тургуновду милиция убактылуу абак жайда эч негизсиз 18 күн кармап, эч ким менен жолуктурган эмес. Тергөөчү сурак кезде Турсуновдун аркасына кайнак сууду куюп жибергенде, анын денеси күйүп, эсин жоготкон. Он жылга кесилген 60 жаштагы укук коргоочу азыр күнүнө 12 саат кирпич куят. Саламаттыгынан улам салмагы тестиер баланыкындай болуп, 40 килодон бир аз көбүрөөк экен.

Эже-сиңдилер Райхон, Наргиза жана Касиет Соатовалар 2009-жылы бейбаштык жана уурулук кылды деп жок жерден 6 жылдан 8 жылга чейин кесилген. Тергөө маалында милиционерлер Наргиза менен Райхонду кыйнагандан башка да зордуктап салышат. Райхан абакта төрөп, зордуктоодон кош кат болгону ырасталат. Адам укугун коргоочулар зарлап жатышып, үч бир тууганды кыйнап-зордуктады деп, 12 милиционерге каршы кылмыш иши козголуп, бирок алар акталып чыгат. Касиет ден соолугуна байланыштуу абактан чыгарылган.

Гүлнара Каримовага жогорудагы фактылардан бөлөк да мектеп окуучуларын мажбурлап пахта тердирүү, жүздөгөн адамдардын каны төгүлгөн 2005-жылкы Анжиян окуясы алиге бейтарап эксперттер тарабынан изилдегенге уруксат берилбегени, журналисттерди куугунтуктоолор жана башка жарандардын универсалдык укуктарын орой бузуулар тууралуу да маалымдалат.

“Ал мына бу маселелердин кайсы бирин талкуулайбы? Андай шанс аябай эле аз деп ойлойм. Бирок ким билет? Эки апта мурда ал твиттерде эки жолу сүйлөшөт деп эч ким ойлобосо керек. Бул жерде бир нерсе жасалганга 0, 01 процент шанс болсо, биз аракет кылабыз", - дейт башкеңсеси Брюсселде орношкон Эл аралык кризистик группанын жетекчилеринин бири,” - деп айтат Штройляйн.

Катта Өзбекстанга Улуттар уюмунун уруп-кыйноолор боюнча атайын докладчысы киргизилбей койгонуна ноябрда 10 жылдын жүзү болгону, он жылда кеминде 11 жолу виза берүү жөнүндө өтүнүч жоопсуз калганы; Хюман Райтс Уоч уюмунун туруктуу кеңсеси эки жыл мурда Өзбекстанда күчтөп жабылганы; бул адам укугун коргоочу эл аралык уюмдун 34 жылдык тарыхындагы бирден бир окуя экени белгиленет.

Жогоруда саналган фактыларды териштирип, бейадилет соттолгон адамдарга көмөктөшкөнгө президент Каримовдун улуу кызынын кубаты жетеби? Же Гүлнара айым твиттерден алган катка жооп бербей кутулабы?

XS
SM
MD
LG