Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:36

Акыркы убактарда Өзбекстанда тыюу салынган дин агымдарына, уюмдарына тиешеси бар же алар менен кызматташат деген негизде адамдар тобу кармалууда.

Жергиликтүү укук коргоочулар өзбекстандык күч кызматкерлери адамдарды ылгабай камап, айрымдарынын күнөөлөрүн далилдей алышпаганын, кармалгандардын укуктары одоно бузулуп, жакындары ал тууралуу кабарлай албай калышканын айтып, коңгуроо кагышууда. “Азаттык” Өзбекстан укук коргоочуларынын демилгечи тобунун төрагасы Сурат Икромов менен маектешти.

"Азаттык": Сурат мырза, акыркы айлардагы адамдарды кармап-камоолор тууралуу өзбек коомчулугу, укук коргоочулар кабардарбы? Маалыматыңар болсо кандай чара көрүп атасыңар?

Икромов: Өзбекстандагы бул окуяларды интернет колдонуп, радиолордон “Азаттык”, Би-Би-Си жана башкаларды угуп тургандар билсе керек. Камакка алуулар уланып жатат, токтогон жок. Бирок биз ал тууралуу билбей калып жатабыз. Өкмөт маалыматты бекитип, бербегенге аракет кылып атат.

Мындан бир-эки ай мурда кармалгандар 200дөн ашып кетти дегенбиз. Азыр ал сан көбөйүшү мүмкүн, 300гө да чыгышы ыктымал.

"Азаттык": Сиздерге камалгандардын жакындары, туугандары кайрылып жардам сурап атышабы?

Жүз пайыз дебейин, кармалгандардын 95 пайызы намаз окугандар. Токсонунчу жылдардан тарта эл динге катуу ооду.

Икромов: Кармалгандардын жакын туугандарын коркутуп, эч кайда арызданбайбыз, адвокат албайбыз, укук коргоо уюмдарына, журналисттерге кайрылбайбыз деген мазмунда тил кат алышкан. Ошон үчүн ого бетер ишти ырбатып алабызбы деп, жакындары бизге келиштен коркуп атышат.​

Мен окуя болгон жердеги мечиттердин бирине барып, имамынан сурасам, а киши да топ-тобу менен кишилер кармалганын тастыктады. Ал кишиге кармалгандардын жакындары мени менен байланышсын деп телефон номерлеримди берип келгем. Азыр күтүп жатам. Бирок алар укук коргоочуларга кайрылсак ого бетер жаман болуп кетпесин деп коркушат.

Экинчиден, азыр тергөө изоляторлорунда балким аларды кыйнашаттыр?.. Канчасын чыгарышат же чыгарбастан сотко жеткиреби билбей турабыз.

Мына, Жизак шаарында 13 киши дин себеби менен камакка алынган. Кийин алардын бешөөнө 5тен 12 жылга чейин камак жазасы берилди. Мен бул ишке терең мониторинг жасагам. Бул толук түрдө ойдон токулган иш. Ал балдардын экстремисттик уюмдарга эч тиешеси жок, алар фермерлер.

Дегеле азыр Өзбекстандын абактарында дин жаатында айыпталган 12 миңден ашуун киши бар. Алардын көбүнө мунапыс берилген жок. Камак мөөнөтү бүткөндөргө кайрадан жыл кошулуп аткан учурлар кездешет.

"Азаттык": Сурат мырза, жарандарды эмне үчүн диний максатта кармап атышат, эмне үчүн дин боюнча айыптар тагылып атат анда?

Мындан бир-эки ай мурда кармалгандар 200дөн ашып кетти дегенбиз. Азыр ал сан көбөйүшү мүмкүн.

Икромов: Жүз пайыз дебейин, кармалгандардын 95 пайызы намаз окугандар. Токсонунчу жылдардан тарта эл динге катуу ооду. Намаз окугандар кескин көбөйдү, Өзбекстан боюнча мечиттер көп курулду. Ошондо түрдүү агымдар пайда боло баштады. Мисалы, “Хизб-ут Тахрир”, “Вахаби” сыяктуу агымдар. Аларга кийин тыюу салынган. Баарын эле камап жатат, бирок баарынын эле күнөөсүн далилдей алышкан жок. Менимче, бул диктатураны кармап туруунун эле бир амалы.

"Азаттык": Ошол 12 миң ашуун кишинин баары эле диний уюмдарга тиешелүү деп айтса болобу?

Икромов: Акыркы чечим, албетте, диний негизде кылмыш кылган деп кабыл алынган. Бирок тыюу салынган агымдарда болбогондорду деле камап атышат. Бул көп кишини кармап, камакка алып, анын арты менен башка, калган элди коркутуш максатында жасалып жаткан тапшырма болушу мүмкүн деп ойлойм.

  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG