Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Аксыда “инкарчыларга” айып пул салынды


Аксы районунда кармалган "Йакын инкар" тобунун өкүлдөрү
Аксы районунда кармалган "Йакын инкар" тобунун өкүлдөрү

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айылында 17-январда муфтияттын атайын урусаты жок даават жүргүзүп жүргөн он адам кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын билдиришинче, алар “Йакын инкар” тобунун мүчөлөрү экени, теңинен көбү Нарын облусунун тургундары болору аныкталды.

Райондук соттун чечими менен алар Административдик кодекстин 395-беренеси боюнча күнөөлүү, тактап айтканда, диний жөрөлгөлөрдү уюштуруу жана өткөрүүнүн мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерин бузушкан деп табылды жана айып пул салынып административдик жазага тартылгандан кийин баары кое берилди.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эрежеси боюнча дааватка чыккан адамдар алгач өздөрү жашаган жердин казыятынан уруксат алышы керек жана даават жүргүзө турган аймакка келгенде өздөрү тууралуу сөзсүз жергиликтүү милиция менен имамдарга кабарлашы зарыл.

“Йакын инкар” Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунан бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Ага Кыргызстанда эч кандай тыюу салынган эмес. Алар балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорлорду колдонбоо керек деген сыяктуу билдирүүлөрдү таратып келишкени менен белгилүү.

Өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү бир-эки жыл мурда алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра баштады. (RsK)

XS
SM
MD
LG