Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Таанымал өзбек имамы Обидхан Назаровго кол салууга айыпталган Өзбекстандын жараны Юрий Жуковскийди 15-декабрда Швециянын Эстерсунд шаарынын соту 18 жылга абакка кести.

Өзбекстандык белгилүү имам, президент Каримовдун саясатын ачык сындаганы үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон Обидхан кары Назаровго кол салуу боюнча ишти иликтеп, сотко алып чыккан Швециянын прокурору Кристер Петерсон айыпталуучу Юрий Жуковскийди өмүр бою эркинен ажыратууну сураган эле. Прокурор башынан эле бул кол салуу имамдын ишмердигине байланыштуу болуп, анын артында расмий Ташкен турган деп билдирип келген.

57 жаштагы Обидхан Назаровду 2012-жылдын 22-февралында Швециянын Стромсунд шаарындагы үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кеткен эле. Башынан ок жеген имам тирүү калганы менен, ошондон бери оор абалда ооруканада жатат.

Бул кылмышка шектелген 37 жаштагы өзбек жараны Юрий Жуковский быйыл 25-августта Орусиядан Швецияга экстрадицияланган.

Имамдын уулу Довудхан Назаров “Азаттыктын” өзбек кызматына айыпкерди 18 жылга эркинен ажыраткан сот өкүмүнө 90 пайыз канааттанып жатышканын билдирди:

Давудхан Назаров

Давудхан Назаров

- Швеция мыйзамдарына ылайык, бул өкүм эң жогорку жаза - өмүр бою абакка кесүүдөн бир тепкич төмөн турат экен. Буга чейинки соттор биз каалагандай өкүм чыгарбагандыктан бул жолу да биз үчүн күтүүсүз өкүм болуп калабы деп чочулап жатканбыз. Бул сотко биз жетиштүү фактылар менен далилдерди берген элек. Бирок сот биз койгон талаптардын баарын эле эске алган жок.

Бул сот өкүмүн адвокат аркылуу алганын айткан Довудхан Назаров дагы эки жагдайга көңүл буруу зарылдыгын белгиледи:

- Биринчиси, биз прокурор менен бирге сотко бул иштин артында Өзбекстандын өкмөтү турганы боюнча документтерди жана далилдерди сунуштаганбыз. Бирок буга карата сот кандайдыр бир конкреттүү мамилесин билдирген жок. Азыр эми биз бул боюнча жогорку баскычтагы сотко кайрылсакпы деген маселени талкуулап жатабыз.

Экинчиси - жаза мөөнөтүнө байланыштуу. Биздин талап боюнча Жуковский өмүр бою камалышы керек эле. Өкүмдө Обидхан карыга кол салуу сырттан каржыланып, узак убакыт пландалганы, Жуковский кимдир бирөөнүн буйругун аткарганы да белгиленген. Сот өкүмүндө бул оор кылмыш деп бааланганы менен, ал 18 жылга кесилди. Ал Обидхан Назаров кол салууда оор жаракат алганына карабай тирүү калгандыктан айыпталуучуга өмүр бою абактан кийинки жаза берилгени менен түшүндүрүлдү.

Кол салууга кабылган имамдын уулу Довудхан андан ары буга карабай анын жакындары сот өкүмүн утуш катары кабыл алганын, бул чечим кийинки тергөө жараянына тийиштүү калган көлөмдүү иштин да аягына чыгышына үмүт бергенин айтты. “Иш али аягына чыккан жок. Негизги аткаруучу жазаланды, бирок анын артында турган күчтүү топтор бар. Аларды да жоопко тартуу аракети дагы бир канча убакытка созулат”, - дейт Довудхан Назаров.

Кол салууга кабылган Обидхан кары Назаров

Кол салууга кабылган Обидхан кары Назаров

Швецияда 2012-жылдын майында Баходыр Пулатов жана Нодира Аминова аттуу өзбекстандык жубайлар кармалып, алар Юрий Жуковскийдин имамга кол салуусун ишке ашырууга көмөктөшкөнү шектелген. Бирок далил жетишпегендиктен сот аларды актап, сот залынан бошотуп жиберген.

Азыр 18 жылга кесилген Юрий Жуковский кол салууга чейин Швециядан бир нече жолу Өзбекстан жана Орусия менен телефон аркылуу байланышканы, кол салуудан кийин тез арада Орусияга чыгып кеткени аныкталган. Ал быйыл августта Орусияда кармалып, Швецияга берилген. Биринчи жолу Жуковскийдин саясий качкындын өмүрүнө кол салуусуна катышы бардыгы тууралуу далилдер 2012-жылы жайында табылган. Анда Жуковскийдин жабырлануучу жашаган шаардагы видео байкагычка түшүп калган тасмасы чыккан. Прокурор Петерсон Жуковский 2011-жылы Латвиянын элчилигине Шенген визасын алуу үчүн бир нече жолу кайрылып, акыры “Пахтакор” футболдук клубунун өтүнүчү менен виза алганын билдирген.

Кол салууга кабылган Обидхан Назаров 1990-жылдардын башында Борбор Азиядагы таанымал имамдардын бири болгон. Ал өзбек президенти Ислам Каримовдун саясатын ачык сындай башатаган соң, 1997-жылы аны өлкөнүн коопсуздук кызматы куугунттукка ала баштайт. Бийликтин басым-кысымынан улам имам 1998-жылы кошуна Казакстанга чыгып кетүүгө аргасыз болот. 2006-жылы Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарлыгы Назаровду качкын катары таанып, Швециядан башпаанек берген эле.

Өзбек бийликтери аны тыюу салынган вахабизм диний агымына тиешеси бар деп айыптаса, Обидхан кары Назаров өзү мындай айыптоолорду четке кагып келген.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG