Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:24

Өзбек президенти Ислам Каримов 78 жашында көз жумду. 25 жылдан ашуун ал өз өлкөсүнүн эң таасирдүү фигурасы болгон. "Азаттык" радиосу бүтүндөй Борбор Азияны сестенткен президенттин жашоосуна жана калтырган мурасына көз чаптырды.

Өзбекстанды 25 жылдан ашуун темир муштум менен мыкчыган президент Ислам Каримов 78 жашында дүйнө салды.

Ислам Каримов дүйнө салганы тууралуу Өзбекстандын улуттук телеканалынан чыккан расмий билдирүүдө айтылды.

Өзбекстанда президент Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу ишемби, 3-сентябрдан тарта үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Маркумдун сөөгү 3-сентябрда Самаркандда жерге берилет.

Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу боюнча мамлекеттик комиссиянын башында премьер-министр Шавкат Мирзиёев (Мирзияев) турары да кабарланды.

Каримовдун доору

Каримовдун бийлиги Орусия менен Батыштын ортосунда тең салмакты сактоого аракет кылган. Президенттик бийлигин жана адам укугун бузган атайын кызматтардын ишин дайыма кеңейткен.

Укук коргоочулардын маалыматында, Каримовдун доорунда адамдар саясий көз карашы үчүн системалык түрдө куугунтукка алынган, пахта талааларында мажбурлап иштетүү күчөгөн, кыйноого жол берилген.

1991-жыл

1991-жыл

СССР кулагандан бери бир адам башкарган өлкөдө бийликти өткөрүп берүү көйгөй жаратты, анткени буга чейинки саясий жүрүмдөр демократиялык институттар жана мыйзам үстөмдүгү жоктугунан булганыч жол менен ишке ашып келген.

Каримов байыркы Самарканд шаарында 1938-жылы туулган. Экономикалык билим алган. 1989-жылы, "Кайра куруулар" доорунда, Өзбекстан Компартиясынын Биринчи катчысы болуп шайланган.

1990-жылы Жогорку Кеңеште эч кандай альтернативасыз өткөн шайлоодо Өзбекстан президенти болуп шайланган Ислам Каримов пост-советтик өзбек мамлекетинин авторитардык башкаруу принциптерин жакынкы он жылдарга чейин аныктап койгон.

"Эгер мени президенттикке шайласаңар, анда мен парламентти таркатышым керек. Акыркы сөздү мен айтам”, - деген ал.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жана Ислам Каримов

Казак президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жана Ислам Каримов

1991-жылы 31-августта ал Өзбекстандын эгемендик алганын жарыялап, өлкөдө биринчи жолу өткөн тикелей президенттик шайлоодо жеңип алган.

Каримов 25 жыл аралыгында 90 пайыз добуш менен утуп, шайланып келди. Бирок аларды Батыш эркин жана адилет өттү деп тааныган эмес. Анын үстүнө Өзбекстандын Баш мыйзамы эки мөөнөттөн ашык шайланууга жол бербейт.

Каримов бийлигин мандемдүү референдумдар менен бекемдеп, саясий каршылаштарын жана сын айткан массалык маалымат каражаттарын күч менен басып келди.

Кыйноо жана көзөмөл

АКШ Мамдепартаментинин жыл сайын чыкчу Адам укуктары жаатындагы документинде “Ислам Каримовдун тушунда аткаруучу бийлик өлкөнүн саясий жашоосун жана бийликтин башка бутактарын толук көзөмөлгө алганын” билдирген.

Өзбекстандын сот системасы кыйноого жол бергени үчүн эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылып келген.

2007-жылы Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюмунун “Коргоосуз калгандар: Өзбекстандагы кыйноо жана катаал мамиле” деген доклады жарык көргөн.

Уюмдун Женевадагы жетекчиси Жульет де Риверо “Азаттыктын” өзбек кызматына докладдын башкы максаты - бул өлкөдө кыйноо көнүмүш тажрыйбага айланганын, кармалгандар соттун бардык этаптарында басым-кысымга кабыларын көргөзүү экенин айткан.

Каримовду атайын кызматтын катаалдыгын актоо үчүн ислам коркунучун бетке карманат деп айыпташкан. 1999-2004-жылдардагы теракттан соң жана 1999-2000-жылдары Өзбекстан ислам кыймылы өлкөгө киргенден кийин исламчыл уюмдар күч менен жок кылынган.

Шайлоо маалында илинген жарнак, 2007-жыл

Шайлоо маалында илинген жарнак, 2007-жыл

Каримов 90-жылдардын аягында парламентте сүйлөп жатып мыйзам чыгаруучуларды «исламчыл радикалдар менен күрөшүүдө чечкинсиздик кылдыңар» деп сындаган. “Эгер силердин эркиңер жетпесе, мага тапанча бергиле. Аларды өзүм чекеге атам”, - деген.

Каримов АКШ менен байланышын чыңдоо үчүн Өзбекстандын географиялык абалын пайдалана билген. 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан кийин Ооганстандагы америкалык армиянын операциясына жардам берүүнү сунуштаган.

Укук коргоочулар АКШ бийлигин аскер базасын колдонуу үчүн Өзбекстандагы адам укугунун бузулганына көз жумууда деп айыптап чыгышкан. Бирок Вашингтон бул дооматты негизсиз деп атап, четке каккан.

2005-жылдын май айында өлкө чыгышындагы Анжиян шаарында болгон нааразылык акциясы башаламандыкка айланып, ал өзбек коопсуздук күчтөрү тарабынан күч менен басылган. Жүздөгөн адамдар өлгөнү тууралуу маалыматтар түшкөн.

Каримов "башаламандык артында сырттан даярдыктан өткөн ислам жоочулары турат" деп, эл аралык иликтөө жүргүзүүдөн баш тарткан.

Аймактагы Гегемон

Өзбекстан – Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөр жана Ооганстан менен чектешет, калкы көп жана кубаттуу куралдуу күчкө ээ. Мунай жана газдын жетиштүү кору да ушул өлкөдө.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ислам Каримов

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ислам Каримов

Каримовдун тушунда өлкө аймакта гегемония кылууга умтулган. Бул көп учурда коңшулары менен чек ара жана суу ресурстары жаатында тирешүүгө жеткирген.

Ташкент дайыма өлкөгө жакындаган ислам экстремизми тууралуу айтып, Фергана өрөөнүндө отурукташкан өзбек жана башка өлкөнүн жарандарынын жашоосун татаалдаштырып келет.

Өзбек газынын экспорту кедей коңшулар: Кыргызстан менен Тажикстанга кыр көрсөтүүгө күчтүү рычаг болуп берди. Карыздан тарта башка талаштуу маселеде да көгүлтүр отту жаап турду.

Коңшу өлкөлөр Өзбекстандын коопсуздук органдарын бийликке жакпаган адамдарды кармайбыз деген шылтоо менен алардын аймагына киргени үчүн бир нече жолу айыпташкан.

Орусия жана Батыш географиялык абалына, энергоресурсуна карап, Өзбекстан менен теңата мамиле курууга аракет кылып келишти. Анткен менен Каримовдун саясаты Орусия, АКШ, Евробиримдик жана эл аралык финансылык институттар менен келише албаган учурлар болду.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов

1990-жылы Тажикстан жарандык согуштун кучагында калып, Кыргызстан менен Казакстанда президент менен парламент тирешип, эл аралык жардамга көз каранды болуп турган.

Өзбекстан болсо кыйроодон четте калып, элин негизги товарлар, анын ичинде электр жана газ менен камсыз кылууга кудурети жеткен.

Бирок байкоочулардын баамында, масштабдуу репрессия жана жашоонун төмөн деңгээли каршылык көрсөтүүгө пайдубал түптөгөн.

Өзбекстанды экономикалык реформа жүргүзбөгөнү, ооздуксуз коррупция жана чырмалышкан өң-тааныштыкка жол бергени үчүн сындашат. Эл аралык укук коргоо уюмдары пахта жыйноо маалында мажбурлап иштетүү тууралуу дайыма айтып келишет.

Үй-бүлөдөгү "иштер"

Каримовдун кыздары Лола менен Гүлнара бийликтен эгебейсиз пайда көрүштү. 2011-жылы “Билан” журналы экөөнү тең Швейцариядагы эң бай 300 адамдын катарына кошкон.

Гүлнара жана Лола Каримова-Тилляева

Гүлнара жана Лола Каримова-Тилляева

Президенттин тун кызы Гүлнара – бизнес менен алектенип, шаан-шөкөттү жакшы көрчү. Мындан улам аны ата ордун басчу мураскер деп ойлошчу. Бирок 2014-жылдан бери ал эл алдына чыга элек. Айрым маалыматтар боюнча азыр үй камагында.

Өзбек өкмөтү Каримовдун ден соолугу начарлап, ооруканага түшкөнүн күтүүсүз билдиргендин эртеси, 29-августта кызы Лола Каримова-Тилляева атасынын абалы тууралуу дүйнөгө кайрылды.

Инстаграммдагы баракчасы аркылуу "Учурда атамдын ден соолугу тууралуу кандайдыр бир прогноз жасоо эрте”, - деген Лола Каримова “кызыл кулактыктан алыс болуп” анын үй-бүлөсүнүн жеке жашоосун урматтоону өтүнгөн.

Антуан Блуа, Брюс Паньер жана Карл Шрек

Кыргызчалаган Санжи Туйтунова

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG