Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Өзбекстанда көз карандысыз сайттар жабылуу коркунучунда


Өзбекстандын эли цензураланбаган маалымат жазган, көз карандысыз медианын тартыштыгынан каржалууда.

Эбегейсиз кыйынчылык, тоодой тоскоолдуктарга карабастан Өзбекстанда көз карандысыз маалымат каражаттары бүгүнгө чейин жамандыр-жакшыдыр, маанилүү милдетти аркалап келишти. Бирок 30 миллиондуу калкы бар, мамлекет маалымат каражаттарын будамайлап, буйдалап алган өлкөдө каражаттын жоктугунан бул көз карандысыз маалымат булактары жабылып калуу коркунучу жаралууда.

Абдурахмон Ташанов harakat.net сайтынын редактору. «Өзбекстандагы көз карандысыз жана оппозициячыл медиа эл аралык колдоодон кол жууп баратат, биз мисалы соңку жылдары эл аралык донорлордон акча албай калдык», - дейт ал.

Ташкенде жайгашкан uzmetronom.com сайты окурмандарга кеңири таанымал болгон менен, аны бир киши иштетет. Финансылык каатчылыктан улам, harakat.net менен fergana.ru жакында өз сайттарында акча сураган жарыя жайгаштырышты. Ал эми дагы бир таанымал сайт uznews.ru жакында ишин убактылуу токтотууга мажбур болду.

Аталган сайттар мезгил-мезгили менен өзбек бийликтеринин кысымына туш келишет, каттоодон өтпөсө да, алар өлкөдөгү саясий, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чагылдырып келишти. Бул сайттарда жергиликтүү маалымат каражаттарында ооз учунан да сөз болбогон адам укуктарынын абалы, түрмөлөрдөгү кыйноолор, өкмөттөгү коррупция тууралуу утур-утур жазышат.

Өзбек өкмөтү 2005-жылдын майындагы Анжиян кыргынынан кийин көз карандысыз медиага салган тизгинин тартып, укуругун кыскарта баштаган. Өлкөдө расмий медиадан тышкары соңку жылдары ондогон жаңы маалымат каражаттары пайда болду. Алардын айрымдары өкмөткө көз каранды болсо, башкалары бийликке жакын адамдардыкы деп саналат.

Ал арада көз карандысыз медиа каражаттары канткенде альтернативалуу маалымат булактарын сактап калабыз деп камтама. Даниил Кислов Фергана.рунун редактору:

- Биз оор шартта иштеген журналисттерге көбүрөөк төлөшүбүз керек. Анткени алар кооптуу, оор, жоопкерчиликтүү ишти жасап жатышат. Мындан тышкары азыркы шартта маалымат алып, аны такташ кыйын. Биз мындай ишке акча төлөшүбүз керек, бирок каржылык кырдаал өзгөрбөсө, жакын арада биз айлык төлөй албаган абалда калабыз.

Харакат.неттин редактору Ташанов Өзбекстандын аймактарында кесипкөй кабарчыларды ишке ала албай, айласыздан «маалымдуу булактарга» гана ишеним артып калганын белгилейт.

Ал эми Узметроном.комдун редактору Сергей Ежков "Азаттыктын" өзбек кызматына донорлордон такыр акча түшпөй калгандыктан, кабарчы да, редактор да жалгыз өзү болуп калганын айтат. Ежков өзбек бийликтерин «бейтарап маалымат» коомго да, өкмөткө да керек экендигине ынандыруу керек деп эсептейт:

Көз карандысыз медиа коомдоо маанилүү роль ойнойт. Сын-пикир,көз карандысыз, же жок дегенде альтернативалык көз караш болбосо, өкмөт турмуш чындыгынан артта калат, демек эл менен байланышы солгундап, мамлекеттик башкаруунун сапаты да төмөндөйт.

Ошол эле убакта Ежков эл аралык уюмдарды Өзбекстанды алтернативалык, цензуранбаган маалымат менен камсыздоону аркалаган маалымат каражаттарын кароосуз калтырбоого чакырат: «Ансыз Өзбекстанда көз карандысыз медианын келечеги жок, «акчаң болбосо, ачка каласың. Демек көз карандысыз медиа да бара-бара өзүнөн өзү жок болот».
XS
SM
MD
LG