Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

МТС Өзбекстандагы ишин токтотту


МТС жабылган соң жаңы сим карта алуу үчүн котологон кардарлар. 17-июль, 2012.
МТС жабылган соң жаңы сим карта алуу үчүн котологон кардарлар. 17-июль, 2012.

Өзбекстандагы уюлдук байланыш операторлорунун эң ириси – МТС - Өзбекстан ишмердигин токтотконун жарыялады. Буга сот кечээ компанияны бардык лицензияларынан ажыратканы себеп болду. Өзбек бийликтери уюлдук байланыш операторун салык жашырганы жана башка мыйзамсыз иштери үчүн айыптаса, МТСтин жетекчилиги расмий Ташкенттин аракетин компанияны тартып алуу катары баалоодо.

Баш кеңсеси Орусияда жайгашкан МТС уюлдук байланыш компанияснын Өзбекстандагы бөлүмү – “Уздунробита” деген ат менен иштеп келген. Кезинде өзбек президентинин улуу кызы Гүлнара Каримовга караган бул компания 2004- жылы орусиялык МТСке сатылган болчу.

Андан бери компаниянын бери дегенде 25 миллион кардары бар Өзбекстандын мобилдик байланыш базарындагы үлүшү 40 пайызга же абоненттер саны 9 миллионго чейин жеткен эле.

Ийгиликтүү иштеп жаткандай көрүнгөн компаниянын үстүнөн кара туман күтүүсүздөн эле өткөн айдан тарта айлана баштады.

Анткени 17-июлда Өзбекстандын Байланыш агенттиги компаниянын лицензиясын он күнгө убактылуу токтоткон. Мындан көп өтпөй бул мөөнөт үч айга узартылып, бийликтер компанияны салыктан качканы, көз бойомочулук кылганы, антимонополдук, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жарнама жөнүндөгү мыйзамдарды бузганы үчүн айыптаган эле.

Эми Ташкенттин экономикалык иштер боюнча соту расмий органдардын компанияга каршы дооматтарын колдоп, МТСти бардык лицензияларынан ажыратты.

"Жасалма айып"

Компаниянын стратегиялык өнүгүү боюнча вице-президенти Майкл Хеккер “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде сот чечимди 20 эле минутта чыгарганын, алар муну өзбек мыйзамдарына ылайык апелляцияга беришерин, бирок Ташкентте компанияны тартып алуу аракети жүрүп жатканын айтты:

- Биз компанияга бир миллиард доллардан ашуун каражат инвестиция кылганбыз. Биз компаниянын наркы да ушул сумманын тегерегинде деген ишенимдебиз. Андыктан жасалма айыптар, салык боюнча дооматтар да ушул суммага шайкеш кетүүдө. Өзбек бийликтеринин билдирүүлөрүнө ылайык, биз төлөшүбүз керек болгон жасалма сумма компаниянын наркына дээрлик шайкеш келүүдө. Анткени мындай учурда компанияны жөн эле тартып алып коюшат. Алар негизинен “биз компанияны алабыз, ошону менен баары бүтөт”,- деп жатышат.

Вице-президент Майкл Хеккер “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде кошумчалагандай, компанияны тартып алууга бийликтин жогорку чөйрөсүндөгүлөр кызыкдар болушу мүмкүн:

- Президентке жакын адамдар, анын үй-бүлө мүчөлөрү, бийлик чөйрөсүндөгү башка таасирлүү адамдар жөнүндө жоромолдор көп. Бирок бул жоромолдорду биз азыр коомчулукка ачык талкуулабайбыз. Анткен менен биз өкмөттүн, прокуратуранын, тескөөчү мекеменин бир жерден башкарылган аракеттерине күбө болуудабыз.

МТСтин билдиргенине караганда, компанияга салык боюнча эле азыр 900 миллион доллар доо коюлууда.

Өзбек бийликтери МТСтин Өзбекстандагы бөлүмү - “Уздунробита” компаниясынын мурдагы башкы директору Бекзод Ахмедовду каржылык кылмыштары үчүн айыптап издөө салган, ал мекенинен компанияга каршы өнөктүк башталганга чейин эле чыгып кеткен.

Баш директордун милдетин аткарууга жаңыдан дайындалган Радик Даутов компаниянын жогорку жана төмөнкү баскычтагы башка төрт менеджери менен түрмөгө түшүп, бирок Орусиянын жараны болгондуктан Москванын кийлигишүүсү менен эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил кат менен бошотулду. Бирок төрт мененджер абакта кала берүүдө.

Кызматкерлерге кысым

Компаниянын вице-президенти Майкл Хеккердин ырастоосунда, алардын суракка алынган кызматкерлери жалган көрсөтмө бериш үчүн тергөөчүлөрдүн кысымына кабылган:

- Бизге кийин айтышкандай, аларды такай коркутуп-үркүтүшкөн. Кишенделген адамдары көргөзүп, күнөөнү моюнга алган кагазга кол койбосоңор ушулдардын кейпин кийесиңер дешкен. Батирине наркозат таштап, тинтишерин айтышкан. Иши кылып, коркутуунун салттуу ыкмаларынын баарын колдонушкан. Бул Өзбекстандын эле эмес, адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарды бузгандык.

Майкл Хеккердин айтымында, инвесторлорунун 30% АКШдан болгондуктан, алар өзбек бийликтери менен талашында Вашингтондон да колдоо алууга аракеттенүүдө.

МТС иштебей калган соң жаңы сим карта алуу үчүн котологон кардарлар. 17-июль, 2012-жыл.
МТС иштебей калган соң жаңы сим карта алуу үчүн котологон кардарлар. 17-июль, 2012-жыл.
Быйыл 8-августта компания адам укугун коргоочуларга да кайрылуу жолдоп, Өзбекстандагы кызматкерлеринин укугун коргоодо көмөк көрсөтүүгө үндөгөн.

Кандай болгон күндө да МТС уюлдук операторунун Өзбекстандагы бизнесине азыр эле олуттуу сокку урулуп калгандай болду. Компаниянын үстүнөн кара туман айлана баштагандан бери эле анын миллиондогон кардарлары башка төрт уюлдук операторго өтүп кетүүгө ашыгышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG