Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:56

Швециянын Башкы прокуратурасы белгилүү өзбек диниятчысы Обидхон кары Назаровго кол салуу боюнча тергөөнү бүтүп, ишти кароону Остершунд шаардык сотуна берди.

Бул ишти иликтеген тергөөчү Кристер Петерсондун айтымында, 23-ноябрга дайындалган сотто имамды өлтүрүү аракетине шектелип кармалган Юрий Жуковскийдин артында өзбек бийлиги турган жагдай каралат. Быйыл август айында кармалган Жуковскийди Орусия Швецияга өткөрүп берген болчу.

Ташкендин “тапшырмасы”

Швециянын Башкы прокуратурасынын тергөөчүсү Кристер Петерсон өзбек диниятчысы Обидхон Назаровго кол салуу фактысы тергелип бүтүп, иш сотко өткөрүлгөнүн билдирди.

Тергөө кылмышка шектүү өзбек жараны Юрий Жуковскийге “имамга кол салууну бийликтин буюртмасы менен аткарган” деп айыптоо корутундусун чыгарды.

Өзбек диниятчысы, Каримов режиминин ашынган сынчысы жана саясий качкын Назаров 2012-жылы 22-февралда Швециянын Стромсунд шаарындагы үйүнүн жанынан башына ок жеп, бирок тирүү калган. Мына ошондон бери 57 жаштагы Обидхон Назаров оор абалда ооруканада жатат. Швециянын тергөө органдары бул иш боюнча өзбек бийлигин түздөн-түз айыпкер катары жоопко тарта албайт.

Бирок ага карабастан тергөөчү Кристер Петерсон “Азаттыктын” өзбек кызматына айыпкер буюртма аткарганы боюнча далилдер бар экенин айтты:

- Айыптоо корутундусунда бул кылмыштын артында түздөн-түз президент Ислам Каримов же анын атайын кызматы турат деген сөз жок. Ошондуктан сотто аларга каршы конкреттүү айып коё албайм. Ушуга байланыштуу өзбек бийлиги тергөөдө мени менен кызматташкан жок. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө мен айыпкер Жуковскийдин өзбек бийлигинен же ортомчулардан көрсөтмө, буйрук жана көмөк алып турганын ырастоочу фактыларды аныктадым.

Имамдыктан саясий качкынга чейинки жол

Обидхон Назаров Ташкенттеги чоң мечиттин имамы болгон. 1990- жылдардын орто ченинде ал Өзбекстандын муфтийлигине талапкерлердин бири катары каралган. Бирок өзбек бийлигинин мечиттер менен имамдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөткөнү Назаров баш болгон диниятчылардын сынына кабылган.

Андан кийин ал кызматынан алынып, ага карата кылмыш иши козголгондо Назаров Казакстанга качкан. Өзбекстандын атайын кызматы кийин аны 1999-жылдагы Ташкенттеги жардырууга катышы бар адамдардын бири катары эл аралык издөөгө берген. Жети жылга чукул Казакстанда жашаган Обидхон Назаров 2006-жылы Швециядан саясий башпаанек алган. Бирок Өзбекстан ага коюлган айыптоону иликтеп чыгып, аны аягына чыгаруунун ордуна эмнегедир 2011-жылы эл аралык издөөнүн тизмесинен чыгарган.

Назаровго кол салууга шектүү деп табылган Юрий Жуковский Орусиянын аймагынан кармалган. Бул иш боюнча алдыдагы аптада боло турган сот иши биринчиси эмес. 2012-жылы июнда бул кылмышка көмөктөшкөн деген айып менен Швецияда өзбекстандык түгөйлөр Баходыр Пулатов менен Нодира Аминова кармалган. Бирок сот далилдер жетишсиз деген негизде ал түгөйлөрдү камактан бошоткон. Тергөөчү Петерсон бул жолу айыпкерге карата далилдер жетиштүү экенин мындайча белгиледи:

- Биз сотко тапшырган айыптоо корутундусунда айыпкердин телефондук байланыштары, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, видеобайкагычтан алынган тасма сыяктуу техникалык далилдер бар. Ошонун баары окуя болгон учурда Жуковскийдин Стромсунд шаарында болгонун далилдейт. Курал салынган рюкзакта анын манжаларынын изи калган. Менимче, бул өтө күчтүү далил базасы топтолгон айыптоо корутундусу болду. Тергөөдө айыпкер буга карата эч нерсе дей алган жок. Анын ордуна ал болгону чындыкты ача албасын жана үй-бүлөсүнүн тагдырынан коркорун кайталап жатты.

Саясий качкын Обидхон Назаров 2012-жылкы жолку кол салуудан бери ооруканада жатат, ага бир нече жолу операция жасалды. Тергөө бул ишке Өзбекстандагы “Пахтакор” футболдук клубунун жетекчисинин өтүнүч каты менен виза алып, Швецияга келген өзбек жараны Юрий Жуковскийди шектүү деп тапкан.

Айыпкер Назаровго кол салуунун алдында ал жашаган Стромсунд шаарына эки ирет барганы аныкталып, андан кийин Орусияга качканы такталганда Швециянын соту аны камоого сыртынан санкция берген. Ага карата тергөө материалдарын карап чыккан Орусиянын тартип коргоо органдары быйыл Жуковскийди кармап, Швецияга өткөрүп берген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG