Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Өзбекстанда президенттик шайлоо өттү


Президенттин милдетин аткаруучу жана башкы талапкер Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен Ташкент шаарындагы шайлоо тилкесинде добуш берди.
Президенттин милдетин аткаруучу жана башкы талапкер Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен Ташкент шаарындагы шайлоо тилкесинде добуш берди.

Бүгүн Өзбекстанда президенттик шайлоо өттү. Кечки саат 8де өлкөдөгү бардык добушканалар жабылды.

Кечки саат 19:00гө карата Өзбекстанда шайлоочулардын 85 пайызы добуш берди. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясына эл аралык байкоочулардан шайлоодо мыйзамы бузулганы же кемчиликтер тууралуу бир да арыз түшкөн жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында БШК төрагасы Мырза-Улукбек Абдусаломов билдирди.

Өзбекстан президентинин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарындагы шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал добушканага жубайы жана балдары менен келди.

Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен шайлоо тилкесинде. Ташкент, 4-декабрь, 2016-жыл
Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен шайлоо тилкесинде. Ташкент, 4-декабрь, 2016-жыл

Президенттик шайлоо үчүн өлкөнүн ичинде 9383 шайлоо участкасы, ал эми чет өлкөдө 44 шайлоо тилкеси иштеди.

Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, добуш берүүгө укуктуу жалпы 20 миллион 428 миң шайлоочу бар.

Кыргызстандык байкоочулар Өзбекстанда жүрөт

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков, Улуттук илимдер академиясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган делегация Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында жүрүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен кабарлады.

Алар Өзбекстанда өтүп жаткан президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салышты.

Мындан тышкары шайлоого мониторинг жасап жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочуларынын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Алмазбек Акматов, Айтмамат Назаров жана БШК мүчөлөрү Назарали Арипов жана Акылбек Эшимов бар.

Кыргызстандык байкоочулар Ташкент шаарындагы бир катар шайлоо участокторуна баш багып, андан тышкары Ташкент, Анжиян, Фергана, Наманган, Самарканд, Кашкадарыя облустарына дагы барып шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүздү. Эл аралык байкоочулар менен бирге шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат да беришет.

Талапкерлер төртөө

Бүгүнкү президенттик шайлоого төрт адам талапкерлигин койгон. Олий Мажлистин вице-спикери Хатамжон Кетмонов өткөн жылкы шайлоодо да талапкерлигин койгон эле. Анда 3% жакын добуш алган.

Дагы бир талапкер Нариман Умаров да ошондо чыгып, алган добушу 2% бир аз ашкан.

Булардын эң жашы Өзбекстан демократиялык партиясынан чыккан Сарвар Отамурадов.

Бирок байкоочулар булар жеңиш үчүн эмес, жөн гана коомчулукка демократия, атаандаштык бардай түр көрсөтүү үчүн чыгарылганын айтышат.

Төртүнчү жана эң негизги талапкер Шавкат Мирзиёев жеңери шайлоо белгилене электе эле катуу талкуулана баштаган. Мирзиёев 2003-жылдан баштап Өзбекстандын өкмөтүн башкарып келет. Ислам Каримов көз жумгандан кийин президенттин милдетин аткарууда.

Шайлоого аттанган талапкерлер
Шайлоого аттанган талапкерлер

​Өзбекстанда буга чейинки шайлоолордо Ислам Каримов гана 80-90% кем эмес натыйжа менен жеңип келгени белгилүү.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын жетекчиси Алишер Сыддык бул ирет деле натыйжа ошондой болорун болжолдоодо:

- Кайсы бир талапкерлердин бир кресло үчүн атаандаштыгы, таймашы жок. Номиналдуу талапкерлер, анан шайлана турган адам гана бар. Ал Мирзиёевдин шайлоосу деп аталат. Мурда Каримовдун шайлоосу болчу. Элге кааласаңар да, каалабасаңар да тандайсыңар, ушул силердин президент деп тапшырылат. Бул менин оюм эмес, ЕККУ баш болгон байкоочулар көптөгөн жылдар бою шайлоонун аягында атаандаштык болбогон шартта өттү деген жыйынтыкка келишчү. Азыр деле ошондой. Мисалы, бир профессионал мушкерге көчөдөн бирөөлөрдү алып келип беттештирсе, албетте мушкер жеңет дейсиз да. Ошол сыяктуу мен деле Мирзиёевге добуш бермекмин. Анткени Кетмонов жана башкаларды анча билбейм. Анан калса, шайлоодо "куурчактын ролуна" макул болгон кишиге кантип добуш бермек элеңиз?

Кайсы бир талапкерлердин бир кресло үчүн атаандаштыгы, таймашы жок. Номиналдуу талапкерлер, анан шайлана турган адам гана бар. Ал Мирзиёевдин шайлоосу деп аталат. Мурда Каримовдун шайлоосу болчу.
Алишер Сыддык

Ошол эле учурда Алишер Сыддык бул жолку шайлоо кампаниясы Каримовдукунан айырмаланарын айтууда. Өзбекстандык маалымат каражаттарынан деле бардык талапкерлер активдүү үгүт жүргүзүп, телеканалдардан чыгып жатканын көрүүгө болот.

- Каримовдун тушундагы шайлоо процесстери дегеле шайлоо процессине окшочу эмес. Биринчиден, акыр-аягына чейин шайлоо болор-болбосун эч ким билчү эмес. Бизге Каримовдун кабинетине бирөө баш багып, "аксакал быйыл шайлоо жылы" дегенге даабагандай туюлчу. Ошон үчүн бир ай ичинде жарыяланып, Конституцияга туура келбесе да тез арада өтчү. Бул ирет кампания башкача жүрүүдө. Мирзиёев бир аймактан бир аймакка барып, эл менен жолугуп убадаларды берип жатат. Эми андан эч ким деле убада талап кылбайт. Ошентсе да ал элге сөз берип жатат.

Өзбекстанда бийлик аймактардагы башкаруучу кландарга бөлүнүп, алардын өкүлдөрү аркылуу башкарылары айтылып келет. Самарканддык кландын башында турат делген Мирзиёевдин салмагы, таасири, кызматы башкалардан жогору болгону, ага кошумча алардын тилин тапканы, андан соң президенттин милдетин аткара баштаганы белгиленет.

Шавкат Мирзиëев добуш берди
Шавкат Мирзиëев добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

Мирзиёев убактылуу президент болгону менен өлкөдө кыйла өзгөрүү болду. Кыргызстан, Тажикстан, Түркия сыяктуу өлкөлөр менен мамиле оң жагына оой баштады. Каримовдун тушунда саясий негизде камалгандардын айрымдары түрмөдөн бошотулду.

Ошентсе да, Сыддык жана башка өзбекстандык талдоочулар Мирзиёев деле келечекте устаты, маркум Каримовдун жолуна түшөрүн айтышууда.

Өзбекстанда акыркы шайлоо 2015-жылы өтүп, анда 90% ашык добуш менен Ислам Каримов жеңген эле.

Каримов быйыл сентябрдын башында дүйнөдөн кайткан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG