Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Каримовдун ордуна төрт талапкер аттанды


Өзбекстандагы төрт партия көрсөткөн партия талапкерлер.
Өзбекстандагы төрт партия көрсөткөн партия талапкерлер.

Өзбекстанда 4-декабрда өтчү мөөнөтсүз президенттик шайлоого төрт партия өз талапкерлерин аныктады. 17-сентябрда Элдик-демократиялык партия өз төрагасы Хотамжон Кетмоновдун талапкерлигин көрсөттү.

Өзбекстанда президенттикке талапкерлердин катары Элдик-демократиялык партиядан Хотамжан Кетмонов менен толукталды. Аталган партиядан 17-сентябрда көрсөтүлгөн Кетмоновдун талапкерлиги эми 14-октябрга белгиленген партия съездинде расмий бекитилиши керек. Мындан соң гана Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер катары каттайт.

Кетмонов ушуну менен экинчи жолу президенттикке ат салышат. 2015-жылдагы президенттик шайлоодо ал маркум Ислам Каримовго атаандаш катары чыккан. Анда Кетмонов шайлоочулардын 2,92% добушуна ээ болгон.

Элдик-демократиялык партиядан талапкер Хотамжон Кетмонов.
Элдик-демократиялык партиядан талапкер Хотамжон Кетмонов.

​Анжиянда туулуп-өскөн 47 жаштагы Хотамжон Кетмонов Элдик-демократиялык партиясынын төрагалыгына 2013-жылы шайланган.

Кесиби боюнча орус тил жана адабият мугалими. Учурда парламентте элдик-демократтардын фракциясын жетектеген Кетмонов буга чейин Анжиян облусунун акиминин орун басары болуп иштеген.

150 орундуу өзбек парламентинде Элдик-демократиялык партиядан 27 депутат бар. 2015-жылдын март айында бул фракция парламенттеги көпчүлүк коалицияга оппозиция болорун жарыялаган.

Тактай кетсек, Өзбекстандын парламентинде Либерал-демократтар партиясы 52 орунду, ал эми “Улуттук кайра жаралуу” партиясы 36 орунду ээлейт.

16-сентябрда бийликтеги Либерал-демократтар партиясы (УзЛиДеП) учурда президенттин милдетин аткарып жаткан өлкөнүн премьер-министри Шавкат Мирзиёевди өлкө башчылыгына талапкер катары көрсөттү. Мирзиёев 4-декабрдагы шайлоодо негизги талапкер катары аталууда.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнүн башында турду. Баш мыйзамда президенттин милдетин парламент спикери убактылуу аткарары каралса да, Мирзиеев мамлекет башчысынын милдетин аткарууга киришти.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти Сирожиддин Ислам Мирзиёев шайлоо өнөктүгүнө киришкенин айтат:

- Шавкат Мирзиёев Ислам Каримов менен коштошуу зыйнатынан кийин шайлоо өнөктүгүнө дароо эле киришти. Ал ага көзү түз жана берилген адамдарды тандоого киришти. Өзбекстандан кабары бар эксперттер да мына ушинтип ойлоп жатышат. Ал эми 2003-жылдан бери премьер-министр катары өлкөдөгү 12 облус жана Каракалпакстан менен түздөн-түз иштешкен. Андыктан жер-жерлердеги кадрларды билет. Премьер-министрдин орун басарларын, ички иштер министринин орун басарын, бир топ райондордун акимдерин, милиция башчыларын тез эле алмаштыруу Шавкат Мирзиёев бийлигин бекемдөөгө олуттуу көңүл буруп жатканынан кабар берет.

Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев.

Шавкат Мирзиёев Жизак облусунун Заамин районунда 1957-жылы жарык дүйнөгө келген. 2003-жылдын декабрь айынан бери Өзбекстан өкмөтүнүн башчысы. Ага чейин Самарканд жана Жизак облустарын жетектеп келген.

- Мирзиёевге дагы үч партиядан үч атаандаш чыкты. Алар лидер саналган партиялар иш жүзүндө оппозициячыл эмес, чөнтөк партиялар. Андыктан бул ирет да атаандаштар шайлоо күнү Мирзиёевди колдойбуз десе таңкалычтуу эмес. Өз партияларынын лидерлери делген бул адамдарды Өзбекстанда эч ким деле тааныбайт, - деди “Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти Сирожиддин Ислам.

Президенттике чыккан үч атаандаштын бири “Миллий тикланыш” же “Улуттук кайра жаралуу” партиясынын лидери Сарвар Отамурадов. 38 жаштагы Отамурадов Ташкентте туулган. Ташкент мамлекеттик университетин аяктаган, социология илимдеринин кандидаты.

Отамурадов “Улуттук кайра жаралуу” партиясынан парламенттин төрага орун басары.

“Улуттук кайра жаралуу” партиясынын лидери Сарвар Отамурадов.
“Улуттук кайра жаралуу” партиясынын лидери Сарвар Отамурадов.

Президенттикке ат салышууну көздөгөн төртүнчү талапкер -“Адолат” социал-демократтар партиясынын төрагасы Нариман Умаров. Партиянын уставына ылайык, мамлекет башчылыкка талапкер партиянын курултайында расмий бекитилет.

Буга байланыштуу “Адолат” партиясынын жыйыны 15-октябрга белгиленди. 64 жаштагы Нариман Умаров да Ташкентте төрөлгөн. Кесиби боюнча геолог. Буга чейин Табиятты коргоо боюнча комитетин башкарып, 2013-жылы “Адолат” партиясына төрагалыкка шайланган. 2014-жылы өз партиясынан парламентке депутат болуп келген.

"Адолат" партиясынын лидери Нариман Умаров.
"Адолат" партиясынын лидери Нариман Умаров.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов инсульттан улам каза болгон соң Өзбекстанда мөөнөтсүз президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленген.

Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерлерди республикада каттоодон өткөн саясий партиялар көрсөтөт. Өзбекстан калкынын саны 32 миллион адам. Алардын ичинен жашы боюнча 21,5 миллиону шайлоого катышууга укугу бар.

XS
SM
MD
LG