Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Ак-Сайда жол тазалоо кыйынчылык менен коштолууда


Кар көчкү
Кар көчкү

ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдиргендей, өрөөндө катуу шамал азыркыга чейин токтобой, тазаланган жолдо кар күрткүсү пайда болууда.

- Бүгүнкү күндө Торугарт – Көк-Кыя – Кында жолунун 115 чакырымы тазаланды. Бирок иш кыйынчылык менен жүрүүдө. Себеби техникалар бир тилкени тазалап, кийинки орунга барганда катуу шамалдын кесепетинен кайра эле кар күрткүсү пайда болуп жатат.

23-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов башында турган топ, Ак-Сай өрөөнүнө гуманитардык жардам жеткирип барышты.

Бүгүн куткаруучулар Торугарт тозотуна багыт алып Торугарт - Көк-Кыя - Кында унаа жолундагы Жаңы-Культцентр аймагынан өткөндүгү белгилүү болду. Куткаруучулар бул аралыкта үч кишиге жардам берип, кыштоодон райондук ооруканага жеткиришти. (SDz)

XS
SM
MD
LG