Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Өзбекстанда сакалчандар текшериле баштады


Өзбекстандагы мечиттердин бири
Өзбекстандагы мечиттердин бири

Өзбекстанда сакалчандарды текшерүү башталды. Ички иштер кызматкерлери жаштарга сакал-мурутту кырып, чаарбаштыктан оолак жүрүүнү эскертүүдө.

Күч кызматтары мындай аракеттер бөлүп-жаруучулук кыймылдардын таасирин азайтат деп эсептешет.

Сакал-мурутчандарды көзөмөлгө алуу Өзбекстандын Хорезм облусунан башталды. Ички иштер кызматкерлери үймө-үй кыдырып, сакал койгон жаштарды издешүүдө. Облуста чаарбаш уюмдардын катарында жүргөн жаштардын эки өкүлү кармалгандан кийин мындай текшерүүлөр кескин күчөгөн.

Хазарасп районундагы атын атагысы келбеген өзбек жараны “Азаттыкка” жагдайды мындайча түшүндүрдү:

- Экстремизмге шектелип кармалгандардын бири Хазарасп районунун акимчилигинин маңдайындагы төрт кабаттуу үйдө жашачу экен. Экинчиси Пичокчи кыштагындагы Жувондир көчөсүндө турчу экен. Милиция алардын үйүн текшерип, өздөрүн камап салган. Алар бир аз сакал коюп, жөн эле намаз окучу, эмнеге камап салганын билбейбиз. Бирок ошондон бери башка жаштарды да тыкыр текшерүүгө алып атышат. Өзгөчө сакал койгондорду көрүнгөн жерден кармап кетишүүдө.

“Азаттыктын” күч кызматтарындагы булактары да ошол эки адам терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан кармалганын тастыкташты. Алардын иши боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Хазарасп районундагы атын атагысы келбеген ички иштер кызматкери Хорезм облусунун куч кызматтары сакал койгон жаштарды участокко чакырып, суракка алып жатканын жашырган жок. Укук коргоо органдары аларды суракка алып, алардын бөлүп-жаруучу жикчил уюмдарга кирүүдөн оолак болууга үндөп, сакалды таптаза алып коюуну катуу эскертишүүдө. Ташкендеги ички иштер кызматкери:

- Шек жарата баштаган же сыртынан күмөндүүдөй көрүнгөндөрдүн баарын эле участокко алып келип атабыз. Аларга “экстремисттик уюмдарга кирбегиле, сакалыңарды кырып жүргүлө" деп эскертүү беребиз. Түшүнүк кат алгандан кийин коё берип жатабыз. Мындан сырткары кварталдарда да участкалык милициялар катуу иш баштады. Бул аракетибиздин баары “Ислам мамлекети” радикалдык кыймылынын өзбек жаштарына таасирин азайтуу максатында болуп жатат.

Хорезм облусунун атын атагысы келбеген башка бир жашамал тургуну күч кызматтарынын бул текшерүүсү - 31-августтагы Өзбекстандын эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу коопсуздукту алдын алуу аракети болушу ыктымал деген ойдо:

- Азыр күч кызматтары эле эмес, көчөдөгү активисттер жана аксакалдар да райондогу айылдарды кыдырып, чараларын күчөтүүдө. Милиция “Ислам мамлекети” террордук уюмунун үгүттөөчүлөрүнөн сак болууга үндөп, жаштарды этият кылууну эскертип атат. Негизи жыл сайын эле эгемендүүлүктүн алдында ушундай иш-чаралар күчөчү. Бул да ошонун бири го дейм. Азыр милиция мааледен керек болсо лөлүлөрдү да кууп жатат.

Ар кайсы диний агымдарга байланышы бар деген шек менен адамдарды себепсиз камаган фактылар Өзбекстанда буга чейин да бир нече жолу катталган. Ушул жылдын башында эле Самарканд облусунун Каттакурган районундагы Пайшанба шаарында беткапчан аскер кызматкерлери бир үйгө кирип келишип тыюу салынган уюмдун мүчөсү деген шек менен бир үйдөн он кишини кармап кетишкен.

Дүйнөдөгү дин тутуу маселелери боюнча АКШнын эл аралык комиссиясы да соңку баяндамасында Өзбекстанды дин эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарына кошкон.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG