Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Өзбекстан: пахтага айдалган имамдар


Өзбекстан пахта талаасы
Өзбекстан пахта талаасы

Өзбекстанда жабыла пахта терүү кампаниясына карата мечиттерде да үгүт иштери башталды. Молдолор пахта терүү сүннөт экенин айтып, калкты талаага чыгууга үндөөдө. Эми ал тургай имамдар өздөрү да пахта терүүгө чыкканы жатышат.

Өзбекстандагы бир катар мечиттерде жума намаздан кийинки насаат темасы “пахта терим” болуп калды. Имамдар жарандарды пахта терүүгө үндөп, түшүмдүн мол болушун тилеп дуба кылышууда.

- Кечээ жума намазда мечиттин молдосу бизди пахта теримге чыгууга чакырды. Ал мусулмандар дыйкандарды моралдык жактан, колунан келсе каржылык да колдошу керектигин эскертти. «Пахта терүү» сүннөт экенин имам намаздан кийинки маселеде бир канча жолу айтты. Эми аны парз кылып салышпаса эле болду,-деп жазды өзбекстандык тургундардын бири Фейсбуктагы барагында.

Ташкент шаарындагы Кожо Аламбардор ири мечитинин кызматкери да була жыйым боюнча үгүт иштерин жүргүзүү тууралуу муфтияттан тапшырма келгенин «Азаттыктын» өзбек кызматына тастыктады:

- Өзбекстан мусулмандарынын рухий башкармалыгы тарабынан атайын буйрук келген. Биз ошого таянуу менен мечиттерге келгендерди талаага жумушка чыгууга үгүт жасап атабыз. Жалпы мусулмандар Кудайга жалбарып, дыйкандарга жакшы түшүм беришин тилеп олтурабыз. Пахта терим биздин өлкө үчүн канчалык маанилүү экенин, мусулмандар үчүн канчалык зарыл экенин жеткирип атабыз,-дейт атын атагысы келбеген имам.

Диниятчы белгилегендей, облустардагы мечиттерде да имамдардын жардамы менен пахта теримге насаат иштери жүрүүдө.

Швецияда жашаган белгилүү өзбек имамы Мухаммадсолих Абутов Өзбекстанда мечит имамдары бийликтин саясий үгүт куралына айланып калганын мына ушул нерселер далилдеп турат деген пикирде:

- Адамдарды «өкмөттү сындабаңыздар, газдын акчасын төлөңүздөр, пахта тергени чыгыңыздар» деп имамдар наасат айтышат. Бул эмне дегендик? Бул жерде каяктагы дин? Бүгүн Өзбекстанда мечиттер тирандардын жарчысына, зулумдардын үгүттөөчүсүнө айланып калды,- дейт Абутов.

Өзбекстан мусулмандарынын рухий башкармалыгынын аймактардагы бөлүмдөрү кабарлагандай, бул жылы имамдар пахта терим кампаниясынын алкагында үгүт жасоо менен гана чектелишпейт. Сезон учурунда имамдар өздөрү да талаага чыгып, Өзбекстандын көп тонналуу пахта кырманын толтурууга салым кошмокчу. Өлкөдө жалпы эки миңден ашуун мечит болсо, аларда иштеген 3-4 миңдей диниятчылар эми этек кармап талаага чыгаары күтүлүүдө.

Ал арада Ташкент шаарынын «Карвон» жана «Абу-Сахий» базарларындагы жеке менчик соода ээлери да аларды пахта терүүгө бийлик мажбурлап жатканын айтып чыгышты. Талаага чыкпаган соодагерлер акча төлөөгө аргасыз болушууда:

- Бийликтер бизге келип, ар бир соода жайынан бирден киши 10 күнгө пахта теримге чыгышы керектигин эскертишти. Зарыл болсо бир айга да иштетиши мүмкүн экен. Жумушка чыкпаганда 400 миң сум (84 долларга жакын) төлөп беришибиз керек экен. «Биз соода кылабызбы же пахта теребизби, талаага чыкканга кишини каяктан табабыз?» деп айттык. Бирок акимиат менен салык кызматы ага болбой эле мажбурлап атат. Эми айла жок сураган акчасын төлөп берип кутулат окшойбуз,- деди ташкендик соодагерлердин бири Шоира Содикбекова.

Эл аралык укук коргоо уюмдары өзбек бийликтерин айыл чарба жана пахта жыйым иштерине жарандарды мажбурлап тартуу аракеттерин сынга алып келет. Анын ичинде бир катар бирикмелерден турган Cotton Campaign («Пахта кампаниясы») Эл аралык кыймылы Өзбекстандын пахтасын сатып албоо тууралуу чакырыктар менен чыккан.

Бул таасирлерден улам Ташкент талаага жашы жете электерди талаага мажбурлап алып чыгуусун токтоткон. Бирок окуучулар чыкпагандан улам жумушчу күчү дефицит болуп, бийликтер миллиондогон жарандарды пахта тердиртүүсү күчөдү. Өзгөчө мугалимдер, дарыгерлер жана студенттер жыйым сезонунда күн сайын талаага катташууда.

Өзбекстанда пахта сезону август айынан башталган. Сентябрдын башынан мамлекеттик мекемелерде иштеген жана окуган жарандардын баары милдеттүү түрдө пахта теримге чыгуусу керектиги боюнча расмий буйрук чыккан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG