Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Өзбек диссиденти 21 жылдык абактан чыкты


Мурад Жураев (солдо) азаттыкка чыккан алгачкы саатта. Ташкен облусу, 12-ноябрь, 2015.
Мурад Жураев (солдо) азаттыкка чыккан алгачкы саатта. Ташкен облусу, 12-ноябрь, 2015.

Өзбекстанда оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты, 21 жылдан бери камакта отурган Мурад Жураев эркиндикке чыкты.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары менен Жураевдин жактоочулары анын камалышына саясий көз карашы себеп болгонун, бул иштин артында саясат турарын айтып келишкен. Оппозициялык саясатчы АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Өзбекстанга иш сапары менен келип, президент Ислам Каримов менен жолугушуп кеткенден он күндөн соң азаттыкка чыгып отурат.

Жыйырма жылдан ашкан абактагы азап

Оппозициялык саясатчы, кырктын кырынан эми гана өткөндө камакка алынып, 21 жылдык өмүрүн абакта өткөргөн Мурад Жураев 12-ноябрда эртелеп Ташкендин жанындагы Чирчик абагынан азаттыкка чыгарылды. Саясий туткунду Өзбекстандагы бир ууч укук коргоочулар менен жакындары тосуп алды. “Эзгулик” деп аталган жергиликтүү укук коргоо уюму ал абактан чыгар замат жакындарынын коштоосунда кичи мекени Кашка-Дарыя облусуна жөнөп кеткенин кабарлады.

Мурад Жураев 1991-92 жылдары өзбек парламентинин депутаты болгон. Бир канча жыл Кашка-Дарыя облусундагы мунайга бай Мубарак шаарын да башкарган.

Ал өткөн кылымдын 90-жылдарынын башында Өзбекстандагы демократялык кыймылдарга, демократиялык коом куруу аракеттерине аралашып, Өзбекстандын эгемендиги үчүн күрөшкөн адамдардын бири катары аталат. Эгемендик алган алгачкы жылдарда да өзбек бийлиги тандаган жол туура эмес экенин ачык айтып, бийликке тайманбай сын айтып жүрүшү аны акыры абакка алып келгени айтылып жүргөн.

Азыр 62 жаштагы Жураев 1994-жылы өкмөттү төңкөрүүнү пландаган деген айып менен камакка алынган. 1995-жылы Өзбекстан Жогорку Соту аны ушул эле айып менен 12 жылга кесип, бирок "абактын ички тартибин бузду" деген шылтоо менен жаза мөөнөтү кеминде төрт жолу узартылган.

Мурад Жураевди жакшы билгендердин бири, акын Дилора Искакова саламаттыгына карабай жаза мөөнөтү улам узартылып, 20 жылдан ашуун абакта отурушун анын дале айтканынан кайтпай, бийликке баш ийбеген мүнөзүнөн көрөт. Былтыр анын жаза мөөнөтү дагы узартылган учурда ал "Азаттыктын" өзбек кызматына буларды айткан эле:

- Мурад Жураев Мубарак шаарында бир канча жыл аким болуп туруп үй-бүлөсү үчүн бир үй да салган эмес. Бирок шаар үчүн, шаар калкы үчүн көп иш жасаган. Өзбекстандын эгемендиги үчүн учурунда өзүн унутуп күрөшкөн инсандардан. Ал дайыма туура сүйлөп, чындыкты гана айтчу. Кийин аны өлтүрмөкчү да болушту. Көчөгө велосипед менен чыккан уулу сырдуу жагдайда өлүмгө кабылды. Бул киши камактагы 20 жылдык азапка карабай эч кимди сатпады. Камактан чыгуу үчүн ырайым сурап, ар кандай кат-кайрылууларга да кол койгон жок.

Мурад Жураев эл аралык укук коргоо уюмдары, кала берсе бир канча өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан Өзбекстанда эң узак камалган саясий туткун деп табылып, өзбек бийлигине бир канча жолу аны бошотуу талабы коюлуп келген.

Жон Керриге жооп болдубу?

Мындан эки жумадай мурда Борбор Азия сапарынын алкагында Өзбекстанга келген АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Самаркандда президент Ислам Каримов менен жолугушкан эле. Анын алдында эл аралык укук коргоо уюмдары Керрини Өзбекстанда адам укуктарына байланышкан маселени да козгоого чакырган.

Америкадагы айрым басылмалар Жон Керринин бул сапары тууралуу материалдарында Өзбекстандагы адам укуктары боюнча абал ачык айтылбаса да жабык сүйлөшүүлөрдө сөз болушу, асыресе саясий туткундарды бошотуу тууралуу кеп козголушу ыктымалдыгын жазып чыгышкан. Байкоочулар Өзбекстанда эң узак камалган Жураев Жон Керри келип кеткенден көп өтпөй эркиндикке чыгышын ошол жабык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы катары баалап жатышат.

Өзбекстанда өлкө жетекчилери АКШнын мартабалуу өкүлдөрү менен жолугушар алдында, же кездешкенден кийин саясий себеп менен камалгандар бошотулган учурлар буга чейин да болуп келген. Маселен, президент Каримовду кызматтан кетүүгө үндөгөн чакырыктары үчүн камалган акын Юсуф Жума 2011-жылы АКШнын ошол туштагы мамкатчысы Хиллари Клинтондун визити учурунда бошотулуп, көп өтпөй АКШдан баш паанек алып кеткен.

Өзбек абактарында азыр деле бир канча адам саясий жүйө менен отурат. Алардын арасында кесиптик ишмердиги үчүн камалган журналисттер да бар. Саламаттыгы күн санап начарлаганына, а түгүл жашы улгайып баратканына карабай бийлик ар кандай шылтоо менен алардын жаза мөөнөтүн узартып келет.

21 жылдан бери камакта отурган Мурад Жураев эркиндикке чыкты.

21 жылдан кийин эркиндикке чыккан оппозиционер
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:33 0:00

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG