Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

AI Ташкент-Москва кызматташтыгын сындады


Amnesty International уюму кыйноолорду токтотуу талабы менен Өзбекстандын Берлиндеги элчиканасынын жанында уюштурган акция. 2014-жыл, октябрь.
Amnesty International уюму кыйноолорду токтотуу талабы менен Өзбекстандын Берлиндеги элчиканасынын жанында уюштурган акция. 2014-жыл, октябрь.

Эл аралык Amnesty International уюму Орусия бийлигине кайрылып, өзбекстандык жарандарды мажбурлап мекенине кайтаруу аракетин токтотууга чакырды.

Укук коргоочулардын маалымдашынча, саясий көз карашынан улам Орусияда башпаанектеп жүргөн өзбекстандыктар зордоп артка жөнөтүлгөндөн соң өз мекенинде кыйноолорго кабылып жатышат. Бул абалды билсе да Ташкент менен кызматташып жаткан Москванын аракетин адистер туура эмес деп сыпатташууда.

Amnesty International уюму 21-апрелде жарыялаган баяндамада Орусия Өзбекстандагы кыйноолорго “кол кабыш кылып жатканы” айтылат. Адистер орус бийлиги мекенине кайтарылган өзбекстандыктар азаптуу күндөргө туш болорун билсе да, Ташкенттин күч органдары менен кызматташтыкты улантып жатканын белгилешет.

Жон Далхизен, Amnesty International уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программалык директору
Жон Далхизен, Amnesty International уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программалык директору

​“Кыйноого багыт алган жол: Орусиядан мигранттарды уурдап, зордук менен Өзбекстанга жөнөтүү” деп аталган документте Москва өзбек бийлигинин экстрадиция боюнча өтүнүчүнөн баш тарткан учурлар чанда гана кездешери жазылган. Баяндамада саясий көз карашынан улам Орусияда башкалкалап жүргөн кишилердин уурдалып, Ташкентке өткөрүлүп берилиши сынга алынган.

Amnesty International уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программалык директору Жон Далхизен мындай “уурулукту” жана депортацияларды токтотууга чакырууда:

- Өзбекстанга жөнөтүлгөн кишилердин баары суракка алынат. Баары кыйноого кабылат. Орусия, тескерисинче, кыйноолорду азайтуу, сот адилеттүүлүгүн орнотуу боюнча Ташкентке басым жасаса жакшы болмок.

Мирсобир Хамидкараев түрмөдө
Мирсобир Хамидкараев түрмөдө

Соңку үч жылдан бери Адам укуктары боюнча Европа соту Орусияда жүргөн өзбекстандыктар арасынан 17 кишини мажбурлап мекенине кайтаруу боюнча чечимди жокко чыгарды. Ага карабай Ташкент-Москва кызматташтыгы уланууда. Бул жаатта тараптар кандайдыр расмий комментарий берген учурларды да кездештирүү кыйын.

Эки жыл мурун ишкер жана кинопродюсер Мирсобир Хамидкараевди Москвада белгисиз кишилер уурдап кетишкен. Аны орус жана өзбек күч органдары биргелешип кармоо операциясын жүргүзүп, уурдоо жолу менен Ташкентке жеткиришкени бир айдан соң билинген. Андан бери камакта жаткан Хамидкараевге тагдырлаш кишилер Өзбекстанда ондоп саналат.

Батыш мамлекеттери Өзбекстанда адам укуктарынын абалы начар экенин айтып, көп жылдан бери сындап келишет. Ага карабай, соңку кездери бийликтин саясатын сындап, мекенинен кетүүгө аргасыз болгон өзбекстандыктар Орусияда кармалып, артка жөнөтүлгөн фактылар көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG