Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Президент Каримов Москвага калканч издеп барды


Владимир Путин жана Ислам Каримов Кремлдеги сүйлөшүү учурунда. 15-апрель 2013
Владимир Путин жана Ислам Каримов Кремлдеги сүйлөшүү учурунда. 15-апрель 2013

Ислам Каримовдун сөзүнө караганда, 2014-жылы НАТОнун көп улуттуу аскерлеринин Ооганстандан чыгып кетүүсү Борбор Азияга чоң коркунуч жаратат.

Өзбекстандын президенти мындай пикирин 15-апрелде Москвада Орусия лидери Владимир Путин менен болгон жолугушууда ортого салды. Визит учурунда Борбор Азиядагы коопсуздук маселелери талкууланды жана экономикалык, маданий жана илимий-техникалык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.

Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан Орусиянын жакын союздаштары болгондуктан, алардын лидерлери тез-тез кездешип турат. Казакстан Бажы биримдигине жана Жамааттык коопсуздук келишими уюму - ЖККУга мүчө. Кыргызстан жана Тажикстан ЖККУга мүчө жана экөөнүн территориясында орус аскерлери бар.

Өзбекстандын Бажы биримдигине кошулуу ыкласы жок. ЖККУдан 2012-жылы чыгып кеткенден кийин, Ташкент эми Батыш жана Кытай менен коопсуздук жаатындагы кызматташууну күчөтөт деген божомолдор айтылган.

Өзбекстан 2014-жылы НАТО аскерлери Ооганстандан чыгып кеткен соң өлкөдө саясий тополоң дагы күчөйт деп чочуйт. Ошон үчүн НАТОнун аскерлеринин согуштук техникасын алып калуу үчүн АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө, Европа биримдиги менен курал эмбаргосун алып салуу боюнча сүйлөшкөн. Кытай менен да аскерий кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бирок АКШдагы Stratfor аналитикалык борбору баамдагандай, бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында маанилүү келишимдер түзүлгөн эмес.

Жоромолдонгондой эле, Москвадагы сүйлөшүү Өзбекстандын жетекчилигин 2014-жылы Ооганстандан Кошмо Штаттардын аскерлери чыгып кеткенден кийинки жагдай катуу кабатырга салганын көрсөттү.

Ислам Каримов бул маселеге токтолуп: “2014-жылы аскерлерди чыгаруунун аякташы Ооганстанда жарандык согушту жараткандан башка дагы, эң маанилүүсү, бүтүндөй региондо, кенен региондо чыңалууну күчөтүшү мүмкүн”, - деди. Каримов региондогу стабилдүүлүктү сактоо үчүн тийиштүү чараларды көрүү зарыл деп эсептейт.

Президент Путиндин айтышынча, эки жак Ооганстандагы кырдаалга кылдат көз салып туралы жана аскерий-саясий кырдаалды стабилдештирүүдө мүмкүн болчу кадамдарды макулдашып жасайлы деп сүйлөшкөн.

Кремлдеги кездешүүдө эки лидер Орусия-Өзбекстан арасындагы мамиле жакшы өнүгүп жатканын баса белгилешти. Владимир Путин, мисалы, үстүбүздөгү жылдын январь айында эки өлкө арасындагы соода 20 пайыздан көпкө өскөнүн, Өзбекстандын тышкы соодадагы эң чоң өнөктөшү Орусия экенин эскерте кетти.

"Өткөн жылы өз ара соода өстү, - деди Путин. - Анын көлөмү, түрдүү эсептөөлөр боюнча, 4 миллиардга жакын болот. Биздин өзбекстандык коллегаларбыз жана досторубуздун эсебинде ал 7 миллиардды түзөт".

Былтыр эки жак 3, 7 млрд. долларга соода кылган. Бул, Кремлдин маалымдашынча, 2011-жылга караганда 6, 2 пайызга аз. Өзбекстандын тышкы соодасында Орусиянын үлүшү 30 пайызды, Кытайдыкы - 12, Казакстандыкы - 10 жана Түштүк Кореянын үлүшү 8 пайызды түзөт.

Орусия Өзбекстан үчүн маанилүү экономикалык өнөктөштөн башка да жүз миңдеген эмгек мигранттары иштечү өлкө. Былтыр өзбекстандык мигранттар ата- журтуна 5,7 миллиард доллар жиберген. Бул Өзбекстандын ички дүң жыйымынын 16 пайызына тете акча.

Москвада инвестицияны колдоо жана коргоо, ошондой эле реадмиссия боюнча келишимге кол коюлду. Реадмиссия же өлкөдө мыйзамсыз жашап жүргөн жарандарды кайтарып берүү жөнүндөгү келишим Ташкент үчүн маанилүү. Себеби өзбек бийликтери Москваны өкмөткө каршы аракеттенген жана диний экстремизмге катышы бар деп шектелген жарандарын кармап берүүнү үзбөй сурап жүрөт. Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун билдиришинче, былтыр Өзбекстанда диний радикализмге тиешеси бар деп, 200дөн ашуун адам соттолгон.

XS
SM
MD
LG