Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Мирзиёевдин иши оппозицияны жибитти


Мухаммад Салих
Мухаммад Салих

Бозгундагы өзбек оппозициясынын эң таанымалы Мухаммад Салих өзбек президентин колдоп үн катты. 90-жылдардын башында Ислам Каримов менен теңтайлашып, бийлик кысымынан улам өлкөдөн чыгып кеткен, келишкис оппозиционер делген Салих кандайча жибип кетти?

Бозгундагы өзбек оппозициясынын эң таанымалы, Өзбекстан Элдик кыймылынын лидери Мухаммад Салих "Азаттыктын" өзбек кызматына маек куруп, азыркы өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин кадамдарын колдоп жатканын айтты:

- Жаңы лидердин алгачкы кадамдары биздин үмүттү ойготту. Шавкат Мирзиёевдин эл арасына кирип, ачык сүйлөшө баштаганы анын кимдигин, анын мурдагы жетекчиден өзгөчөлүгүн көрсөттү. Мирзиёевдин экономика жаатында жасап аткан иштери мактоого арзыйт. Элдин эмнеге муктаж экенин билгиси келип жатканы да бизди кубандырат.

Мухаммад Салих 1991-жылкы президенттик шайлоодо Ислам Каримовдун жалгыз атаандашы болуп, шайлоочулардын 13% добушун алганы расмий айтылат. Бирок Өзбекстандагы радиолор ага чейин 33% добушка ээ болгонун жарыялаган. Андан берки шайлоолордо Каримовдун бир дагы атаандашы Салихтей жыйынтыкка жетише элек.

Ошентип Салих 1993-жылы “мамлекетке чыккынчылык кылган" деп камалып, бирок дүйнө коомчулугунун басымынан улам бошотулат. Кийин өлкөдөн чыгып кетип, азыркыга чейин Түркияда жашайт. Укук коргоочулар Каримовдун бийлиги каяша айткан жүздөгөн адамдарды камаганын, ондогон адамдар куугунтук айынан өлкөдөн чыгып кеткенин белгилеп келишет. Оппозициячы эми жаңы президент аларга ырайым береринен үмүт кылууда:

- Биринчи кезекте түрмөдө отурган миңдеген адамдардын эркиндикке чыгышын, реабилитация кылынышын күтүп жатабыз. Реабилитацияны күткөндөр ичинде өзүм, туугандарым жана партиябыздын мүчөлөрү да бар. Миңдеген диндар катмарлар бар. Ошондо гана биз жаңы өкмөттү мактаганга жана колдоп-кубаттоого алабыз. Балким ал улуттук биримдикке коюлган биринчи кадам болот.

Шавкат Мирзиеёв
Шавкат Мирзиеёв

Өзбекстанда укук коргоочулар саясий негизде камалды дегендердин арасында Салихтин иниси Мухаммад Бекжан да бар эле. Ал 18 жыл абакта отургандан кийин быйыл февралда бошотулган. Андан башка да мурдагы президенттин оппоненттери эркиндикке чыкты.

Каримов тирүү турганда мындай болмок эмес дейт өзбекстандык журналист Замира Шукур.

Өткөн аптада Мирзиёевдин президенттикке расмий киришкенине жүз күн болгон. Бул убакыт ичинде Мирзиёев элдин жана оппозициянын ишенимин жандырган кадамдарды жасоодо дейт журналист:

- Бул 100 күн ичинде ал эл менен сүйлөшүү, коомдогу көкөйгө тийген проблемаларды чечүү үчүн чын ниети, каалоосу бар экенин баарына көрсөттү. Мындан улам жана иниси түрмөдөн бошотулганы үчүн Салих ишеним билдирип атат. Бирок азырынча Өзбек демократиялык оппозициясы, анын өзөгүн түзгөн Салих менен Мирзиёевдин бийлигинин диалогун көрө элекпиз. Бирок үмүт бар.

Мухаммад Салих өзү да инисин бошоткону менен азыркы президент тарабынан сүйлөшүү, ымалага келүү боюнча чакырыктар болбогонун белгилейт. Ошол эле учурда өзбекстандык талдоочулар, анын ичинде Замира Шүкүр да бийликте Мирзиёевдин демилгелерин колдобой тургандар барын эске алышууда.

Рейтер агенттиги мурдараак президенттин чечимдерине өлкөдөгү эки таасирдүү адам - коопсуздук кызматынын жетекчиси Рустам Иноятов жана каржы министри Рустам Азимов кедерги болуп жатканын атын атагысы келбеген өзбек дипломаттарына таянып жарыялаган.

Өзбек бийлигиндеги ыктымал тирештер боюнча макалаларда Мирзиёевдин экономиканы, валютаны либералдаштыруу максаты Каримовдун алгачкы доорунан бери бийликтин бийик катмарында отурган, өлкөдөгү каржы-экономикалык тармактарды көзөмөлдөгөн адамдарга жакпай, жаатташуу ушундан чыгып атканы айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG