Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Расмий Ташкент өлкө аймагында чет элдик аскерий базалар болбой турганын жарыялады.

Өзбекстанда өлкө Сенаты “Тышкы саясий ишмердик” боюнча концепцияны мыйзам иретинде кабыл алды, ага тушташ Ташкент өлкө аймагында чет элдик аскерий базалар болбой турганы жарыяланды. Чын эле ушундайбы?


Өзбекстанда өлкө парламенти Олий Мажлистин жогорку палатасы – Сенат “Тышкы саясий ишмердик” боюнча президент Ислам Каримов тарабынан сунушталган концепцияны жактырды. Тиешелүү мыйзам Сенаттын 30-августта Ташкентте ачылган тогузунчу пленардык сессясында кабыл алынды.

Өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун “Тышкы саясий ишмердик” концепциясы Сенатта каралып жаткан кезде билдиргенине караганда, Өзбекстанда эми чет элдик аскерий базалар жана объектилер жайгаштырылбайт. Концепцияга ылайык, Өзбекстан мамлекеттик бирикмелер эгер ал аскерий блокко айланса чыгып кетүүгө укуктуу. “Өзбек аскери эч убакта чет өлкөдө согушпайт, четтеги бейпилдик операцияларына катышпайт”, - деди Абдулазиз Камилов.

Ташкенттик саясат таануучу Фархад Толибовдун пикиринде, “Тышкы саясий ишмердик” концепциясынын мыйзам катары кабыл алынышы менен Өзбекстанда жаңы аскерий базалар жайгашары жөнүндө бери дегенде акыркы эки жылдан бери жүрүп жаткан кеп-сөздөргө чекит коюлду:

- Өзбекстан менен АКШнын мамилеси жакшыра баштагандан кийин көптөр америкалык база Өзбекстан аймагына кайтып келүүсү мүмкүн деп ырастай башташкан. Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыккандан кийин мындай кеп-сөздөр дагы күчөгөн. Бирок айтып коюу керек, жаңы концепция пайда болгонго чейин эле өзбек тарап да, америкалык тарап да АКШнын Өзбекстанда базаны кайра ачуу пландары жоктугун расмий деңгээлде бир нече ирет билдиришкен. Менимче, концепция бул маселеге чекит койду. Өзбекстан кандай болбосун чет элдик базаларга өз аймагын бербей турганын жана аталган принципти мыйзам негизинде карманарын ачыктады.

АКШнын Өзбекстанда аскерий база ачуу ниети жоктугун жакында Ташкентте болгон учурунда Мамлекеттик катчынын Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк дагы бир жолу кайталаган. Бирок анын акыркы билдирүүсү деле жоромолдорду токтото алган эмес.

Өткөн аптада эле орус басма сөзүндө, атап айтканда Кремлге жакын турган олигархтардын бири көзөмөлдөгөн “Коммерсанть” гезити Вашингтон менен Ташкент азыр Оперативдүү жооп берүү борборун түзүүнү сүйлөшүп жатканынын, ал борбордун негизги максаты 2014-жылы Ооганстандан АКШ аскерлери чыгарылгандан соң, кокус кырдаал курчуп кеткен учурлардагы аракеттерди координациялоо болорун жазып чыккан эле.

Сенатка чейин өзбек парламентинин төмөнкү палатасы жактырган “Тышкы саясий ишмердик” концепциясы толук кандуу мыйзамдык күчкө эми президент Ислам Каримов кол койгондон кийин ээ болот.

Бирок акыркы 20 жылдагы кыска тарых көргөзгөндөй, Өзбекстандын тышкы саясаттагы жүрүштөрү кырдаалга жараша бат-бат өзгөрүп турарын эске алганда, мунун бир эле мисалы Ташкенттин ЖККУ уюмуна эки ирет кирип, эки ирет чыгышы, азыркы тышкы саясий концепция канчалык туруктуу? Биз бул суроону кайра эле ташкенттик саясат таануучу Фархад Толибовго узаттык:

- Концепция бул түбөлүктүү документ эмес. Мыйзам жана концепция белгилүү бир тарыхый шарттарды эске алуу менен кабыл алынат. Мыйзам иштеп турган кезде Өзбекстандын тышкы саясаты анын жоболоруна ылайык аныкталат. Кырдаал өзгөрсө, албетте, түрдүү, анын ичинде базалар боюнча маселе чыгат. Бирок азыр биз эгер кырдаал өзгөрсө, базалар жайгаштырылуусу мүмкүн же жок деп жоромол жасай албайбыз. Анда кабыл алынган документтин баасы болбойт. Менимче, Өзбекстан тышкы саясат концепциясын мыйзам түрүндө, туруктуураак формада кабыл алып, узак же орто мөөнөттүү келечегинде ушундай тышкы саясатты карманарын аныктады.

Америкалык Christian Monitor Science гезитинин Борбор Азия боюнча эксперттерге шилтеме жасап жазганына караганда, Ташкенттин соңку чечимин анын өзүн АКШнын “куурчагы” иретинде көрсөтпөө мүдөөсү деп түшүндүрүүгө болчудай. Бирок Өзбекстандын АКШ жана НАТО менен аскерий кызматташтыгынын келечеги боюнча али суроолор кала берүүдө.

Christian Monitor Science басылмасы белгилегендей, жаңы мыйзам иш жүзүндө эмнени билдирерин көрүү үчүн али убакыт талап кылынат. Андан АКШ менен Өзбекстандын аскерий кызматташтыгына таасир болот же Ташкент базага жай берүүнү алдыда деле күн тартибинен чыгарбай, Кыргызстан 2009-жылы “Манастагы” аскерий базанын макамын Транзиттик борбор деп өзгөрткөндөгүдөй жолду колдонуусу мүмкүн.

Борбор Азияга адистешкен германиялык эксперт Майкл Лабуш да “Азаттык” менен маегинде мына ушундай ойду айтты:

- Менимче, бир жагынан АКШ коргоо министрлиги Өзбекстанда жаңы аскерий база ачууга абдан кызыкдар, өзгөчө геостратегиялык жүйөөдөн улам. Албетте биз билгенден Өзбекстан да мындай базалар үчүн четтен каражат алууну жакшы көрөт. Андыктан Өзбекстандын бул концепциясы ишке ашырылган күндө деле, АКШ Өзбекстанга кириши үчүн али мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы Германиянын аскер-аба күчтөрү Термездеги базада жайгашкан. Демек ал жер да жабылуусу керек. Германияда Термездеги аба базаны жабуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрөрү тууралуу азырынча эч маалымат жок. Андыктан мындай шарттарда мен АКШнын аскер-аба күчтөрү Өзбекстанга келиши үчүн али мүмкүнчүлүк бар деп эсептейм.

Чет элдик аскерий базалардын Өзбекстан аймагында жайгашуусун жокко чыгарган “Тышкы саясий ишмердик” концепциясын кабыл алган күнү өзбек Сенаты АКШ менен аба транзити боюнча макулдашууну да ратификациялады. Быйыл мартта Ташкентте кол коюлган макулдашуунун АКШнын Ооганстандагы жүктөрү менен аскер кызматчылары Өзбекстандын аба мейкиндиги аркылуу өтүшүнүн тартибин жөнгө салат. Азырынча бир жылга эсептелген келишим тараптардын каалоосуна ылайык, автоматтык түрдө узартыла алат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG