Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Жибек курт өстүрүүнү совет өкмөтү Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстанда мажбур жайылтып, 1990-жылга карай кеңири кулач жайган өндүрүш болгон.

Бүгүн Өзбекстан менен Тажикстанда жибек курт багып, жибек буласын берчү пилла өстүрүү дале бар. Бир айырмасы - Өзбекстанда сталиндик башкаруу кезден калган мажбурлап иштетүү дале сакталган. Ошол эле учурда була өндүрүү да кеңейүүдө.

“Зымга орогон пилладай, зыңгырайсың тилладай” же “Арка чачың буладай, буладай болгон чачыңды ай, кандай адам сылады ай”, деп элдик ырда айтылгандай, бир кезде пилла же жибектин буласы кыргыздар үчүн сулуулуктун, көркөмдүктүн үлгү-эталону болгон. Анткени сербаа жибек көпчүлүк үчүн санжыргалуу тукаба эле. Ошон үчүн күүгө салып ырдалган. Ал кезде Кыргызстандын түштүгүнүн тоо этегиндеги айыл-кыштактарда пилла курт өстүрүү милдеттүү өкмөттүк жумуш эле.

1929-жылдан башталган сталиндик беш жылдыктарда бийликтин запкысы менен калыптанган мажбурлап пилла курт бактыруу Өзбекстанда дале сакталган. Жизак облусундагы атын атабоону сураган дыйкан “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына телефондон курган маегиде: “Мен 50 га жерди ижарага алгам. Анын ар бир гектары үчүн төрт кило пилла тапшырышым керек. Ошентип ар сезондо 200 кило пилла өстүрөм”,- дейт.

Пилла өстүрүү бир кишинин эмес, төрт-беш адамдын эмгегин талап кылган машакаттуу жумуш. Бир адам күнү-түнү кирпик ирмебей, курттарга тамак берип турушу лаазим. Курттар тыттын баригин жеп жетилет. Эгер тамак 45 мүнөт кеч берилсе, жибек була берчү курт жан берет.

Үй-бүлөнүн эр жетилген мүчөлөрү унаасын тындырбай, тыт дарагын издеп, анын жалбырактарын ташып туруш керек. Андан улам Өзбекстан жана Тажикстанда тыт дарагын кесүүгө тыйуу салынган. Фергана облусундагы Чашма кыштагында жашаган Сулхия Азизованын айтышынча, сезон маалында алардын төрт бөлмөлүү үйүнүн үч бөлмөсү жибек куртту багуу үчүн бөлүнөт:

- Жибек куртту үй-бүлөдө баарыбыз карайбыз. Бир киши барик салып туруш үчүн дайыма алар багылган сөөрүнүн башында турат. Бул кыйын иш. Биринчиден, аны бизге мажбурлап беришет. Экинчиден, алгандан кийин багалбай өлтүрүп алсак, жазана төлөйбүз. Ошон үчүн куртту кандай болбосун, өзүбүздөн да жакшы карап, өлтүрбөй багып өстүрүп, пилла кылып беришибиз керек.

Алгачкы күндөрү 40 граммдык бир кутудагы жибек курттар күнүнө эки кило жалбырак жесе, жетилген кезде күнүнө алар 270 килодон жалбырак жейт. Узуну 1 мм, туура 0, 5 мм курт кырк күндөн кийин өсүп жетилгенде 70 милиметр болот. 1 килограмм пилладан 90 грамм жибек алынат.

2011-жылы дүйнөлүк базарда бир кило жибек буласы 40 доллар турса, былтыр 30 долларга түшкөн.

Тыттын багы. Тажикстандын Дарвоз району,16-февраль 2013

Тыттын багы. Тажикстандын Дарвоз району,16-февраль 2013

Сулхия Азизованын алты адамдан турган үй-бүлөсү апрелдин аяк чендери же тыт баарик байлагандан башталган бир сезон - 40 күндө 120 кило жибек буласын берчү пилла өстүрөт. Анын килосуна өкмөт 2 доллардан төлөйт. Пилла багылган бөлмөдө жибек курттун коңурсук жыты көпкө сакталат.

“Анын жыты жаман, - дейт С. Азизова.- Жыты үйдө сакталып калат. Пилланы жыйнап бүткөн соң бөлмөнү желдетип, абасын алмаштыруу үчүн эшик-терезелерди ачып коёбуз. Коңурсур жыт кеткенден кийин, албетте, үйдү бир сыйра актап чыгабыз”.

Өзбекстан - дүйнөдө Кытай менен Индиядан кийинки үчүнчү чоң пилла өндүрүүчү. Жылына орто эсеп менен 25 миң тонна чийки пилла өндүрөт. Анын 70 проценти Батыш Европа, Түштүк Корея, Кытайга сатылат. Тажикстанда болсо жылына 1 200-1300 тонна пилла өндүрүлөт.

Бир кезде Ош шаарындагы жибек комбинатында 3 миңдей адам эмгектенчү. Азыр ал ишкана жок. Кыргызстанда жибек курт өстүрүү да токтогон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG