Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

БОРБОР ЖАНА ТҮШТҮК АЗИЯ ОФИЦЕРЛЕРИ АКШда


Ушул күндөрү Борбор жана Түштүк Азиялык офицерлер америкалык кесиптештери менен чек ара коопсуздугу жана терроризмге каршы күрөш жаатындагы кызматташттыкты жакшытрууну көздөгөн аскердик машыгуудан өтүп жатышат. Офицерлер компютерде иштелип чыккан кризистик кырдаалдардан чыгуунун жолдорун талкуулашып, Борбор Азияда көп улуттуу операцияларды уюштурууну, жана бири-биринин тилин түшүнүүнүн жолдорун үйрөнүп жатышат.

АКШнын чыгышында Виржиния штатындагы аскердик машыгууга 200 чакты офицерлер катышууда. Алар Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Пакистандан келишкен чек арачылар, коргонуу жана ички иштер министрлигинин өкүлдөрү. Америкалык тараптан Массачусетс штатынын Улуттук Гвардиясынын мүчөлөрү катышууда.

Катышуучулар «Азаттыкка» машыгууну пайдалуу деп эсептешээрин айтышты. Кыргыз делегациясынын жетекчиси, полковник Юрий Погребняк эки бөлөк аскерий маданиятты жуукташтырууда кыйынчылыктар болуп жаткандыгын билдирди:

– Эки проблема бар. Бир жагынан офицерлерди даярдоодо да, куралдуу күчтөрдү машыктырууда да биздин окутуу системаларыбыз эки бөлөк. Америкалык жана мурдагы советтик системалардын айырмасы чоң. Экинчи кыйынчылык кош тилдүүлүк, англис жана орус тилдерин чогуу колдонуу маселеси. Машыгуунун мезгилинде биз ушул кыйынчылыктарды майда-чүйдөсүнө чейин чечип жатабыз. Бир сөз менен айтканда, биз чоң жана пайдалуу жылыштарды жасап жатабыз, жыйынтыгы жакшы болот деп ишенебиз.

АКШ армиясынан, аймактык кызматташттык машыгуунун пландоочусу лейтенант полковник Пег Деврө 22 орус тилчи жардамга чакырылганын, ошого карабастан, дале кыйын болуп жаткандыгын бышыктады:

- Биз компютердик системаны көп колдонобуз. Бирок бардык компютердик системаларга орус тилиндеги программаларды орноткон эмеспиз. Мындан ары биздин компютердик системаларыбыздын орус жана англис тилдеринде эркин колдонулушуна жетишишибиз керек экен.

Машыгуулардын бири Кыргызстанда ядролук таштанды сакталган жердеги террордук чабуулга биргелешип жооп берүүгө арналган. Дагы бир модел боюнча, ар кыл мамлекеттердин чек ара кызматтары чек арадан өтүүгө аракеттенген шектүү адамдар тууралуу маалымат алмашышты. Девренин сөзү боюнча, көзөмөл жүргүзүүнүн жол-жобосу жалпысынан окшош болгону менен, АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрү колдонгон байланыш технологиясында айырмачылык бир топ экени айгине болду. Пакистандыктар Виржиниядагы машыгууда терроризм жана аткезчилик менен күрөштү аймактык деңгээлде жүргүзүүгө "зор өбөлгө" түзүлүп жаткандыгын айтышты.

Тажик командасынын башчысы полковник Захир Абидов да ушул эле көз карашын билдирди:

- Машыгуунун мезгилинде биз өлкөлөр арасында маалымат алмашуунун эң мыкты жолдорун аныктадык. Бул өтө маанилүү. Кудай анын бетин ар кылсын, бирок террордук чабуул болуп, же башка тополоң чыкса, биз бири-бирибизге кантип жардам көрсөтөөрүбүздү макулдашып алдык.

АКШдагы машыгуу Борбор Азияда америкалык базалардын маселеси көтөрүлүп жаткан мезгилге туура келүүдө. Ушул айдын башында Кыргызстан, Казакстан жана Тажисктан мүчө болгон Шанхай кызматташттык уюму АКШ баштаган коалициялык күчтөрдөн Борбор Азиядагы аскер базаларын чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн тактоону талап кылды. Келерки жумада АКШнын Коргонуу катчысы Дональд Рамсфелд Кыргызстанга келүүдө. Болжолу ал кыргыз жетекчилери менен Манас аэропортунда америкалык күчтөрдүн кала беришин сүйлөшөт.

Виржиниядагы машыгуунун борбор азиялык катышуучулары америкалык армия менен кызматташууга жогору баа беришүүдө. «Мен саясатчы эмесмин, мен аскер кишисимин, ошондуктан, эч кандай саясий билдирүү жасагым келбейт»,- дейт Кыргызстандык полковник Погребняк. Ал сөзүн улантып, биздин өлкө чакан мамлекет, тынчтыкта жана эл аралык ынтымакта жашагыбыз келет, ошондуктан биз кимдин болсо да жардамын алууга даярбыз деп айтты.

Бул машыгууга Өзбекстан катышкан жок, Түркмөнстан менен Орусия байкоочуларын жиберишти. Ооганстан офицерлерине убагында паспорт жазып бере албай четте калды. Бул өңдөнгөн машыгууну келерки жылы Кыргызстанда өткөрүү пландаштырылууда.

XS
SM
MD
LG