Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Тажик поезди өзбек тараптын айынан кырсыкка кабылды


Кырсыкта жабыркагандарды ошол эле түнү Хожентке алып келишкен.

Кырсыкта жабыркагандарды ошол эле түнү Хожентке алып келишкен.

Кечээ Өзбекстандын Жиззах облусунда Тажикстандын поезди кырсыкка учурашына Өзбекстандын "Темир жолдор" ишканасы күнөөлүү. Эки өлкөнүн эксперттер тобу бүгүн ушундай тыянакка келди.

Эми Өзбекстан бузулган вагондорду ремонттош үчүн жумшалчу каражатты толугу менен төлөп берет. Бирок жаракат алгандарга компенсация төлөнөр-төлөнбөшү белгисиз.

Поездде бараткан аскерлердин ичинен ондогон киши жаракат алган эле. Окуядан эч ким набыт болгон эмес. Кырсык үчүн “убагында тажик тарапка жолдо жүрүп жаткан ремонт иштери жөнүндө маалымат бербеди” деп Тажикстан Өзбекстандын “Темир жолдор” ишканасын күнөөлөгөн болчу. Кийинчерээк расмий Ташкен муну мойнуна алды.

Тажикстандын түндүгүндө Кыргызстан менен чектеш жайгашкан Согди облусунун Саламаттыкты сактоо башкармалыгы бейшембидеги кырсыктан 45 адам жаракат алганын билдирди.

Жабыр тарткандарды ошол күндүн түнү Өзбекстандан Тажикстанга башка поезд менен жеткиришкен.

Окуяга күбө болгон “Азаттыктын” тажик редакциясынын кабарчысы Масум Имомов телефон аркылуу ошол маалда: "Алар келишти. Көп аскерлер жаракат алышкандыктан өздөрү баса албайт экен. Аларды замбилдер менен азыр “тез жардам” кызматынын машинелерине салып жатышат. Мен поездден алысыраакта турам, журналисттерди ал жакка киргизишкен жок. Жаракат алгандар көп экен", - деген эле.

Кийинчерээк жабыр тарткандарды Хоженттеги ар кайсы ооруканаларга жаткырышкан.

Согди облусунун Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы хирургу Баходур Урунов “Азаттыкка” сүйлөп: "2-3 аскердин гана абалы оор, азыр аларды реанимация бөлүмүнө жаткырдык. Жакын арада алардын абалы жакшырат го деп ишенип турабыз", - деди биздин радиого.

Врач калгандардын жараатын жеңил деп баалады. Денесинен жараат албагандарга психологиялык көмөк көрсөтүш үчүн Чкаловск шаарына алып барышкан. Дүйшөмбү-Канибадам каттамындагы поезд кырсыгынан жапа тарткандардын ысмы-жөнү ачыктала элек.

Кырсык 9-октябрда эртең мененки саат 10дон кийин болгон делет. Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдөн өлкөнүн түндүгүндөгү Согди облусунун Канибадам шаарына жетиш үчүн поезд Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүшү керек. Ал Өзбекстандагы Жиззах облусунун Галлаарал районуна жеткенде бир нече вагону рельстен чыгып кеткен эле.

Бул поездде жакында эле тажик армиясына кызматка алынган кеминде 200 аскер болгон. Ошол күнү Жиззахтагы борбордук ооруканасы “Азаттыкка” 65 адам түрдүү жараат менен түшкөнүн, алардын ичинде оор жаракат алган сегиз аскер бар экенин билдиришкен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG