Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Өзбекстандын Энергетика министрлиги өз билдирүүсүндө келерки айдан тартып газ экспорту токтоорун эскертти.

Тажикстанга бир гана Өзбекстан газ сатат жана карыздардан улам бул соода үзүл-кезил жүрүп келет. Анын аралыгында, "Кыргызгаз" ишканасы Кыргызстанга да өзбек газын жиберүү үзгүлтүккө учуроо коркунучу бар экендигин эскертүүдө.

"Тажиктрансгаз" ишканасына жолдогон катында Өзбекстан 1-апрелден тартып Тажикстанга көгүлтүр отун жиберүүнү токтотоорун эскертти. "Тажиктрансгаздын" жетекчиси Саидахмад Шарофиддинов Кытайга берген убадасынан улам, өзбек тарап Тажикстанга башка газ бере албай тургандыгын билдирди:

- Өзбектердин кытайлар менен апрелде баштала турган келишими бар. Кытай бул жаатта көп акча чыгым болду, ошондуктан Өзбекстан ал макулдашууну аткарууга тийиш.

Акыркы жолу Өзбекстан Тажикстанга газ жиберүүнү январдын башында "тийиштүү келишимге кол коюлган эмес" деген негизде токтоткон эле. Бир нече күндөн кийин бир жылдык макулдашуу жетишилип, газ кайра келе баштаган.

"Азаттыктык" Тажик кызматынын жазышынча, ал ирет 200 миллион кубметр газ экспорту боюнча макулдашылган. Анын ичинде кепилденген экспорт 45 миллион кубметрди гана түзөт. Бул газ Тажикстанга жылдын бүтүп бараткан биринчи чейрегинде берилмек. Миң кубметрдин баасы 311 доллар деп макулдашылган.

Бирок жыл башында эле "Өзбекнефтегаз" улуттук компаниясынын акционердик коому - "Узтрансгаз" 1-апрелден баштап жаратылыш газын Кытайга жибере баштаарын эскерткен. Ага чейин кытай-өзбек соодасы учурдагы базар баасы менен жүрөөрү кабарланган эле.

2010-жылы "Өзбекнефтегаз" кытайлык улуттук мунай-газ корпорациясынын бөлүмү болгон Petro China менен жылына 10 миллиард кубметр газ алуу боюнча келишим түзгөн болчу. Газ Кытайга 7 миң метр келген Казакстан аркылуу өтүүчү Борбор Азия – Кытай кууру аркылуу ташылат.

"Тажиктрансгаздын" жетекчиси өзбек тарап менен жаңы макулдашуу жетишилет деп үмүттөнүүдө. Ага чейин Шарофиддинов өлкө ички резервдерди пайдаланууга аракеттенээрин белгиледи. Ал ошондой эле Тажикстандын өздүк газ кендерин Орусиянын жардамы менен казып алуу аракеттери жакын арада жыйынтык бере баштайт деп ишендирди.

Тажикстан ошондой эле келечекте Ирандан мунай-газ алууга үмүт артууда. Бирок Ооганстан аркылуу өтө турган куурлардын курулушу али баштала элек. Өлкөнүн казнасы дээрлик бош болгондуктан, азырынча тажик өкмөтүндө Өзбекстанды ыкка келтирүүдөн башка айла жок сыяктанат.

Бул үчүн балким советтик доордо Өзбекстандын ижарасында болгон "Фархад" суу-электр бекетин кайра берүүгө туура келет. Ири суу сактагычы бар бул жайга өзбектер бир топтон бери кызыгуу билдирип келишет. Эки өлкөнүн салкын мамилесине дал ушул суу маселеси кедерги болуп келет.

Өзбекстан айрыкча Тажикстандын "Рангун" суу-электр бекетин курулушуна каршы. Өзбек өкмөтү бул курулуш ири ирригациялык жолдорду бууп салат деп чочулайт.

Кыргызстан да Өзбекстандан газ азайып кеткенден кийин жыл башында өзбек өкмөтү менен жаңы келишимге жетишкен. Бирок "Кыргызгаз" ишканасынын маалыматында, азыр өзбек газы келбей калуу коркунучу пайда болду. Негизги көйгөй керектөөчүлөрдүн карызында болуп жатат.

"Кыргызгаздын" маалымат кызматынын өкүлү Жайнагүл Максимованын айтымында, карызды жоюуга газ колдонгон мамлекеттик ири ишканалардын бюжетинин бекитиле электиги кедерги болууда:

Коркунуч бар, анткени кардарлардын бизге болгон дебиторлук карызы 10 миллион долларга жетти. Бюжеттик уюмдардын, бюжеттик мекемелерди каржылоо тууралуу мыйзамга кол коюлбай жаткандыктан карыз көбөйдү. Базар шартында эч ким бекер товар бербейт. Бул маселе Бабанов, Каржы министрлигине коюлган. Бишкек жылуулулук борбору, "Кыргыз Жилкомунсоюз" деген калкты жылуулук менен камсыздаган мекемелерге акча бөлүнүп, алар алган газына акысын төлөп бериши керек.
XS
SM
MD
LG