Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Террордук кыймыл тууралуу кино тартылып жатат


Наманган шаарындагы эпизод.
Наманган шаарындагы эпизод.

"Өзбекфильм" Өзбекстан Ислам кыймылы тууралуу "Ыйык максат" деп аталган кино тартууда. Кинодо Өзбекстан Ислам кыймылынын түзүүчүлөрү Тахир Юлдашев менен Жума Намангани тууралуу баяндалат. Айрым тургундар жаңы кино унутулган террорчуларды кайрадан элдин эсине салат деп чочулашууда.

Учурда Өзбекстандагы экинчи ири шаар делген Наманганда борбордук базар өрттөнүптүр, бир автобус күйүп кетиптир деген имиштер күчөп турган турган чак. Мындай имиштер Өзбекстан Ислам кыймылы тууралуу “Ыйык максат” деген тасманын акыркы эпизоддорун тартуудан улам чыкты. "Азаттыктын" өзбек кызматынын булактары мындай имиштер ошол кинонун айынан пайда болгонун ырасташты.

- Имиштин баары киночулардын айынан чыкты. Алар “Чарсу” базарынын алдында эски автобусту жардырышты. Аны элдин баары келип тамаша кылды. Шаардык акимиятта иштегендер да чыгып, кино тарткан жайды тегеректеп турушту. Кинонун аягы тартылып аткан имиш.

Бул тасма “Өзбек кино” Улуттук агенттигинин буюртмасы менен “Өзбекфильм” киностудиясы тарабынан тартылууда. «Ыйык максат» аттуу тасмага буга чейин өзбек бийлигин пропагандалаган кинолору менен белгилүү болгон "Узбекфильмдин" жетекчиси Хилол Насимов өзү режиссерлук кылууда. Ал кинонун маңызы тууралуу “Азаттыкка” маалымат берүүдөн баш тарткан. Бирок кинодо башкы ролдорду аткарып жаткан актерлордун бири атын атабоону суранып, кинонун маңызы тууралуу буларды айтты.

- Бул кино терроризм идеологиясынын туура эмес экендигин түшүндүрүүгө багытталган. Мында диний жоочулар менен күрөштүн татаалдыгы, ал идеологиялар сырттан кирери баяндалат. Мунун баары союз учурунда куугунтукталып жүргөн жөнөкөй адамдын 90-жылдардагы эркиндик учурунда таасирдүү фигурага айланган кишинин тагдырын чагылдырат.

Кезинде өрөөнгө коркунуч жараткан Тахир Юлдашев менен Жума Намангани тууралуу тартылып жаткан кинодо 80-90-жылдары Ташкен жана Наманганда болгон окуялар чагылдырылат.

Кинону тартууга мамлекеттик бюджеттен бир миллиард сум же 161 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Атын айтууну каалабаган кино сынчы террордук топ тууралуу кино тартуу азыр Өзбекстанда актуалдуу эмес деп эсептейт.

- Мени таң калтырганы бул теманын актуалдуу эместиги. Анын үстүнө мындай пропаганданын азыр кимге кереги бар? Негизи эле унутулуп келаткан террористтик идеологияны таратып жүргөн адамдарды элдин эсине кайра салуунун кереги эмне?

«Ыйык максаттагы» эки образ 20-кылымдын аягында террорчул топту түптөгөн Тахир Юлдаш жана Жума Наманганиге таандык. Бул экөө Ислам Каримов Өзбекстандын президенти болуп шайлангандан бир нече айдан кийин өлкөдөн качып кетишкен. Алар алгач Тажикстанда от алган жарандык согушка катышып, кийин Ооганстанга жер которушкан. 1998-жылы Фергана өрөөнүндө халифат орнотууну көздөгөн Өзбекстан Ислам кыймылын (ИДУ) тобун түптөшкөн.

Жума Намангани 2001-жылы, Тахир Юлдаш 2009-жылы Ооганстанда өлтүрүлгөн. Азыркы күндө ал топтун аман калган мүчөлөрү канча экени, алардын так саны жана лидери ким экени белгисиз.

Булар тууралуу тартылып бүтүп калган кино качан көрсөтүлөрү да ушу тапта белгилүү боло элек.

XS
SM
MD
LG