Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Өзбекстанда теледен Аяз ата көрсөтүлбөйт


Өзбекстандагы бир үй-бүлө телевизор көрүп отурат.
Өзбекстандагы бир үй-бүлө телевизор көрүп отурат.

Өзбекстандын Улуттук телерадио компаниясы Аяз ата, Аяз кызды көрсөтпөй турган болду. Алардын ордун улуттук фольклордун каармандары ээлейт.

Жаңы жылды христиандар динге чейинки элдик майрамдын ордуна белгилеп калышкан. Болбосо кыштын эң узак караңгы түндөрү бүтүп, эми көз ачылып, күн узара баштаганда майрамдалып келген Кыш майрамын адамзаты жер каймактагандан бери белгилеп келгендигин болжолдоо мүмкүн.

Рождество, Крисмастан айырмаланып, календардык жылдын башталышы же 31-декабрдан 1-январга караган түн көптөгөн өлкөлөрдө бүгүн да динден тышкаркы, бардык ар түркүн элдерди ымалаштырып, балакайларга да, чоңдорго да кубаныч тартуулоочу майрам катары зор шаан-шөкөт менен белгиленет.

Битке өчөшүп, көйнөгүн отко салган болуп, советтик баалуулуктарды жеригендер советтик мезгилге тийешелүү бардык нерседен баш тартуунун далалатында болуп келишет.

Бүгүн Кыргызстанда да жаңы жылдын башкы каармандары болгон Аяз ата менен Аяз кызды «каапыр» деп жеригендер чыгып жатат. Тажикстанда былтыр Аяз атача кийинип алган жигитти бычактап кетишкен. Бул майрамдын башкы каармандарына эми Өзбекстандын сыналгысынан чыгууга тыюу салышыптыр.

"Азаттыктын" өзбек кызматына берген маегинде аттарын атагысы келбеген Өзбекстан жана Жаштар деп аталган эки башкы телеканалдын эки кызматкери теледен Аяз ата менен Аяз кызды көрсөтүүгө тыюу салынгандыгын бышыкташты. Бирок алар тыюунун себебин түшүндүрө алышкан жок.

Ал эми Маданият, спорт министрлигинде мындай маалыматты четке кагышты. «Аларды көрсөтө беришет, жаңы жыл Аяз атасыз да болмок беле» деди министрликтин ысмын айткысы келбеген кызматкери.

«Мындай тыюуну өкмөт жардык менен киргизет, андай жардык чыккан эмес, демек тыюу да жок, ал эми интернетте ар нерсени жаза беришет», - деп белгиледи министрликтин өкүлү.

Теледеги тыюу тууралуу узметроном.ком сайты жазып чыккан. Анда мындай тыюу Руханият жана агартуучулук деп аталган борбордун жыйынында сунуш этилгендиги айтылган. «Улуттук телерадио каналга жаңы жылдык каармандарды көрсөтүүгө дал ушул борбордун кеңеши менен тыюу салынды» деп жазды аталган сайт.

Ташкенде Аяз ата, Аяз кыздын катышуусу менен массалык майрам өткөрүүгө 2005-жылы «террорчулар кол салышы мүмкүн» деген шылтоо менен тыюу салышкан, бирок 2006-жылдан тартып, элге массалык жаңы жыл майрамдарына кайра уруксат берилген болчу.

XS
SM
MD
LG