Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Каримованын иши боюнча дагы 9 киши камалды


Uzbekistan - Gulnara Karimova under house arrest
Uzbekistan - Gulnara Karimova under house arrest

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гулнара Каримовага тиешеси бар коррупциялык схемаларга аралашкан деген шек боюнча 9 киши камалды.

Бул тууралууТашкент облустук сотундагы булактарга таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, камалгандардын арасында Алишер Эргешев, Шохрух Сабиров, Нурмухаммад Садыков жана Раиса Сафарова бар. Эргешев менен Сабиров Европада, атап айтканда Франция, Голландия, Швеция жана Швейцарияда териштирилип жаткан кылмыш иштери боюнча шектүү адамдар катары өтүп жатышат.

Экөө 2012-жылдын июлунда Швейцарияда камакка алынган. Алар Женевадагы Lombard Odier банкында президент Каримовдун тун кызы Гулнаранын эсептеринде сакталган акчаны адалдоого аракет кылган кезде жергиликтүү прокуратура тарабынан кармалган.

Эргешев менен Сабиров бир нече ай абакта отуруп, октябрда күрөөгө койо берилген.

39 жаштагы Эргешев Гибралтардагы оффшордук зонада катталган “Такилант” компаниясы Швецияда банк эсептерин ачып жаткан кезде анын расмий өкүлү болчу. Ушу тапта ал эсептер Өзбекстанда TeliaSonera телекоммуникациялык компаниясынын шектүү ишмердиги боюнча жүрүп жаткан тергөө ишине байланыштуу камакка алынган.

Андан тышкары, швециялык кабар агенттиктердин бири 2012-жылы Гүлнара Францияда ээлик кылган коммерциялык эки фирманын директору катары Эргешев катталганын тастыктаган документтерди таап чыккан.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өзбек редакциясынын кабарчысы Фарух Юсуфинин айтымында, Нурмухаммад Садыков деген киши финансы үчүн жооп берчү.

- Нурмухамад Садыков Гүлнара Каримовага тиешеси бар компанияларда финансылык менеджер болуп иштегенин, анын каржы иштерин жүргүзгөнүн так билебиз. Бул маалыматты ал өзү да, биздин булактар да айтып беришкен.

Эсиңиздерге сала кетсек, АКШ менен Европада Гүлнара Каримованын TeliaSonera (Ucell), Vimpelcom (Билайн) жана МТС телеком телекоммуникациялык компаниялардан Өзбекстан рыногунда иш алып баруу үчүн 1 миллиард доллар пара алган деген шек боюнча ачылган кылмыш иштери иликтенип жатат.

Жакында АКШ бийлиги европалык 5 өлкөгө кайрылып, ал компаниялардын активдерин камакка алууну өтүнгөн.

Өткөн айда Кошмо Штаттардын Федералдык соту Юстиция министрлигинен ошол коррупциялык иштерге аралашкан компаниялардын банк эсептериндеги 300 миллион долларды камакка алууга уруксат алган.

The Wall Street Journal басылмасынын жазганына караганда, эми АКШ бийлиги швейцариялык банкта сакталган 640 миллиондой доллар, Швециядагы 30 миллион доллар активдерди токтотууга аракеттенүүдө.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы да Каримова менен байланышкан “уюшкан кылмыштуу топ” боюнча ишти териштирип жатат.

Маалыматтарга ылайык, президенттин кызы ушул февралдан бери үй камагында отурат. The Wall Street Journal Гулнаранын адвокаты Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) аны менен азыркыга чейин байланыша албай жатканын, өзбек бийлиги анын кайрылууларын көз жаздымда калтырып келатканын жазат.

Басылма ошондой эле акыркы кездери Америка өлкө ичинде гана эмес анын сыртындагы коррупциялык иштерге аралашкан жеке адамдар менен компаниялардын бетин ачуу аракетин күч алдырганын белгилеп, мисал катары ФИФАнын жогорку жетекчилеринин кармалышын келтирет.

XS
SM
MD
LG