Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

ОШТО АЛИШЕР САИПОВДУ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫШТЫ


Киши колдуу набыт болгон белгилүү журналист Алишер Саиповду бүгүн Ош шаарында акыркы сапарга узатышты. Коштошуу аземине кесиптештери жана жердештери келишти, бийлик өкүлдөрү катышкан жок. Президенттин атайын тапшырмасы менен Ошко учуп келген Президент администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Субаналиев окуяны комментарийлөөдөн жалтактап, журналисттердин суроолоруна жооп бербестен Ош облустук улуттук коопсуздук комитетинин имаратына кирген бойдон чыкпай койду. Ошол эле учурда Ош облустук улуттук коопсуздук комитетинин астына «Эч ким сөз эркиндигине кол салууга акысы жок!», «Кесиптешибиз Алишер Саиповду өлтүргөндөр чукул арада табылып, токтоосуз жазалансын!» деген плакат көтөргөн он беш чакты журналист нааразылык акциясына чыгышты. Алардын үнүн эч ким укпагандыктан, тароого аргасыз болушту. Маалымат каражаттарынын Ош ресурстук борбору бүгүн тараткан билдирүүдө журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу абдан терең тынчсыздануу айтылат. «Биз кесиптешибизди анын кесиптик ишмердиги үчүн өлтүрүштү деген ишенимдебиз, ошондуктан дыкат иликтөөнү жана бул кылмышка катышы бар адамдарды жазалоону талап кылабыз», деп айтылат билдирүүдө. (АТо)

Белгилүү журналист Алишер Саиповду жалданма жан алгычтар 24-октябрда атып өлтүрүп кетишкен. Белгисиз адамдар Кыргызстан көчөсүнөн аны аңдып турушуп, автоунаадан ага үч жолу ок атышкан. Журналист ооруканага жетпей алган жараатынан ошол жерден көз жумган. Ошол учурда Саиповдун жанында болгон саясат таануучу Икбол Мирсаитовдун айтымында, кылмышкерлер аны дагы бутага алган, бирок ага ок тийген эмес. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Рустам Мырзаматовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, түнү менен окуянын күбөлөрү суралып, “Сиёсат” гезитинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн жана шектүү кишилер менен унааларды кармоо боюнча операция өткөрүлүп жатат.

Фергана.ру маалымат агенттигинин мурдагы кабарчысы, соңку кездерде Ошто өзбек тилинде “Сиёсат” гезитин чыгарып жаткан Алишер Саиповду жакындан тааныгандар анын өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып жатышат. Батыл журналисттик иликтөөлөрү менен коомчулуктун оозуна алынып калган А. Саипов “Америка добушу” радиостанциясы менен кызматташып жаткан, андан мурда "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын орус кызматында дагы кабарчы болуп эмгектенген.

Кесиптештеринин айтымында, Алишер Саипов соңку кезде коңшу Өзбекстан жана анын калкынын чыныгы турмушу туурасында материалдарды байма-бай жарыялап, коңшу мамлекеттин диктатуралык режимин такай сындап жүргөн.Алишер Саипов болгону 26 жашта болчу.



Бул кандуу окуяны уккандар ушул тапта Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы коркунучтуу чекке жетти деп белгилеп жатышат. "Бул кесипти аркалаган көз карандысыз журналисттер бычактын мизинде жүрүшөт",-деди Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева.
XS
SM
MD
LG