Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

ИИМ АЛИШЕР САИПОВДУ ӨЛТҮРГӨНДӨРДҮН ИЗИН ХИЗБУТЧУЛАРДАН ИЗДЕП ЖАТАТ


Ички иштер министрлиги «журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө Хизбут-Тахрир диний экстремисттик партиясынын да катыштыгы болушу ыктымал» деген маалыматты жайылтты. Мындай версияга маркумдун кесиптештери макул эмес.

Ички иштер министрлиги массалык маалымат каражаттарына тараткан атайын билдирүүсүндө: «Алишер Саипов Өзбекстандагы диний-экстремисттик маанайдагы агымдардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болгон. Ошондуктан, Хизбут-Тахрир партиясынын лидерлери Дилержан Жумабаев, Рашид Камаловдор суракка алынды, алар маркум менен такай катышта жүрүшкөндүгүн танышкан жок. Саиповду өлтүрүүгө шектүү кишилер такташтырылды, аларга карата издөө жарыяланды», деп айтылат.

«Жаңы заман» гезитинин башредактору Эркин Кожогелдиев ички иштер министрлигинин жогорудагыдай версиясына макул эмес. Укук коргоо органдары жоопкерчиликтен оңой кутулгусу келип жатат, чыныгы айыпкерлер белгилүү болсо да табылбайт деген ишенимде.

- Буга чейин “Кыргыз рухунун” кабарчысы, дагы бир кесиптешибиз Эрнис Назалов өлгөндө дагы укук коргоо органдары биз кылмышкерлерди сөзсүз таап, камайбыз деп кыргыз коомчулугун алдап келишкен. Бирок убадаларын аткарбай, али күнгө чейин ал журналисттин өлүмү ачылбай турат, - дейт Эркин Кожогелдиев.

Оштогу «Хизбут-Тахрир» партиясынын лидерлеринин бири Аюпхан Машраповдун пикиринде дагы мындай версия таптакыр чындыкка коошпойт:

“Хизбут-Тахрир” өз тарыхында эзели бирөөнү атып, же күч колдонуп өмүрүнө коркунуч туудурган эмес. Ушинтсек эле калк хизбут-тахрирчилерге кошулбайт калат дешет өңдөнөт. Бул сокур саясат. Саиповдун ажалын бизге төңкөрүп жатышабы, муну далилдешсин! 1953-жылы түптөлгөн уюмбуз, ошондон бери бирөө-жарымына кыянат кылганыбызды айтышсынчы? Алишерди атып өлтүрүү - бул ашкан айбанчылык! Биздин жолубуз – адамдарды куралсыз, күч колдонуусуз идеология жана акыл-эс аркылуу гана багындыруу, - деди Аюпхан Машрапов.

Ошол эле учурда ички иштер министринин биринчи орун басары Осмоналы Гүрөңов «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» түрмөгүнө берген маегинде Саиповдун өлүмүнүн, буюрса, бети ачылат деген кептин башын кылтыйтты.
XS
SM
MD
LG