Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

2008: Скинхеддердин чабуулу күчөдү


Москва бийликтери 2007-жылдын 4-ноябрында улутчулдарга марш өткөрүүгө уруксат беришкени үчүн азырга чейин сынга алынышууда
Москва бийликтери 2007-жылдын 4-ноябрында улутчулдарга марш өткөрүүгө уруксат беришкени үчүн азырга чейин сынга алынышууда

2008-жылы Орусияда скинхеддердин колунан өлгөндөрдүн саны тарыхта болуп көрбөгөн жогорку чегине жетти.

Расмий кабарларда үч кыргыз жараны былтыр орусиялык улутчул "такырбаш" жаштардын колунан набыт болгон делет. Укук коргоочулар скинхеддер ондон ашуун кыргыз жаранын өлтүрүштү дешет.

Орусияда "такырбаштар" (скинхед) кыймылынын жаралышына 1990-жылдардын этегинде орус жерине агылган мигранттар да башкы себеп болуп калды. СССР кыйрагандан кийин анын оордун баскан КМШдагы өлкөлөр ич ара чекарасын ачышты. 2000-жылдардын башында аймактагы жарды мамлекеттердин жарандары, алардын ичинде борбор азиялыктар да, Орусияга агылып келе башташат.

Кыргызстандан эле орус жерине келгендердин саны расмий маалыматтарда бүгүн 300 миңдин тегерегинде деп айтылып жүргөнү менен, көз-карандысыз аналитиктер кеминде бир миллион кыргыз жараны Орусияны убактылуу мекендеп калганын билдиришет.

«Жолдо бирөөлөр жаш баласы менен баратышса, балдарын бизден алып качканга аракет кылышат. Кудум, биз алардын баласын уруп же сөгүп кое тургандай түр көрсөтүшөт. Бизди билими жок дешеби, өтө эле караңды деп эсептешет…»

Кубанычбек Сапаров менен мен Москвада 2007-жылы көрүштүм. Кичинекей эки бөлмөлүү квартирада алар 20 ашуун болуп жашашчу. Ал кезде Кубаныч югославтардын курулуш фирмасында усталардын бирине жардам берип жүргөн. Аны менен бирге бул ишканада 300дөй борбор азиялык мигрант да бар эле. Тажиги да, өзбеги да, кыргызы да көп.

Расалык согуш


Москва, Санкт-Петербург, Нижний-Новгород, Самара… иши кылып, Ыраакы Чыгыштан тарта баш калаага чейин баардык ири шаарларда борбор азиялык мигранттарды жолуктура аласыз. Өлкөнүн каеринде курулуш болсо, көчө шыпыруучулар талап кылынса, каеринде арзан жумуш күчү керек болсо, ошол жерде мигранттар.

Жергиликтүү калктын буга нааразылыгы улутчул жаштардын тобун жаратты.

Бутунда кара өтүк, чачы кырылган агрессивдүү жаштар «Орусия орустар үчүн!» деген чакырыгы менен алгач баш көтөрүп чыккандан бери дээрлик 10 жыл өттү. Өздөрүн англис тилинде «skinhead», же «такыр баш» деп атагандардын чабуулдары алгач бирин-серин ур-токмок менен гана чектелип келсе, жыл өткөн сайын бычагынын мизин кайрап, алар канга тойбогон канкор сымал өлтүргөн мигранттардын эсебин да жоготуп койгонсуйт…

Маселеге алгач анча көңүл бурбаган Кремль акыркы эки-үч жылда улутчулдукка каршы күрөшүү зарылдыгын кайталай баштагансыйт. Бирок «бийлик вертикалынын» тушунда баштан берилген буйрук астындагы жөнөкөй милиционерге чейин жеткиче бир топ жыл талап кылынды.

Ушул аптанын башында Москвада бир нече чет-өлкөлүктөргө кол cалган үч скинхед кармалды. Акыркы бир жылда милиция скинхеддерди кармаганы тууралуу кабарлар улам айтылып жатканы менен, улутчул жаштардын чабуулдары да күчөгөнү байкалат.

Өзбек, тажик, кыргыздар көп өлдү

Галина Кожевникова - «Сова» борборунун директорунун орун басары
«Азаттык» Орусиядагы улутчулдукту изилдеген эки башка уюмдун эксперттерин кепке тартты.

Бул эки уюмдун маалыматы көп жагынан бири-бирине окшош. Алардын бирөө - «Сова» аналитикалык борбору.

Галина Кожевникова - ушул уюмдун жетекчилеринин бири – азыр былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарган баяндаманы даярдап жатат.

"Былтыркы жылдагы башкы тенденциялар таң калтырат", - дейт ал. - Улутчулдардын зомбулугу күчөдү. Бүгүнкү күнгө карата биз 93 адамдын өлүмү тууралуу так айта алабыз. Ошол эле учурда, бул фактыларды аныктоо мурдагыдан да татаалдашып кетти. Анткени адатта чет-өлкөлүк бирөө жарым өлсө, муну жөн гана үйдөгү уруш-талаштан келип чыккан нерсе катары көрсөтүшөт. Андыктан бул биз үчүн эле эмес, милиция үчүн да кыйынчылыктарды жаратууда".

Биздин экинчи маектешибиз – Семен Чарный - Москвадагы адам укуктары бюросунун негизги эксперттеринин бири. Ал да былтыркы жылы скинхеддер өтө агрессивдүү кадамдарга барышканын негизги өзгөрүү катары белгиледи:

«Алар мурдагыдай чаржайыт эмес, уюшулган топторго айланды», - дейт эксперт. - Негизи, скинхеддерден турган профессионал бандалар былтыр эмес, 2007-жылы эле түзүлө башташкан. Бирок алардын чабуулдарынын кесепети былтыр өзгөчө сезилди. Булар, мурда биз билген скинхеддерден айырмаланып, пиво ичип алып, көчөдө бараткан түркмөндү же кыргызды коркутуп, тепкилеп коюшпайт. Алардын конкреттүү планы бар - башка расадагыларды өлтүрүү".

Башка улуттагылардын арасында былтыр эң көп өлгөндөрдүн катарына алгачкы ирет кыргыздар да кошулду.

«Улутчулдардын колунан өлгөндөрдүн саны боюнча биринчи үч орунда борбор азиялыктар турушат, - деди С.Чарный. - Өзбектерден 20 адам көз жумду, 29 киши жаракат алды. Тажиктерден 10 адам өлүп, бешөөсү жаракат алды. Ошондой эле, 10 кыргыз набыт болду, бешөөсү жабыркаган».

Семен Чарный өлгөн жана жабыркагандардын реалдуу саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбай турганын эскертти. Анткени көп учурда улутчулдардын курмандыктарына айлангандар укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Буга да толтура себеп бар.

«Сова» уюмунун эсебинде Борбор Азиядан келгендердин арасында өлгөндөрдүн саны мындан да көп.

«Былтыр борбор азиялыктардан 48 адам скинхеддердин колунан көз жумду жана 107 адам жаракат алды, - деди Г.Кожевникова. - Салыштыра кетсек, 2007-жылы Борбор Азиядан келгендерден 30 адам курман болгон, 78 жаракат алган. Булар - Борбор Азиядан экени так аныкталгандардын саны. Көбүнчө, жөн гана «славян эместерге кол салынды» деп гана кабарланат».

Бирок расмий маалымат "такырбаштардын" колунан өлгөндөрдүн саны аз экенин көрсөтүүдө.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдындагы консулдук кызматынын жетекчиси Айжигит Буранов мырза «Азаттыкка» буларды айтты: "2008-жылы Орусияда 14 кыргыз жараны түрдүү себептерден киши колдуу болгон. Алардын тогузунун иши иликтенип бүттү. Калган фактылар боюнча иликтөө иштери уланууда. Скинхеддердин колунан үч кыргыз жараны набыт болгону так анык. Эки жарандын өлүмү боюнча иш ачылды, бирөөсүнүн иши иликтенип жатат".

Консул А.Буранов 2008-жыл кыргыз жарандары үчүн да улутчулдардын чабуулдарынын айынан өлүм эң көп катталган жыл болгонун айтат. «Азыр кыргыз тарап өз жарандарынын өлүмү тууралуу маселени Мамлекеттик думада, орус омбудсманы менен жолугушууларда көтөрүп, кылмыштардын кылдат иликтенишин талап кылып жатат», - деп кошумчалады ал.

Күрөш башталды… бы?

Иштер жакшы тергелет деген ишеним да жарала баштагансыйт. Адам укугун коргоочулар былтыркы жылы байкалган негизги тенденциялардын бири катары милициянын жана тергөө органдарынын ыкчамдуу иштей баштаганын белгилешүүдө.

«Улутчулдардын зордук-зобунун иликтөө иштери былтыр сапаттык жагынан алда канча жакшырганын айтууга болот, - деп таң калганын жашырбады Г.Кожевникова. - Жалпысынан 33 соттук өкүм чыгарылды. Чынында, бул анча деле көп эмес деңизчи. Ошентсе да, тарыхта мынчалык көп өкүм катталган эмес. Тергөөчүлөрдүн ишинин сапаты, күнөөнү далилдөө жагынан алда канча алдыга жылды».

Буга чейин милиция улутчул жаштарга каршы жетиштүү чара көрбөйт деген доомат көп айтылчу. Анан эмне себептен былтыр абал кескин өзгөрүп кеткенин, мисалы, Кожевникова айым болгону Москва прокурорунун алмашканы менен гана түшүндүрдү. Андыктан милициянын иши системалык түрдө өзгөрдү деп айтууга болбойт деп ойлойт бул айым.

Александр Белов – Мыйзамсыз миграцияга каршы кыймылынын өкүлү. Москва, 1-май, 2008
Аналитик Чарный бирок бул ойго анча кошула бербегендей.

Милициянын ишиндеги өзгөрүү улутчулдар менен байланышкан абал болуп көрбөгөн чегине жеткендиктен орун алып жатат дейт ал. Ошентсе да, аткарылып жаткан иштер, анын пикиринде, жетишсиз.

«Эми улутчулдуктун өзүн болтурбоо үчүн анын алдын алуу системасы бутуна тургузулса, иш алдыга жылат. Ансыз бир топту кармашса, экинчиси баары бир пайда боло берет», - деди Москвадагы адам укуктары боюнча бюронун аналитиги Семен Чарный.

Улутчулдуктун алдын алуу системасы, чындап алганда, бүгүнкү Орусиядагы машакаттуу маселелерден. Анткени маалымат каражаттары, саясатчылар, белгилүү адамдар, башкача айтканда, калктын басымдуу бөлүгүнүн аң-сезимине таасир эте ала турган тараптар көп учурда чет-өлкөлүк мигранттар тууралуу терс мүнөздө сүйлөшөт.

Гезит-журналдарда, интернет сайттарда көбүнчө Орусиядагы кылмыштуулук Кавказдан же Борбор Азиядан келген мигранттардын айынан өсүп жатканы жазылат. Ошол эле учурда, расмий маалыматтарга ылайык, адатта, орус жериндеги жалпы кылмыштуулуктун 3-4% гана мигранттар менен байланыштуу.

Чындыкка айланган миф

Дүйнөлүк экономикадагы кризис мигранттарга да таасир этип, жумушсуз көчөдө калгандар эми өз мекенине кайтканга мажбур болот деген жоромолдор айтылууда. Бирок биз баарлашкан эки эксперттин бирөө да буга ишенбей турганын билдиришти. Анткени орус жериндеги борбор азиялык мигранттар жергиликтүү калк эч кандай шартта жасабай турган иштерди аткарышат. Көчө шыпыруу, курулушта иштөө өңдүү азиялык мигранттар арасындагы популярдуу кесиптерге жакшы төлөнбөйт, шарттары да начар.

Биз жогоруда атап өткөн укук коргоочу эки уюм Орусиядагы улутчулдукту такай изилдеп келаткан негизги борборлор катары белгилүү. Алар бир топ жылдардан бери жылдык отчетторун чыгарып, аны орус бийликтерине сунушташат, фактылардын иликтенишин талап кылышат. Бул эки уюм тең ушул күндөрү 2008-жыл боюнча баяндамасынын үстүндө иштеп жатышат. Жакынкы күндөрү ал тууралуу кеңири айтылышы күтүлүүдө.

Галина Кожевникова «Сова» аналитикалык борборунун отчетунда айтылган негизги жыйынтыктар тууралуу «Азаттыкка» буларды айтты:

" Башка улуттагы адамды жек көрүү менен кол салган адамды Орусиядагы Кылмыш кодексиндеги 10дон ашуун берене менен айыптаса болот. Расисттерди айыптай турган ушул баардык беренелер былтыр колдонулду. Бул - өтө чоң прогресс! Анткени көп беренелер 2007-жылы гана кодекске киргизилген жана бир эле жылдын ичинде активдүү иштей башташты. Адатта, бизде мыйзам иштей башташы үчүн, жок эле дегенде, 4-5 жыл өтөт. Улутчулдукту пропагандалоого каршы 282-берене боюнча, мисалы, былтыр 41 өкүм чыгарылды! Андан сырткары, экстремизм боюнча 280-берене да жети ирет расисттерге каршы колдонулду. Буга чейин мындай активдүүлүк байкалган эмес. Бул алгачкы ирет болуп жатат."

Скинхеддер бүгүн, чечен согушу, же журналисттерге чабуул сыяктуу эле Орусиянын эларалык абройуна шек келтирип жаткан негизги проблема.

Улутчул жаштардын тобу өз мезгилинин демин туура пайдаланып, расисттик идеологиясын интернетте да колдонуп, дүйнөдө «орус муштуму» жөнүндө миф жаратууга жетишкен өңдүү.

Бул уламыш жылдан жылга кандуу чындыкка айланып бараткансыйт…
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG