Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

АКШ-Өзбекстан: Кызыкчылыктар кесилишкенде


Өзбекстан АКШга куралдан башка жардамдарды Өзбекстандын аймагы аркылуу Ооганстанга ташууга уруксат берди. Өзбек жана түркмөн президенттери Ислам Каримов менен Гурбангулы Бердымухаммедов Ташкендеги маалымат жыйында аймактагы суу проблемасына да токтолушту.

И.Каримов өз мамлекети аркылуу Ооганстанга курал-жарактардан башка жардамдарды гана алып өтүүгө макул экенин баса белгиледи. “Интерфакс” маалымат агенттиги бул жыйында Ташкенге расмий сапар менен келген түркмөн президенти Г.Бердымухаммедов да түркмөн жери аркылуу Ооганстанга НАТОнун куралдан сырткары жүктөрүн өткөрүүгө уруксат бергенин айтты, деп кабарлады.

Өткөн жумада эле Американын борбордук командачылыгынын жетекчиси Девид Петреус Өзбекстанда болуп кайткан. Анын сапарын көпчүлүк азыр Вашингтон Ооганстанга жүк ташуунун жолдорун издеп жатканы менен түшүндүрүп жатат. Анткени Ооганстандагы эларалык аскер күчтөрүнө жардамдар жиберилип турган “Манас” аба базасын кыргыз бийликтери жаба турганын ушул айдын башында жарыялашкан эле.

Айрым маалыматтарга караганда, Американын аскерий командачылыгы “Манастын” оордуна эми Өзбекстан менен кызматташууга көбүрөөк ыктап жаткандай. Анткени Өзбекстандын АКШ менен аскерий жаатта кызматташууда тажрыйбасы да бар. Буга кошумча, Ташкен Москвадан көз-карандысызыраак саясат да жүргүзө алат деп ишенишет.

Көз-карандысыз саясат тууралуу Ислам Каримов да Ташкендеги маалымат жыйынында кыйытып өткөндөй болду. Ал Ооганстанга жардам маселеси боюнча иште эч ким Өзбекстанга басым жасай албай турганын айтты. “Ооганстанга жардам берүүнү кандайдыр бир мамлекеттердин бирикмеси катары ишке ашырууга биз макул эмеспиз”, - деди өзбек президенти.

Өзбекстанда буга чейин АКШнын аба базасы бар болчу. Бирок 2005-жылдагы Анжиян окуяларынан кийин, Евробиримдик менен Кошмо Штаттары өзбек бийликтерин адам укуктары үчүн сындап чыгышканда, расмий Ташкен Ханабаддагы ал базаны жаап койгон.

Бул ирет Ислам Каримов кайра эле АКШ менен Ооганстанга жардам маселесинде кызматташууга барып жатканын өз мамлекетинин жеке кызыкчылыктарына төп келген жагдай менен салыштырды.

“Ооганстан боюнча маселеде ар бир мамлекет өзүнүн жеке кызыкчылыктарын эске алуу менен чечим кабыл алышы керек”, - деди Ислам Каримов.

Кошмо Штаттарынын жаңы администрациясы быйыл Ооганстандагы аскерлеринин санын 17 миңге көбөйтүп жатат. Натыйжада Ооганстанда талиптерге каршы күрөшүп жаткан америкалык аскерлердин саны 55 миңге жетет. Андыктан азыр Ооганстанга жиберилчү жүктөрдүн көлөмү да өсөт.

АКШ ооган жериндеги аскерлерине жардам жиберүү боюнча Орусия менен да, Борбор Азиядагы Кыргызстандан башка мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Орусиядагы “РИА Новости” агенттиги шаршембиде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстандын аймагы аркылуу жүк Ооганстанга эч кандай проблемасыз өткөнүн билдирди, деп кабарлады. Министрликтин өкүлү айтканына караганда, жүк Орусия, Казакстан жана Өзбекстан аркылуу Ооганстанга жиберилет.

Түркмөн кесиптеши Гурмангулы Бердымухаммедов менен маалымат жыйынында Каримов аймактагы суу маселеси тууралуу да пикирин билдирди. Кыргызстан менен Тажикстанда ГЭСтерди куруу боюнча ал буга чейинки позициясын кайталагандай болду:

“Өзбекстандын бул боюнча позициясы так жана ачык: Биз бул ГЭСтердин курулушуна каршы эмеспиз. Кура бергиле, колдон келсе, биз да жардам беребиз. Бирок анын курулушу бул эки мамлекеттин эле эмес, аймактагы баардык жумурияттардын кызыкчылыгына төп келиши абзел. Эмне үчүн түштүгүрөөктө жайгашкан өлкөлөр эртең эки улуу дарыядан агып жаткан суудан куру калышы керек? Муну ал элдерге түшүндүрүш кыйын”.

Түркмөн президенти Г.Бердымухаммедов болсо өзбек кесиптешинин айтканын колдоп, ГЭСтерди куруу, сууну бөлүштүрүү маселесин эларалык укук нормаларынын алкагында чечиш керек, деп айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG