Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Медет Садыркулов каза болгону кабардалууда


Бишкектин четинде болгон автокырсыктан улам көз жумган эки адамдын бири Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов экен деген маалымат тарады. Кыйрап өрттөнүп кеткен автоунаадан күйүп өлгөн эки адамдын сөөгү табылды. Кырсыкка учураган автоунаа менен соңку мезгилде М. Садыркулов жүргөнү айтылууда.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, бүгүн эртең мененки саат бештерде Аламүдүн капчыгайына бараткан жолдо кыйрап күйүп кеткен “Тойота Лексус 470» В 15 95 R мамлекеттик номурдагы автоунаа табылган. Анын ичинен эки адамдын күйүп калган сөөгү чыккан. Сөөктөр дароо өлүкканага жөнөтүлүп, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат. “Өлгөн адамдар ким экенин экспертиза гана аныктайт”,-деди Б. Сейитов.

Анын айтымында, алгачкы изилдөөлөр “Лексус” автоунаасында отургандар “Ауди” маркасындагы автоунаасы менен кагылышып, кырсыкка учурап, эки автоунаа тең күйүп кеткендигин көрсөтүүдө. Азыркы учурда “Ауди” автоунаасынын аман калган айдоочусу О. Осмонов милицияга көрсөтмө берип жатат.

Эки адамдын күйгөн сөөгү чыккан "Лексус 470" автоунаасы Жогорку Кеңештин депутаты Эрик Арсалиевге таандык. Аны соңку мезгилде Медет Садыркулов пайдаланып айдатып жүргөн экен. Анын үстүнө М. Садыркуловдун дачасы автокырсык болгон жерге жакын жерде болгон.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев АКИпресс агенттигине айткан маалыматка караганда, Садыркулов кечээ эки жан сакчысын үйлөрүнө жиберип, бүгүн дачага чакырган экен. Алар бүгүн дачага барып эч кимди таппай кайтып кетишкен. Алар да азыркы учурда суракка алынууда.

Мурдагы вице-премьер-министр Эльмира Ибраимовага бир жума мурда М. Садыркулов анын артынан аңдуу болуп атканын айткан экен.

“Медет Садыркулов менен кечээ кечинде сүйлөшкөм. Бир жума мурда ал “Менин үйүмдүн астында бирөөлөрдү коюшкан окшойт, аңдып жүрүшөт” деп айткан эле”, - деди “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берген Элмира Ибраимова.

Эльмира Ибраимова азыркы учурда күйүп өлгөн адамдардын сөөгүнө экспертиза болуп жаткан жерде жүргөн экен. Анын айтымында,
Медет Садыркулов жакында эле тишине пломба жасаткан экен. Ошондуктан, азыр тиш догдур да ошол пломбадан аны аныктоо үчүн экспертизага катышып жатышы мүмкүн.

Эльмира Ибраимова ошондой эле өрттөнүп кеткен автоунаада үч адам болгонун, алардын денеси дээрлик толук күйүп бүткөнүн, айрым гана бөлүктөрү сакталып калганын билдирди.

Медет Садыркулов ушул жылдын башында президенттик администрация жетекчисинин кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу деген негиз менен бошотулган болчу. Ал бул кызматта эки жылга жакын иштеди. Кызматтан кеткенден кийин "Азаттыкка" берген маегинде М. Садыркулов башкаруу системасын чыңдоо боюнча көп иштерди жасаганын, өзүнүн милдетин өтөп бүттү деп эсептей турганын билдирген.

“Улуу Биримдик” партиясынын лидери Эмилбек Каптагаев "Медет Садыркуловдун кайгылуу өлүмү анын мындан аркы саясий ишмердигин токтотуу үчүн жасалган терракт" деген билдирүү таратты. Көрсө, кечээ Эмилбек Каптагаев Медет Садыркулов менен Бишкекте жолугуп сүйлөшкөн экен. Садыркулов бийликти чыңдап, өлкө абалын жакшыртуу үчүн Бакиевге ишенип, чын ниеттен жардам бергендигин, бирок үй-бүлөнүн чектен чыккан башкаруучулук ыкмаларына каршы болуп, кызматтан кеткендигин ачык айткан.

Ал ошону менен бирге Бириккен элдик кыймылдын максатын толук колдоорун билдирип, жакын арада өлкөдөгү бардык конструктивдүү күчтөр биригээрин жана өзү ага өзү активдүү катышаарын билдирген.

Эмил Каптагаев азыркы бийликке коркунуч туудургандыктан Медет Садыркуловду күч менен жок кылышты деп билдирип, кылмыштуу бийликке бүтүн өлкө элин каршы турууга чакырды.

"Ооба, Медет Садыркулов азыркы режимге реалдуу коркунуч туудуруп жаткан. Анткени, алардын кылган иштери жөнүндө көп билген, ал ошондой эле уюштуруучу жана шыктандыруучунун бөтөнчө талантына жана эбегейсиз күч-кубатына ээ болчу. Анын оппозиция тарапка өтүшү азыркы кылмыштуу-коррупциялык бийликтин кыйрашын тездетмек. Бийликти колдон чыгаруу коркунучунан улам азыркы режим Медет Садыркуловду, аны менен кошо белгилүү аналитик-изилдөөчү, Стратегиялык изилдөөлөр институнун экс-жетекчиси Сергей Слепченкону өлтүрүүгө барды”,-деп айтылат билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG