Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Кандуу окуядан чоң чыр чыккан турат


Кандуу окуяга катышкан автоунаалар
Кандуу окуяга катышкан автоунаалар

13-мартта Кой-Ташка бараткан жолдо болгон автокырсыкты иликтөөнү президент К.Бакиев ИИМ жана Башкы прокуратурага тапшырып, өзү көзөмөлдөй турган болду. Оппозициячыл саясатчылар болсо унаанын ичинде президенттин администрациянын мурдагы жетекчиси М.Садыркулов бар деген божомолдор чын болсо, анда бул бийлик тарабынан уюштурулган кол салуу болушу толук ыктымал дешүүдө.

Жол кырсыгынан өрттөнүп кеткен автоунаанын ичинде президенттин администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов дагы болушу мүмкүн деген сөздөр улам күчөп жайылууда.

Ошондуктан бул кандуу окуяны оппозициячыл саясатчылар өлкөдөгү бирден бир таасирдүү адамдардын бири болуп келген Садыркуловдон кутулуу үчүн бийлик тарабынан уюштурулган кол салуу деп эсептешүүдө. Анткени ал азыркы бийликтин мыйзамсыз иш аракеттери, үй-бүлөлүк башкаруунун чектен чыккан кылык-жоруктарын коомчулукка ашкере кылышы мүмкүн эле.

БЭКтин жыйынына "Ак Жол" партиясынын мурдакы координатору Элмира Ибраимова катышты
Бириккен Элдик кыймылдын Улуттук Кеңе
ши бүгүн таасирлүү саясатчы каза болгон кандуу окуяны чогулуп талкуулады. «Азыркы криминалдашкан бийликке Садыркуловдун акыркы кездерде оппозиция менен пикир алышуусу жага бербей, коррупциялашкан бийликтин кылмыштуу былык иштери коомчулукка ачыкка чыгып калышынан коркуп, аны күм-жам кылышы толук ыктымал»,- дейт «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков.
Анын баамында, мындай үрөй учурган кол салуу менен бийлик жеке эле оппозицияны коркутпастан, бийликтеги азыркы чиновниктерге дагы алдын ала эскертүү берген булганыч ишарасы.

Президенттин маалымат кызматынан жетекчиси Алмас Турдумаматов болсо оппозициячыл саясатчылардын коюп жаткан дооматтарында негиз жоктугун, бул окуянын чоо-жайын тергеп-иликтөө иштерин тездетүүнү президент Курманбек Бакиев тиешелүү органдарга тапшыргандыгын билдирди.

Ал эми Медет Садыркуловдун иниси Болот Садыркулов ушул сааттарда экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышкандыгын, бул окуя авто кырсыкка таптакыр окшобой тургандыгын айтты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул автокырсыктан Медет Садыркулов жабыркады деп так айтууга болбостугун, экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча ар кандай божомолдорду айтуу мүмкүн эместигин, азыр бул окуя боюнча бардык тиешелүү кызматтар иштеп жатышканын билдиришти.

-Президент Курманбек Бакиев бул ишти өз көзөмөлүнө алды. Мындан сырткары мурда жүргүзүлүп жаткан соттук-медициналык, соттук-өрттүк техникалык, авто техникалык экспертизалардын бардыгы учурда жүргүзүлүп жатат. Ар бир нерсе майда-чүйдөсүнө чейин текшерилип, иликтенип жатат. Бирок бүгүн же эртең бүтөт деп айта албаймын. Бирок бул ишти тез арада бүтүргүлө деп тапшырма берилгени чындык, -деди ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов.

Кандуу окуя болгон Аламүдүн капчыгайынын оозу.
Жол кырсыгынан өрттөнүп кеткен адамдардын бири Медет Садыркулов экен деген божомолдорго Чүй облусунун Сайлык айылынын тургундары дагы нааразы болуп жатышканын «Ата Мекен» партиясынын Чүй облусундагы төрагасы Туратбек Мадылбеков эл менен болгон жолугушуудан кийин билдирди.

-Бул окуяны угушкан элдин нааразылыгы абдан күч. Медет Садыркулов буга чейин президентке абдан берилип кызмат кылганын белгилешип, ушундай адамды жок кылып жаткандан кийин, жөнөкөй элдин укугун коргоо тууралуу кеп кылбай коюш керек деп жатышат. Муну карапайым эл деле «заказ» менен жок кылуу катары баалап, азыркы бийликке ишенбестиктерин билдиришүүдө, -деди Туратбек Мадылбеков.

Саламаттык сактоо министринин орун абсары Мадамин Каратаев болсо жол кырсыгынан өрттөнгөн адамдардын сөөктөрүн жакын туугандары ДНК экспертизадан өткөрүү боюнча кечээ кечинде алып кетишкенин билдирди.

«Ак жол» фракциясынын жетекчиси Улугбек Ормонов дагы Медет Садыркуловду курман болду деп айтууга болбостугун, экспертизанын кандайдыр бир жыйынтыгы чыккандан кийин бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин Коопсуздук, коргонуу жана адам укуктары боюнча комитетте дүйшөмбү күнү каралып, андан соң парламент отурумуна алып чыгышарын айтты.

XS
SM
MD
LG