Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Саакашвили-оппозиция: мунаса мүмкүн эмес


Грузия-- Саясий оппозицияны колдогон жаштар бүгүнкү жыйындарга ушундай плакаттар менен чыкканы жатышат.
Грузия-- Саясий оппозицияны колдогон жаштар бүгүнкү жыйындарга ушундай плакаттар менен чыкканы жатышат.

Тбилисиде бүгүн жалпы улуттук митинг башталат. Оппозициянын лидерлери демонстрациялар президент Михаил Саакашвили кызматтан кеткенге чейин улантыларын жана бийлик менен эч кандай мунаса болбой турганын айтып жатышат.

Нааразылык митингдерин оппозиция атайы 9-апрелге белгилеген.Мындан 20 жыл мурда дал ушул күнү совет аскерлери Тбилисиде көз карандысыздык талап кылган аламан жыйынды күчкө салып баскан, ондогон адамдар набыт болгон.

Быйылкы апрел жыйыны бир гана маселени чечкени – президент Саакашвилинин кызматтан кетишине жетишүү максатында уюштурулуп жатат.

"Мен айткым келет: бул улут үчүн акыркы сынак болот. Мындан жыйырма жылдагыдай эле бул ирет да артка жол жок",-деп билдирди мурдагы тышкы иштер министри Саломе Зурабишвили.

Зурабишвили президент кызматтан кетмейинче демонстранттар да аянттан кетпей турганын билдирди. Оппозиция өлкөнүн бардык булуң-бурчунан бери эле дегенде 150 миң киши келет деп эсеп кылат. Өкмөт тараптагылар болсо Тбилисиге ушунча сандагы адамдын чогулушу күмөн дешет.

Өлкөдө Саакашвилиге нааразы болгондор катмары былтыр августтагы согуштан кийин абдан эле калыңдап кетти. Уруштун жоопкерчилигин оппозиция толугу менен президентке жүктөп, буга кошо аны кызмат абалын кыянат пайдаланып жатканы, адам укуктарын басмырлаганы, авторитардык бийлик орноткону, эң башкысы – экономиканын жиңкинин курутуп салганы үчүн айыптады.

Оппозициялык лидерлердин дээрлик баары, алардын ичинде парламенттин экс-спикери Нино Буржанадзе бийликтер менен мунаса табуу мүмкүнчүлүгүн карманча четке кагышты.

"Эгер сүйлөшсөк бир эле нерсени – Саакашвилинин кызматтан түшүшүн гана талкуулайбыз, өкмөт менен башка сүйлөшө турган маселебиз жок",- деп айтты журналисттерге оппозициялык лидерлердин бири Леван Гечачиладзе.

Ошол эле учурда Грузиянын Улуттар Уюмундагы мурдагы элчиси,коалициялык алянс кыймылынын лидери Ираклий Аласания сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан туура эместигин, болгону бийлик кандай шарттарга макул болот, кеп ушунда турганын кошумчалады.

Саакашвили өткөн жумада оппозицияны сүйлөшүүлөргө тартуу үчүн бир нече арачыларды ортого салды. Атүгүл Тбилисинин шаар башчысын мөөнөтүнөн эрте элге салып шайлоону, дагы башка кадамдарды сунуш кылды. Бирок аракеттерден нап чыкпады.

Оппозиция өкүлдөрү 2007-жылдын ноябрындагыдай кылып бийликтер күч колдонушу мүмкүн экенин эскертип, өз тарапкерлерин ар кандай тукуруктан сак жана оолак болууга чакырышты.Саакашвилинин башкаруучу партиясындагы депутат Чиора Тактакишвили ырастагандай, өкмөт өтө абайлап иш кылат, коомдук тартип катуу бузулганда гана мыйзамдуу чараларды көрөт.

Көз карандысыз эксперттердин бири Мамука Арешидзе өлкө алсыз болуп баратканын, аны бүлүнткөнгө кызыкдар күчтөр табыларын айтып, бүгүнкү демонстрацияларды чет элдерде, алардын ичинде Россияда жашаган бай грузиндер өз кызыкчылыгына пайдаланып кетиши да ыктымал деп чочулайт.

XS
SM
MD
LG