Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Кызыл-Кыяда Т. Сариевдин эл менен жолугушуусуна тоскоолдук болду


“Ак шумкар” партиясынан президенттикке талапкер Темир Сариевдин бүгүн Кызыл-Кыя шаарында шайлоочулар менен жолугушуусуна жергиликтүү бийлик тоскоолдук кылды. Аталган партиянын маалымдашынча, мындай тоскоолдуктарга карабай жолугушууга үч жүздөй адам келген. Бирок чогулгандарга маалымдамалар таратылып жатканда укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларды камерага тарта башташкан. Мындай аракеттерден жыйналган элдин үрөйү учуп, көпчүлүгү качып кетүүгө аргасыз болгон. Келгендердин арасында чагымчылар партиянын операторунун камерасын сындырууга аракет жасашкан. “Ак шумкар” партиясы мындай аракеттерди баш-аламандыкты атайлап уюштурууга далалат жасоо, үгүт жолугушууга бут тосуу, деп сыпаттады. Азыр Темир Сариев шайлоочулар менен жолугушуу үчүн Ош шаарына келди. (EBM)

XS
SM
MD
LG