Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Визасыз эмгек мигранттарын каттоо күчөтүлөт


Жогорку Кеңештин «Ак Жол» депутаттык фракциясынын кезектеги жыйынында КР Өкмөтү демилгечи болгон “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү тууралу” мыйзамдын долбоору каралып, ал маселе боюнча КР Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев баяндама жасады.

Баяндамачынын берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору Кыргызстан аймагына келип иштеген эмгек мигранттарын легалдаштыруу, алардын ички абалга тийгизген таасирин жөнгө салуу максатында иштелип чыгып, аларды каттоого алууну күчөтүүгө багытталган. Ошондуктан «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» мыйзамдын 15- жана 32-беренесине түзөтүүлөр киргизилип жатат.

“Сырттан келип легалдуу эмес иштеп жаткан чет өлкөлүк мигранттар Кыргызстандын визасын алууга анчалык деле кызыгышпайт. Бөтөнчө, мурда соттолгондор менен укук коргоо органдарынан качып жүргөн адамдар өлкө ичиндеги кылмыш топторунун катарын толуктап жаткан фактылар да бар. Айрыкча, диний экстремисттик топтордун мүчөлөрү көп келүүдө. Ал мамлекеттин ички коопсуздугуна коркунуч туудурат”,-деди министр Конгантиев.

Вице-спикер Кубанычбек Исабеков баштаган бир катар депутаттар мыйзамды колдой тургандыктарын билдирүү менен бирге, бул чараларды Чегара кызматы Миграция комитети сындуу тишелүү мамлекеттик мекемелер менен бирдикте ишке ашыруу сунушун киргизишти. Мыйзам долбоору бир добуштан колдоого алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG