Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Гуантанамо туткуну мекенине кайтуудан баш тартты


Гуантанамо туткунундагы Умар Абдуллаев
Гуантанамо туткунундагы Умар Абдуллаев

АКШнын Гуантанамо базасындагы абакта камалып отурган тажикстандык Умар Абдуллаев ал жерден бошонуп, мекенине баруудан баш тартты. Абдуллаевдин “Тажикстанга кайтып баргандан көрө Гуантанамодогу абакта отура бергеним оң” деп айтканын анын адвокаты билдирди.

АКШ бийликтери президент Барак Обама белгилеген мөөнөт - 22-январга дейре Кубанын Гуантанамо аралындагы согуштук абакты жаап үлгүрө албай калаарын айтышууда. Анын убагында жабылбай калганына тажикстандык Умар Абдуллаевдин, маселен, эч кандай капачылыгы жок. Ал Гуантанамодо 8 жылдан бери камалып отурат.

Ал эмне үчүн эртерээк бошонуп, үйүнө кайтып баргысы келбей атканын Абдуллаевдин адвокаты Мэтью О’Хара Вашингтондон телефон аркылуу бизге айтып берди.

- Умар Гуантанамодогу абакта отурганда Тажикстандын аскердик тыңчылары жана ички иштер министрлиги тараптан коркутуп-үркүтүүлөр болгон экен, бул жакка кайтып келээр замат түрмөгө түшөсүң, көргүлүктү көрөсүң, жаның көзүңө көрүнөт дешкен экен. Кайтып барсам чын эле ошондой болот деп коркуп атат.

Өмүрүнүн коопсуздугунан чочулаган Умар андан көрө абакта эле тынч отура бергеним оң деп жалынып-жалбарганын анын адвокаты маалымдады.

- Ал мени менен жолуккан сайын албетте, боштондукка чыккым келет, бирок Тажикстанга баргандан ушунчалык корком, андан көрө Гуантанамодогу абакта отура бергеним оң деп кайра-кайра суранууда.

1991-жылы АКШ жетектеген антитеррордук коалиция Ооганстан менен Пакистанда аскердик операциялар баштагандан бери ал жакта 11 тажик жараны кармалып, Гуантанамо базасындагы абакка отургузулган. Умар Абдуллаев – ал жерде калган акыркы тажик туткуну.

Ал ата-энеси, бир туугандары менен 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда жансактай Ооганстан тарапка өтүп кетет. Атасы 1994-жылы кайра Тажикстанга кайтып келатып, чек арада атылган октон көз жумган. Ооганстанда талиптерге каршы согуш күч алганда, Умардын туугандары Пакистанга башпаанек издеп барышкан.

Дал ошол жакта, 2001-жылдын ноябрь айында 22 жаштагы Умар АКШ аскерлери тарабынан туткундалып, Гуантанамого жеткирилген бойдон камалып отурат.

Адвокат О’Хара ошондон бери Умар Абуллаев туугандары менен байланыша албай, аларды издөө аракетинен майнап чыкпаганын айтат.

- Пакистанда 2001-жылы кармалгандан бери ал апасы, бир туугандары менен байланыша алган эмес. Биз да аларды издеп таба албай койдук. Тажикстан, Пакистан, Ооганстанда издеп көрдүк, дайындары чыкпады.

Умар Абдуллаев жана анын адвокаты буга чейин Гуантанамодон бошотулуп, Тажикстанга кайтып барган эки адам мекенинде дароо камакка алынып, узак жылдарга түрмөгө кесилгенин угушкан. Адвокат О’Хара ушу тапта америкалык укук коргоо уюмдарына кайрылып, тажикстандык акыркы туткун мурункулардын тагдырын кайталап калбашына колдон келген жардамын көрсөтүүгө үндөп чуркап жүргөн чак.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG