Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Обаманын "жаңы стратегиясы"


1-декабрдын түнүндө АКШ президенти Ооган согушундагы жаңы стратегиясын жарыялайт. Барак Обама өз планын оболу НАТОлук союздаштарына тааныштырды.

АКШ президенти бул планын андан соң гана Конгресстин көрүнүктүү мүчөлөрүнө тааныштырды. Жаңы планга ылайык, Ооганстанга кошумча дагы америкалык 30 миң аскер жөнөтүлөрү айтылууда.

Обама Ооган согушунун жаңы стратегиясын Кошмо Штаттардын Вест Пойнттогу Аскерий академиясында жарыялайт. Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббстин билдиришинче, Обама жекшемби күнү Мамкатчы Хиллари Клинтон, Коргоо министри Роберт Гэйтс, Улуттук коопсуздук боюнча масилээтчи Жэймс Жонс менен чогуу жаңы стратегияны соңку ирет талкуулаган. Барак Обама дүйшөмбү күнү өз планы менен Дания, Россия, Британия, Франция, Ооганстан, Пакистан, Германия, Польша, Кытай жана Индиянын жетекчилерин тааныштырган. АКШ президенти Конгресстин таасирлүү мүчөлөрүн жаңы стратегия менен шейшемби күнү бешимден кийин тааныштырат.

Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббс.
Чет өлкөлөрдүн лидерлери эмне үчүн биринчи маалымдалганын Гиббс мындай түшүндүрдү:

-Ооганстандагы эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрү(ISAF) - бул Кошмо Штаттардан чоң, баалуу жардам алып жаткан эл аралык субъект. Франция, Германия, Дания жана башка өлкөлөр береги миссиянын маанилүү өнөктөштөрү болгондуктан, президент алар менен сүйлөштү.

Гиббстин айтымында, Обама Конгресстин мүчөлөрүнө четөлкөлүк өнөктөштөрү сыяктуу эле маалымат берет.

Азыр Ооганстанда АКШнын 71 миң аскери жана НАТОлук жана башка союздаштардын 36 миң аскери бар. Британ премьер-министри Гордон Браун анын өлкөсү Ооганстанга дагы 500 кол жиберерин тастыктады. Натыйжада, Ооган жериндеги Британ аскерлеринин саны 10 миңге чыгат.

Президент Обама, Гиббстин билдиришинче, Ооганстандагы жаңы стратегияга байланыштуу сөзүндө Пакистанга өзгөчө маани берет:

-Президенттин сөзүнүн олуттуу бөлүгү биздин Пакистан менен болгон мамилени талкууга алат жана экстремизм коркунучуна каршы чогуу күрөшүү үчүн азыркы администрациянын чү дегенден Пакистан менен болгон дипломаттык мамилени жаңы нукка салганын эскерте кетем. Менин оюмча, өз ара мамилебиз өтө бекем: өз ара мамилелердин жана дипломатиянын натыйжасында биздин чатакты басуудагы аракеттерибиз да күчтүү болууда.

Бир жылдары Пакистан өкмөтү талиптер менен тыкыс байланышта болгон. Учурда ырасмий Исламабаддын президент Карзай башындагы Ооган өкмөтү менен мамилеси көп деле жакшы эмес.

Гиббс Вашингтон Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн узак мөөнөт өлкөдө калышын жактабай турганын да эскертти:

- Бул аягы жок милдеттенме эмес. Биз Оогандар менен өлкөнүн коопсуздук күчтөрүн - Ооган армиясы жана полициясын машыктырууга көмөктөшө турганыбызды Обама өз сөзүндө айтат. Алар өлкө коопсуздугун камсыздап, эл колдобогон козголоңчуларга каршы согушкандай болот. Бул АКШнын эң башкы вазийпасы.

Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббстин билдиришинче, Барак Обама Ооган президенти менен телефон аркылуу баарлашканда, коррупцияга каршы күрөшүүдө жана башкарууну жакшыртууда Хамид Карзайдын алдында чети көрүнбөгөн иштер жатканына көңүл бурган.

XS
SM
MD
LG