Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Обамага Нобел сыйлыгы тапшырылды


Осло -- Президент Барак Обама Нобел тынчтык сыйлыгын алган соң сөз сүйлөп жатат.
Осло -- Президент Барак Обама Нобел тынчтык сыйлыгын алган соң сөз сүйлөп жатат.

Норвегиянын борбору Ослодо АКШ президенти Барак Обамага Нобел тынчтык сыйлыгы тапшырылды. Салтанаттагы сөзүндө Обама Нобел комитетинин чечимин жогору баалап, дүйнөлүк куралсыздануу ишин улантканга убада берди. Башка тармактар боюнча быйылкы жылдын лауреаттарына сыйлыктар Швециянын борбору Стокголмда тапшырылат.


Эмне үчүн Обама?

Нобел комитетинин чечиминде Барак Обамага бул сыйлык "дүйнө элдеринин кызматташтыгын чыңдоо ишиндеги жана атомдук куралдарды кыскартуу боюнча күрөштөгү көрүнүктүү күч-аракеттери үчүн" ыйгарылганы айтылат. Комитеттин төрагасы Турберн Йагланд салтанаттын ачылышындагы сөзүндө муну дагы бир ирет негиздеп берди.

"Маселе бу жерде жөнөкөй эле: дүйнөдөгү тынчтык үчүн өткөн жылы ким көп иш кылды? Эгер маселе Алфред Нобелдин шарттарына ылайык каралса,анда мунун жообу да жөпжөнөкөй табылат. Мындай адам АКШ президенти Барак Обама болду. Дүйнөлүк саясатта Обамадай үстөм абалга жетишкен же өтө кыска мезгил аралыгында Обамадай ушунчалык көп жана олуттуу өзгөрүүлөрдү баштаган учур өтө сейрек кезигет", -деп көрсөттү Нобел комитетинин төрагасы.

Жооп кайтарган сөзүндө Обама Нобел комитетине ыраазылык билдирип, дүйнө мындан ары ядролук эки державанын ортосунда от чыгып кетеби деген ойдон селт этип чочубай, бейкам жатса болоруна ишендирди. Ошол эле учурда массалык кыргын куралдарын жайылтуу дүйнөлүк алааматтын коркунучун күчөтүп жатканын да эскертти.

"Дүйнө кандай болсо,мен ага ошондой карайм жана америка элине коркунуч туулуп турганда камырбай карап тура албайм, -деп көрсөттү ал өзүнүн Нобел лекциясында. - Каталык кетиргенге акыбыз жок: дүйнөдө балакет жок боло элек. Каршылык көрсөтпөө кыймылы Гитлердин армиясын токтотуп калалган эмес. Сүйлөшүүлөр "Ал-Каида" лидеринин куралдарын таштаганга ийите алган жок. Андыктан кээде акыл-эстин чегинде аскерий күч колдонуу зарыл болот",- деп айтты Обама.

Ала-кула пикирлер

Барак Обама быйыл октябрда Нобел комитетинин чечимин укканда көпкө ойлонуп отуруп, абройлуу бул сыйлыкка абдан толкундаганын айтып, бирок өзүн азырынча ага татыктуу деп эсептебей турганын да агынан жарылып моюнга алган эле.
Жакында өткөрүлгөн иликтөө көрсөткөндөй, америкалыктардын 66 проценти мамлекет башчылыгына жаңы эле келген Обаманы Нобел сыйлыгын алганга арзыйбайт деп эсептешет экен.

Мындай көз караштагылар Ослодогу тургундар арасында деле аз эмес. "Менимче, ал бул сыйлыкка арзыгыдай иш жасай элек. Болгону Ооганстанга жана Иракка аскерлерди жиберди, мындай иш Нобел сыйлыгына татыктуу болбосо керек",- деп эсептейт жергиликтүү аялдардын бири.

Ошол эле учурда Нобел комитетинин чечимин туура көргөндөрү да көп. "Менимче, бу жакшы эле болду, анткени тынчтык сыйлыгын Обама өнүгүү иштерине таасир көрсөтүү үчүн активдүү пайдаланат",- деп айтты жергиликтүү ишкерлердин бири Тере Йонсен.

"Нобел тынчтык сыйлыгын алганы жакшы деп ойлойм, ал согушуп жаткан президент,бирок бул сыйлык аны Ооганстанда абалды жакшыртып, буга кошо тынчтыкты сактаганга милдеттендирет", -деп ишенет студент Анна Элиссон.

Сыйлык мурат эмес

Норвегиянын премьер-министри Йенс Столтенберг менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Обама бул сыйлыкка ага караганда көбүрөөк татыктуу адамдар көп экенинен түк күмөн санабай турганын кайрадан бекемдеди. "Мен бу жерде өз милдетимди Америка үчүн эле эмес, дүйнөдө бекем тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн да маанилүү делинген жолду улантуудан гана көрөм",- деп көрсөттү Обама.

Обама "популярдуу болууну же Нобел сыйлыгы өңдүү урматка жетишүүнү эмес, АКШнын кызыкчылыктарын коргоп, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп, дүйнөдөгү жакшы иштерди илгерилетүү үчүн аракеттерди көрүүнү" өзүнүн башкы максат-мураты деп эсептейт. Дүйнө жүзүндөгү чалкеш проблемалардын ичинен ал глобалдык коопсуздукту чыңдоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү, Ооганстандагы абалды жөнгө салууну бөлүп атады.

Осло өкмөтүнүн премьери Столтенберг алдыдагы төрт жылда Норвегия ооган улуттук армиясын жана полициясын тикелөө ишине 110 миллион доллар өлчөмүндө финансылык салым кошо турганын ырастады.

Барак Обамага арналган салтанат менен "Нобел аптасы" башталды. Башка тармактар боюнча лауреаттарга Нобел сыйлыгы Стокголмда тапшырылат.

XS
SM
MD
LG